Duplo Digital Range from Ashgate
1,735 просмотров всего, 910 просмотров сегодня
1,735 просмотров всего, 910 просмотров сегодня
Сирияга жана Иракка кетип калган кыргызстандык кыз-келиндер менен балдарды мекенине алып келүү кечеңдеп жатат. Алардын ата-энелери жана туугандары өкмөткө үмүт артууда.
10-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-отурумун өткөрүп жатып, соттук реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, бирок кемчиликтер көп экендигин белгиледи.
Улуттук Гвардиянын 10127-аскер бөлүгүндөгү китеп окуу бөлмөсү "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында жүздөй китеп менен толукталды. Китептерди салтанаттуу тапшыруу иш-чарасы 12-декабрдагы Адабият күнүн жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай “Китепкөй Кыргызстан” жумалыгынын алкагында уюштурулду.
9-декабрда Сооронбай Жээнбеков президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-отурумун өткөрүп жатып, соттук реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, бирок кемчиликтер көп экенин белгиледи.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоп, азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кат жазган милиция ардагерлерине Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңеши жооп кайтарды. Министрликтин расмий сайтына жарыяланган кайрылууда милиция саясатка аралашпай, коомдук тартипти коргоп, кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен гана алектениши керек экендиги айтылат. Бүгүн, 10-декабрда Атамбаевди колдогон 21 адамдын колу коюлган кат президент Жээнбековго жиберилгени маалымдалган. Анын авторлору өзүлөрүн... Читать дальше...
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинен эч кандай талкуусуз эле колдоо тапты. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында комиссиянын иши боюнча бир да депутат суроо берген жок.
Россия президенти Владимир Путин Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) чечими тууралуу оюн билдирип, соттук териштирүүлөр болорун айтты.
Орусия менен Украина ушул жылдын аягына чейин Донбасстагы атышууну токтотууну жана бардык туткундарды алмашууну макулдашты. Мьянма Гаага сотунда жооп берет. Чехиянын Острава шаарында белгисиз адам ооруканада 6 кишини атып кетти.
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинен эч кандай талкуусуз эле колдоо тапты. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында комиссиянын иши боюнча бир да депутат суроо берген жок.
Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына бул өлкөнүн падышасы Салман бин Абделазиз Ал-Сауддун чакыруусу менен 15-17-декабрда расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн 10-декабрда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Сапардын алкагында кыргыз мамлекетинин башчысы бир катар жолугушууларды өткөрүп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты талкуулайт. Жыйынтыгында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, спорт... Читать дальше...
Жогорку сотто Аида Салянованын лицензия боюнча ишин кароо 12-декабрда уланмай болду. Бүгүн адвокат Рабига Сыдыкова башка сот отурумуна жөнөп жатканына байланыштуу ишти кароону бөлөк күнгө которууну суранды. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. Адвокат өз сөзүндө Салянова лицензиянын мөөнөтүн узартууда кылмыш жасабаганын айтты. Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан... Читать дальше...
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдардын бирин сунуштайбыз. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан баштап токтотулган.
Финляндияда жаңы премьер-министр, 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришти. Ошентип, Марин дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы болуп калды. Жекшембиде анын талапкерлигин башкаруучу коалициядагы негизги партиясы болгон социал-демократтар жактырышкан. Ушул кезге чейин транспорт министри болгон Марин саясатка Тампере университетин аяктай электе эле аралаша баштаган. 2012-жылы ошол шаардын кеңешине кирип, бир жылдан кийин жетектеп калган. 2014-жылы Социал-демократтар партиясында төраганын орун басары... Читать дальше...
WADA Россияны эл аралык спорттук мелдештерге катышуу укугунан төрт жылга чейин ажыратып койду.
Кикбокс боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Авазбек Аманбеков өлкө башчынын көңүлүн олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнө буруу үчүн президентке видеокайрылуу жолдогонун айтты.
Орусияда метродогу жардыруу үчүн айыпталган теги кыргызстандык жана өзбекстандык он бир адамга карата сот өкүмү чыкты. 10-декабрда Экинчи батыш округдук аскер соту чыгарган өкүмгө ылайык, 29 жаштагы Аброр Азимов өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилди. Сот аны теракттын негизги уюштуруучусу деп тапты. Анын агасы, 31 жаштагы Акрам Азимов 28 жылга эркинен ажыратылды. Калгандарына 19 жылдан 28 жылга чейинки абак мөөнөтү чегерилди. 2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жардыруу болгону... Читать дальше...
Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Сирия боюнча үч тараптуу сүйлөшүү жүргүзүш үчүн 10-декабрда Түркиядан, Ирандан жана Орусиядан делегациялар келди. Жыйын эки күнгө созулат жана анда Сириядагы согушту токтотуу маселелери, куралдуу кагылыштан кийинки Конституцияны иштеп чыгуу, саясий системаны алмаштыруу жана качкындар коопсуздугу өңдүү жагдайлар каралат. Бул «Астана жараяны» деген ат менен таанылган сүйлөшүүлөрдүн 14-айлампасы. Алгачкы кездешүү 2017-жылдын башында Түркияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен өткөн. Читать дальше...
«Арай Глобал» аттуу компанияга миңдеген доллар акчасын алдатып жибергенин айткан он чакты адам «Азаттык» радиосуна кайрылды.
АКШнын Мамлекеттик департаменти иммиграциялык эмес виза берүү четке кагылган учурлардын соңку көрсөткүчүн жарыялады. Ал категорияга туристтик жана бизнес сапарлар үчүн визалар кирет. Статистикага ылайык, мурдагы СССРди алганда, АКШ бийлиги эң көп Өзбекстан жарандарына виза бербейт. Тактап айтканда, быйыл элчиликке кайрылгандардын 68,06 пайызы виза ала албай калган. Өткөн жылга караганда бул көрсөткүч 6 пайызга өскөн. Экинчи орунда Кыргызстан турат. Жыл башынан бери арыздардын 67,75 пайызы четке кагылган. Читать дальше...
Жогорку сотто мурдагы юстиция министри Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши жаңы жагдайлар менен каралууда. Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова Салянова адвокаттын лицензиясын узартууда эч кандай мотив, кылмыш болбогонун айтып жатат. Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Читать дальше...
Орусия менен Украина ушул жылдын аягына чейин Донбасстагы атышууну таптакыр токтотууну жана эки тарапта капмалып турган бардык туткундарды алмашууну макулдашты.
Чехиянын Острава шаарында 10-декабрда белгисиз адам оорукананын травматология бөлүмүндө жаткан бир нече кишини атып кетти. Жергиликтүү полиция окуя болгон жерде 4 адам дароо жан бергенин, оор жаракат алган дагы эки киши көп өтпөй үзүлгөнүн маалымдады. Ок аткан 42 жаштагы кишиге издөөгө жарыяланган. Полиция тик учактардын коштоосунда шектүүнү колго түшүрүү операциясын баштаган. Көп узабай тартип сакчылары анын изине түшүп, машинесин курчоого алышканда ал киши өзүн өзү атып өлгөнү маалымдалды. Кылмышка эмне себеп болгону белгисиз. Читать дальше...
Бир жума мурун Интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тарап, алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов ал автоунаанын ээси аныкталып, машинеси айып токтотмого коюлганын айтты: - Жөнөкөй жаран экен. Прокуратурага да, Мамкаттоого да тиешеси жок. Ал номур жасалма, Мамкаттоонун базасында да жокко чыгарылыптыр. Ал айдоочу... Читать дальше...
Американын Казына министрлиги Европалык бир катар жеке жана юридикалык жактарды санкциялардын тизмесине киргизди.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.