123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 04.12.2019

Нарын облусу "Кийизчилердин мекени" деген макам алды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши Нарын облусуна "Кийизчилердин мекени" деген наам ыйгарды. Бул тууралуу расмий кат 4-декабрда келгенин кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча адис, Азия жана Тынч океан аймагынын мурдагы вице-президенти Динара Чочунбаева билдирди. Маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн да тастыкташты. Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин башкы кеңсеси Лондондо, Азия жана Тынч океан аймагынын кеңсеси Кувейтте жайгашкан. (MiK)

ЭлТР "Азаттык" радиосунун иликтөөсүн эфирге чыгаруудан баш тартты

Azattyk.org 

ЭлТР телеканалы "Азаттык" радиосунун "Көмүскө акча ташыгандар кербени" аттуу жаңы иликтөөсүн эфирге чыгаруудан 4-декабрда баш тартты. Телеканалдын жетекчиси Айбек Мусаев мындай жүйө келтирди: "Бүт баары расмий, бир тараптуу жасалган. Монолог. Алып баруучунун гана монологу. Азыр тергөө жүрүп жатат, ошондуктан биз муну бере албайбыз. Бул менин жеке пикирим. Бизде жамааттык форма бар. Ошол карап, бир тараптуу деп тапты. Силер жибергенден баштап карады". "Азаттык" 29 мүнөт 53 секундалык иликтөөнү телеканалга 4-декабрда 17:54дө жиберген. Читать дальше...



Роза Отунбаева айылдыктардын дарегине сын айтпаганын билдирди

Azattyk.org 

Экс-президент Роза Отунбаева дарегине айтылып жаткан сындарга жооп берип, айылдыктарды басмырлабаганын билдирди. 4-декабрда BBC радиосунун кыргыз кызматына берген маегинде ушул өңүттөгү суроого мындай жооп берди: - Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин көтөрдүм. Бул маселе бүт дүйнөдөгү талуу маселелердин бири. Кыргызстандыктардын 65 пайыздан ашууну айыл калкы. Азыркы учурда Жер планетасы дегенибиз топтой эле болуп калды. Ушундай заманда биз өзгөрүшүбүз керек, динамика керек деп айттым. Мен эч кандай эмоцияга алдырган жокмун. Читать дальше...

Германия Хангошвилинин өлүмү боюнча эки орус диломатын өлкөдөн чыгарды

Azattyk.org 

Немис бийлиги Берлинде киши колдуу болгон чечен тектүү грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин ишине байланыштуу Орусиянын Германиядагы элчилигинин эки кызматкерин "нон грат персоналары" деп атап, өлкөдөн чыгарды. Мунун алдында өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул кылмыш ишти тергей баштаганын билдирген жана ага Москванын тиешеси бар экенин айткан. Кремль буга байланыштуу азырынча үн ката элек. Берлиндин Моабит районунда быйыл 23-августта 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилини атып кетишкен. Читать дальше...

Шыкмаматов: Айыл жери үчүн күйгөн Отунбаева элет элин кемсинтейин деген эмес

Azattyk.org 

Элет жери үчүн күйгөн экс-президент Роза Отунбаева айылдыктарды кемсинтейин деп эч убакта ойлобойт. Мындай пикирин бүгүн «Азаттык» радиосунун суроосуна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. «Роза Исаковнанын айтканы боюнча коомчулуктун реакциясын көрүп алып зээним кейиди. Ал жыйында мен да бар болчумун. Айткандарынын жалпы контекстинен бир сөздү сууруп алып, жамандап жаткандарга таң калам” деди Шыкмаматов. Ошону менен катар ал “Ар бир айкөл... Читать дальше...

АКШда «Уйгур актысы» кабыл алынды

Azattyk.org 

АКШнын Өкүлдөр Палатасы 3-декабрда Кытайдын Шинжаң аймагындагы адам укуктарынын бузулушуна жана ислам динин тутунган аз улуттарга карата репрессиясына байланыштуу мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды.



5-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

5-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16; Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16; Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9; Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -11…-16 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Алматыда жасалма сот болуп иштеген аял кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында прокуратура жалган судья болуп иштеген аял аныкталганын билдирди. Ага ылайык, бул айлакер айым «Адилет» эл аралык арбитраждык соту деген бирикме түзүп алып, бир катар административдик, жарандык жана кылмыш иштерин карап, Казакстан Республикасынын атынан өкүмдөрдү чыгарган. Шаардык прокуратура тараткан маалыматты «мыйзамсыз соттук актылар менен ал жарандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыраткан, айып пул салган жана тергөө абагынан бошотууга аракет кылган» деп айтылат. Прокурорлор айлакер аял кантип аныкталганы... Читать дальше...

ИИМ киши колдуу болгон эки адамдын Саймаитиге байланышын четке какпайт (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) октябрда киши колдуу болгон уйгур улутундагы эки адамдын Айеркен Саймаити менен байланышы болгон деген версияны четке какпайт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында министрдин орун басары Памирбек Асанов билдирди.  - Байланышы барбы же жокпу, аны четке какпайбыз. Бүгүнкү күндө бул биздин версияларыбыздын бири, - деди ал. Асанов Түркиянын тийиштүү органдары менен да иш жүргүзүлүп жатканын айтып, «биз фактыга гана негиздеп иштейбиз» деп кошумчалады. Читать дальше...

Якутиянын Жогорку соту бакшы Габышевдин өтүнүчүн четке какты

Azattyk.org 

Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасынын Жогорку соту бакшы Александр Габышевге козголгон кылмыш ишин негизсиз деп табуу тууралуу анын адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу «Сибирь.Реалии» сайтына «Ачык Орусия» кыймылынын координатору Валентина Дехтяренко билдирди. Коомчулукка «Путинди бийликтен кетиргиси келген бакшы» катары таанылган Габышев мындан эки ай мурун тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен «акыл-эси ордунда эмес» деп табылган. Читать дальше...

Францияда жөөттөрдүн бейиттерин булгап кетишти

Azattyk.org 

Франциянын түндүк-чыгышындагы Элзас провинциясында жөөттөрдүн ондогон мүрзөлөрүнө белгисиз адамдар свастика тартып, антисемиттик жазууларды жазып кетишти. Өлкөнүн ички иштер министри Кристоф Кастанер муну «республиканын баалуулугун мазактаоо» деп атады жана полиция күнөөлүүлөрдү табууга болгон аракетин жумшайт деп ишендирүүгө аракет кылды.  Ушул жылдын 19-февралында, антисемитизмге каршы жалпы улуттук акциянын алдында Элзастагы дагы бир жөөт көрүстөнү булганган. Анда белгисиз адамдар 80 бейитке нацисттик белги тартып кетишкен. Читать дальше...

Өкүлдөр Палатасы уйгурларды колдогон мыйзам долбоорун жактырды

Azattyk.org 

АКШда Өкүлдөр Палатасы 3-декабрда Кытайдагы мусулман азчылыгынын таламын талашкан мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Бул документте уйгурларды ар тараптан кысмактаган саясатына байланыштуу Бээжинге басым-кысым көрсөтүүчү чаралар жазылган.  Мындан үч айдай мурда АКШнын Сенаты Кытайдагы уйгурларга байланыштуу мындан жумшагыраак чаралар каралган мыйзам долбоорун кабыл алган.  Ак үйдүн бул мыйзам долбоорлору боюнча пикири азырынча белгисиз. Бээжин документти «Кытайга карата кара... Читать дальше...

Калиев ЖЭБ боюнча соттогу айыптоону кылмыш деп атады

Azattyk.org 

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук ишти кароо уланып жатат. Жараянда айыпталуучулардын бири, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жарыш сөзгө чыкты. Ал тергөөнүн жана мамлекеттик айыптоонун ага койгон бардык айыптарын четке кагып, шек саналгандарга сот өкүмү чыга электе эле коомчулукка кылмышкер кылып көрсөтүү аракети болуп жатканын айтты. - Бизди кылмышкер кылып көрсөтүп, элдин башын айлантышты. Читать дальше...

Роухани митингдерде «күнөөсүз» кармалгандарды бошотууга чакырды

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хассан Роухани бийликке каршы нааразылык акцияларында «бейкүнөө» камакка алынгандарды коё берүүгө чакырды. Ал 4-декабрдагы телекайрылууда «баалардын көтөрүлгөнүнө нааразы болуп көчөгө чыккан, курал көтөрбөгөн, күнөөсү жок адамдарга ырайым кылыш керек» деп айтты. Ал ошондой эле нааразылык акцияларында жабыркаган, мүлкүнөн ажыраган жарандар боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирди. Мунун алдында «Эл аралык мунапыс» уюму Ирандагы соңку тоз-тополоңдо 200дөн ашык адам ажал тапканын кабарлаган. Читать дальше...

УКМК Талантбек Исаевге карата сотко чейинки өндүрүшүн токтотту

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башчысы Талантбек Исаевге карата жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, буга Ички иштер министрлигинен келген жооп негиз болду.  - Анда Исаев үстөк пайызсыз насыя алууда мыйзам бузбаганы, себеби «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамда ишкердикке байланышпаган... Читать дальше...


Музыкальные новости
Ольга Бузова

Ольга Бузова стала человеком-невидимкой на ТВ-3 в новом сезоне легендарного шоу о звёздах





Персональные новости
Владимир Путин

Тема дня: Путин поручил комиссии по НТР представить перечень приоритетных направлений





Бажы кызматы журналисттик иликтөөдө айтылгандарга жооп берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө боюнча комментарий берди. Мекеменин басма сөз кызматы 4-декабрда тараткан билдирүүдө «ЕАЭБдин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык, бажы декларациясы Биримдиктин бажы аймагына киргенде же чыкканда акча каражатынын же жол чектеринин жалпы суммасы 10 миң доллардан ашкан учурда жазылары» айтылды. Бажы кызматы иликтөөдө мурдагы бажы кызматкери Самат Исабековдун «Биз «Манас» аэропорту аркылуу акча ташыларын дайыма көрчүбүз. Читать дальше...

Өкүлдөр Палатасы: Трампты айыптаган баяндама жарыяланды

Azattyk.org 

АКШда демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр Палатасында президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында иликтөө жүргүзгөн комитеттер 3-декабрда баяндама жарыялашты. Анда "Трамп кызмат абалынан пайдаланган, украин бийлигине басым кылган, Конгресстеги импичментке байланыштуу иликтөөгө тоскоолдук кылган" деген корутунду жазылган. Эми бул отчет Өкүлдөр Палатасынын Юридикалык комитетине жөнөтүлөт, ал жакта да коомдук талкуулар өткөндөн кийин комитеттин корутундусу палатада каралмакчы. Бирок импичмент... Читать дальше...

Пекин: Европанын алты өлкөсүнүн Инстекске кошулуусун колдойбуз

Ca-irnews.com (kg) 

Кытайдын  тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Пекин Европанын алты өлкөсүнүн Инстекске кошулуу ниетин колдоорун жана Европадан башка өлкөлөр дагы Иран менен кызматташарына үмүт артарын билдирди.

Аббас Аракчи: Тегерандын өзөктүк келишимден чыгуу ниети жок

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги менен болгон жолугушуусунда Тегерандын өзөктүк келишимден чыгуу ниети жок экенин билдирди.

Түркмөн президенти жыйындан кууп чыккан министр соттолду

Azattyk.org 

Түркмөнстанда мурдагы ички иштер министри Исгендер Муликов соттолду. Мамлекеттик «Ватан» телеканалы 3-декабрда колуна кишен салынган, чачы такырайта алынган экс-министр «арам жолго түшүп кеткенин, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ири суммадагы пара алып, үйлөрдү ээлеп алганын, күнөөлүү экенин кабарлап, анын жер карап кечирим сурап жатканын көрсөттү. Телеканал Муликов канча жылга соттолгонун тактаган жок. «Ватан» телеканалында башкы прокурор Батыр Атдаев экс-министрдин мүлкүнүн баары мамлекетке чегерилгенин айтты. Читать дальше...

Ооганстан: жапон кайрымдуулук уюмунун кызматкерлерине кол салуу болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Нангархар провинциясындагы Жалал-Абад шаарында 4-декабрда таң эрте «Peace Japan Medical Services» аттуу жапониялык өкмөттүк эмес уюмдун кызматкерлеринин автоунаасына кол салуу болду. Анда беш адам ажал таап, аталган уюмдун башчысы Тетсу Накамура оор жараат алды. Өлгөндөрдүн арасында дарыгердин жансакчысы менен унаанын айдоочусу бар. Бул кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Тетсу Накамура бир топ жылдан бери бул аймакта кайрымдуулук менен алектенет жана карапайым ооган тургундарына ар кыл багытта жардам көрсөтүп келет. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Александрова обыграла первую ракетку мира на турнире WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Энергетические поля компенсируют растущие потребности в электроэнергии





Путин в России и мире
Москва

Мособлдума выступила за присвоение Красноармейску высокого звания


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

«С какой целью вы пришли почтить память? Он вам родственник?» В Москве осудили девушку, которая пришла возложить цветы в память о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Брановицкий

Консультации, Составление Договоров, Присутствие Продюсера при заключении договоров и переговорах. Лекции. Переговоры. Встречи и Обсуждения.



Москва

Судья соревнований в Crocus Expo подала в суд из-за травли после теракта

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net