Кыргызстанда жаштар арасында бокс боюнча чемпионат башталды
Республикалык чемпионатта Кыргызстандын ар кыл аймагынан келген 124 мушкер күч сынашууда. Финалдык беттештер 30-декабрда өтмөкчү.
Республикалык чемпионатта Кыргызстандын ар кыл аймагынан келген 124 мушкер күч сынашууда. Финалдык беттештер 30-декабрда өтмөкчү.
25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында баш калаада футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралды. Анда Күкүрт кампасынын түштүк жагынан жаңы стадион курууга жер тилкесин берүү демилгеси көтөрүлдү. Футбол академиясын курууга мэрия үч жер тилкесин сунуштап, бирок Футбол федерациясы алар Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айтып, баш тарткан. Бишкек шаардык кеңеши баш калаада Футбол академиясын куруу үчүн жер тилкесин... Читать дальше...
«Азаттыктын» журналисттери жыл бою өлкөнүн коомдук, саясий, маданий турмушун кандай чагылдырды? Кесиптештерибиз көтөрүп чыккан кайсы темалар коомчулуктун назарына көбүрөөк илинди? 2020-жылы кандай максаттарды алдыга коёбуз? Бул чыгарылышта жогорудагы суроолорго жооп издеп, узап бараткан жылга саресеп салдык.
25-декабрда Ирандын бир нече провинциясында мобилдик телефон аркылуу интернет колдонгондор чет өлкөлүк сайттарды ача албай калышты. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, мындай чектөөгө Ирандын коопсуздук тармагын тескеген жетекчилеринин буйругу себеп болду. "ILNA" жаңылыктар агенттиги Ирандын Байланыш министрлигиндеги булакка шилтеме кылып жазгандай, мобилдик интернет өлкөнүн Алборз, Күрдстан, Занжан жана Фарс провинцияларында чектелди. Интернет байланышына мониторинг жүргүзгөн "NetBlock"... Читать дальше...
Рим папасы Франциск Рождествого карата кайрылуусунда качкындар менен мигранттарды коргоду. Ал катаал турмуштун айынан жер которууга аргасыз болгондордун жолун "кайдыгерликтин дубалы" тороп жатканын айтты.
Сооронбай Жээнбековдун президент катары экинчи басма сөз жыйыны үч саатка созулду. Бул жолу өлкө башчынын басма сөз кызматы жыйындын форматын өзгөрткөн. Буга чейин журналисттер микрофонго келип кезекке турса, бул ирет маалымат жыйынынын катышуучуларынын кол көтөргөнүнө жараша президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева сөз берип жатты.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Азаттык» менен маегинде президент Сооронбай Жээнбековдун жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны, бажыдагы коррупция, алдыдагы шайлоо тууралуу суроолорго жооп берди.
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев кез-кезде котормолору менен окурмандарды кубантып турат. Бул жол орустун чыгаан акыны Михаил Лермонтовдун ырларын которгон экен. Окурмандардын сынына койдук. Лермонтовдун ырларын буга чейин кыргыз тилине акын Алыкул Осмонов которгонун эске сала кетели.
Рим папасы Франциск Рождествого карата Ватиканда жасаган жылдык кайрылуусунда качкындар менен мигранттарды коргоду. Ал катаал турмуштун айынан жер которууга аргасыз болгондордун жолун "кайдыгерликтин дубалы" тороп жатканын айтты. "Адилетсиздик аларды көрүстөнгө айланган чөлдөр менен деңиздерди кесип өтүүгө аргасыз кылып жатат", - деди Рим папасы. Мындан тышкары Франциск диний ишениминен улам куугунтукталгандар тууралуу сөз кылып, христиандарга каршы чабуулдар орун алган Африкадагы Буркина-Фасо... Читать дальше...
Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн мэрия сунуштаган жерге макул болгон жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди. Футбол академиясын курууга мэрия үч жер тилкесин сунушталган. Футбол федерациясынын баш катчысы Нурдин Букуев ал жер тилкелери ФИФА берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айтты: - Эл аралык футбол федерациясынын талабына ылайык бизге сунушталып жаткан Кара-Жыгач токойчосуна футбол академиясын куруу туура эмес болот. Читать дальше...
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн 25-декабрда Бишкек мэриясынын алдында пикет өткөрдү. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" өзү кабарлап, Жаңы жылга карата фейерверк уюштурууга каршы экенин айтты. Токтонасыровдун пикиринде, ансыз да борбор калаада аба булганып, онкологиялык оорулуулар көбөйүп жатат: - Канча балдар жатат ооруканада! Ыйлагың келет, жанына чыдап туруу мүмкүн эмес. Эмне үчүн мэрия акчаны сапырат? Активисттин айтымында, анын нааразылык акциясына мэриядан эч ким көңүл бурган жок. Читать дальше...
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов эл аралык жана дүйнөлүк аренада ийгилик жаратуу үчүн спортчулар атайын медициналык препараттарды, тактап айтканда, витаминдерди сөзсүз колдонушу керектигин айтты.
Кытайга баш ийген Гонконгдо Рождествонун алдында миңдеген демонстранттар кайрадан көчөгө чыгышты. Митингчилердин бир бөлүгү соода борборлорун ээлеп алышса, айрымдары туристтер көп жүргөн райондорго топтолушту. Акцияга катышкандардын арасында Санта Клаустун шапкесин жана бугунун мүйүзүн элестеткен баш кийимдерди кийип алгандары болду. Бир катар райондордо митингчилер менен полиция кагылыша кетти. Коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга каршы желим ок жана көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Бирок кадимки куралдан ок атылган жок. Читать дальше...
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан тарта токтогон.
Теңир-Тоодогу Моголстан мамлекетинен чыккан залкар тарыхчы, колбашчы Мырза Мухаммед Хайдардын 520 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындарды эл аралык деңгээлде өткөрүү зарыл. Тарыхчынын блогу.
Президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаров элчилик кызматта үзүрлүү иштейт деп ишенет. Бул тууралуу ал 25-декабрда Бишкекте жыл жыйынтыгы боюнча өткөн пресс-конференцияда айтты. Мамлекет башчысы Бекназаровго кызматты өзү сунуш кылганын, “ушунча жыл оппозицияда жүрдүң, эки революциянын башында турдуң, ушул энергияңды мамлекетке иштеп бер” деп айтканын билдирди. - Менин сунушум болду. Малайзияга барып жакшы иштеп берет деп ишенем. Кыргызстандын тарыхында эл арасынан суурулуп чыгып... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун ишин жеке көзөмөлүндө кармоодо. Бул тууралуу ал 25-декабрда жыл жыйынтыгына арналган пресс-конференцияда «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып айтты. Мамлекет башчысы сот-укутук системанын ишин жакшыртууга каражат жетиштүү бөлүнүп жатканын, бирок судьялардын жеке абийири да маанилүү экенин белгиледи: - Мен муну прокуратуранын жыйынында да, соттордун 95 жылдыгында да айттым. Бир адамдын кылган иши менен бүт сот бийлигине доо кетти. Читать дальше...
25-декабрда дүйнөдөгү миллиондогон христиандар Ыйса пайгамбардын туулган күнүн же Рождествону майрамдап жатышат. Быйыл австралиялыктар бул майрамды рекорддук ысык аба ырайы өкүм сүрүп жаткан учурда белгилешүүдө. "Reuters" жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, Рождество белгиленген күнү Австралиянын айрым аймактарында абанын температурасы 40 градуска көтөрүлдү. Буга байланыштуу миңдеген адамдар майрамды суу жээкте өткөрүштү. Ошол эле учурда Австралиянын түштүк-чыгышындагы токойлорду каптаган өрт өчүрүлүп жатты. Читать дальше...
2019-жыл менен кошо Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Можтаба Рузбеханинин да дипломатиялык миссиясы аяктоодо.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жылдын жыйынтыгына арналган пресс-конференцияда ишкер Хабибулла Абдукадыр тууралуу суроого жооп берди. Президент аны тааный турганын, бирок эч кандай мамилеси жок экенин айтты: - Инаугурацияга адамдарды чакырууну, кайда отургузууну, бүт уюштуруу маселелерин мурдагы президенттин аппараты алып барган. Мен бул кишини тааныйм. Тааныбайм дебейм. Ошто губернатор болуп жүргөндө Кызыл-Суу автоном облусу менен 2013-жылы бизнес форум өткөргөнбүз. Ошондо иниси келип, таанышканбыз. Читать дальше...
Тажикстандын Куляб шаарынын 27 жаштагы тургуну "жаңы жылдык балатыны өрттөөгө аракет кылган" жана "милицияга кол салган" деген айып менен кармалды. «Азаттыктын» тажик кызматы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып билдиргендей, окуя 24-декабрда болгон. Маалыматка ылайык, Фарход Азизхон шаардын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балатыны өрттөөгө аракет кылган. Бирок милиция кызматкери аны байкап калгандан кийин шектүү аянттан качып кеткен. Тартип коргоо кызматкерлери аны үйүнө чейин аңдып барып... Читать дальше...
Ирандын соода тармагын өнүктүрүү боюнча уюмунун жетекчиси Хамид Задбум акыркы 8 айыдн ичинде өлкөнүн экспорту 27 млрд. долларга жеткенин билдирди.
Саясат талдоочу Руслан Акматбек президент Сооронбай Жээнбеков жылдык пресс-конференциясында көп суроолорго так жооп берген жок деп эсептейт: - Мамлекет башчыдан үмүттөндүргөн, шыктандырган, жаркын келечектин сүрөтүн тарткан сөздөрдү уга албадым. Элди кызыктырган көп суроолор бар эле. Коррупция, сот реформасы сыяктуу адамдардын көбүн нааразы кылган маселелерге байланыштуу берген жооптору мени ынандыра албады. Конкреттүү пикир билдирбей, жалпылап эле сүйлөп туруп алды. Жээнбеков бийликке келген биринчи жылы "макул, эми көнүп жатат" дедик. Читать дальше...
Ирандын түндүк-батышындагы Ардебил провинциясында аскердик учак кыйрады. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары 25-декабрда кабарлашты. Маалыматка ылайык, учак Себелен тоо кыркаларына кыйрап түшкөн. "IRNA" жаңылыктар агенттиги билдиргендей, кырсык болгон жерге куткаруучулардын тобу жөнөтүлдү. Учакта канча киши болгону жана курмандыктар тууралуу маалымат бериле элек. Кайсы үлгүдөгү учак экени, эмне себептен кыйраганы да белгисиз.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз жыйыны бүйүр кызыткан бардык суроолорго жоопторду камтыганын билдирди. Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна айтты: - Бардык суроолорго ачык-айкын жооп берди. Айрымдар ага ынанбашы мүмкүн. Бирок Жээнбеков чын жүрөктөн жооп берди. Мамлекет башчынын 2019-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны "Ала-Арча" резиденциясында 25-декабрда өттү. Ага 90дон ашуун медиадан 188 кабарчы катышты. Бирок бир топ журналисттер суроо узатууга жетишпей калышты. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.