Бишкектин абасын ыштан тазалоо ыкмалары талкууланат
Бүгүн, 11-декабрда «Бишкектин абасын ыштан кантип тазалайбыз?» деген темада талкуу болот.
Иш-чараны Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен бирге «Маалыматтар мектеби» өкмөттүк эмес уюму уюштурууда.
Талкууга жогорку окуу жайларынын, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү жана Бишкек мэриясынын Экологиялык инспекциясынын адистери катышат.
Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.
27-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андан алынган маалыматка ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган. (RK)