Ооганстан: жапон дарыгердин сөөгү мекенине жеткирилди
Жапониялык догдур, гуманитардык кызматкер, өткөн жумада Ооганстанда курман болгон Тетсу Накамуранын сөөгү ишембиде мекенине жеткирилди. Кабулдун эл аралык аэропортунда сөөктү жөнөтүү иш-чарасына ооган президенти Ашраф Гани, маркумдун үй-бүлөсү, эки өлкөнүн аткаминерлери катышты.
Накамура жана дагы беш киши алар бараткан машине 4-декабрда Жалалабад шаарында белгисиз адамдардын аткылоосуна туш болгондо окко учкан.
73 жаштагы догдур ишин 1984-жылы Пакистандын Пешавар шаарындагы ооруканада баштаган. Ошондон бери ооган качкындарын дарылап жүрүп, 1991-жылы Ооганстанда клиника ачкан. 2008-жылдан бери айыл чарба тармагына жардам берген кайрымдуулук фондун жетектеп келди.