Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 11.12.2019

Өкүлдөр Палатасындагы демократтар Трампка эки айып койду

Azattyk.org 

Өкүлдөр Палатасынын Юридикалык комитети 11-декабрда президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча ишти карай баштайт. АКШнын Өкүлдөр Палатасындагы демократтар президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянынын алкагында ага эки айып коюшту. Анда Кошмо Штаттардын 45-президенти «кызмат абалынан кыянат пайдаланды» жана «Конгресстин иликтөө ишине тоскоолдук кылды» деп күнөөлөнүп жатат. Бул тууралуу 10-декабрда Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси билдирди. Дональд Трампка «өлкөнүн... Читать дальше...

Пакистанда сот мурдагы президентти саламаттыгына байланыштуу абактан чыгарды

Azattyk.org 

Пакистандын соту 11-декабрдагы чечими менен мурдагы президент Асиф Али Зардарини саламаттыгына байланыштуу күрөөгө бошотту. Анда мурдагы президент ооруканада дарыланып чыгышы керек экендиги айтылды.  Мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун күйөөсү, экс-президент Асиф Али Зардари быйыл июнь айында бир канча миллион долларды адалдаган деген шек менен Коррупцияга каршы кызмат тарабынан кармалган.  Ал азыр парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты. Зардари өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагууда. Читать дальше...



Президент Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, сапардын алкагында кыргыз мамлекетинин башчысы Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭнин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахая менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты талкуулайт. Ошондой эле Бишкек шаарында Ислам... Читать дальше...

Ооганстандагы кош чабуулдан бир киши өлүп, 60тай киши жарадар болду

Azattyk.org 

Жергиликтүү жетекчилер жана НАТОнун өкүлдөрү Баграмдагы АКШнын негизги аба базасында 11-декабрдагы жанкечтилердин кош жардыруусунан бир киши өлүп, 60тай адам жарадар болгонун кабарлашты. Аскердик база жайгашкан Парван провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Вахид Шахкар жардыруудан кийин 30 мүнөттөй атышуу болгонун, кол салгандар базага кирүүгө аракет кылышканын айтты. Кош чабуул АКШ Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотуу максатында «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жанданткандан кийинки учурга туш келди. Читать дальше...

ЖК айрым жол эрежесин бузгандарга айыппулду арзандантууну колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Тартип бузуу жөнүндө кодекске жана Жоруктар боюнча кодекске өзгөртүү киргизип, жол эрежесин бузгандарга айыппулду арзандатты жана жасалма номер таккандардын жазасы күчөтүлдү. Бул мыйзамдарды парламенттин депутаттары бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты. Ал мыйзам долбооруна ылайык, жасалма номер тагып жүргөн айдоочуларга мындан ары 20 миң сом айыппул салынат. Ал эми: - жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар; - автоунааны туура эмес жерге токтоткондор; - машинелердин... Читать дальше...

Партбилетин сатпаган мекенчил коммунист

Azattyk.org 

Бейшебек Акунов социализм заманында мамлекеттик жооптуу кызматтарда бел чечпей иштеди. Кийин заман өзгөргөндө коммунисттик билетин таштап, башка партияларга өткөн жок.

Эрдоган АКШ жана Орусиянын президенттери менен сыймыктанарын айтты

Azattyk.org 

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путинди дүйнөлүк лидерлер деп атап, алар менен сыймыктана турганын билдирди. Анын айтымында, "Европада ушундай мыкты жолбашчылар жетишпей жатат". 10-декабрда Анкарадагы университетте студенттер менен жолугушууда Режеп Тайып Эрдоган Европада "лидерлик кризис, боштук бар" деп эсептей турганын билдирди. Ал Трампты ачыктыгы үчүн мактоого татыктуу деп санайт. “Каалайсыңарбы же жокпу, Трамп мырза бул - белгилүү ысым. Читать дальше...



Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштады

Azattyk.org 

Мамлекеттик Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштады. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк он жылдык мөөнөткө берилет. Анын баасы 732 сомду түзүп, буга чейинки күбөлүккө караганда 570 сомго арзан болот. Эми быйылкы жылдын июнь айынан бери берилип жаткан убактылуу күбөлүктү алган жарандар жаңысына алмаштырышы керек. Кыргызстанда 2011-жылдан тарта айдоочулук күбөлүк менен автоунаанын техникалык паспортун даярдоочу бланктар... Читать дальше...

Ток менен жүгүргөн темир тулпар

Azattyk.org 

Зарлык Нышан уулу экологияга зыян келтирбеш үчүн ток менен жүгүргөн автоунаа сатып алган. Тактап айтканда ал үч жылдан бери "Ниссан Лиф" үлгүсүндөгү электромобиль айдайт. Бир жолу кубаттаганда 120 чакырымга чуркаган автоунаанын баасы 10 миң доллар турат. Учурда Кыргызстанда мындай 30га жакын машине бар.

Бишкекте Абдыкерим Сыдыков эскерилди

Azattyk.org 

Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы университетте совет мезгилиндеги кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Абдыкерим Сыдыковдун 130 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат. «Абдыкерим Сыдыков кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн башатында» деп аталган илимий жыйынга окумуштуулар, коомдук ишмерлер, мамлекеттик ишмердин урпактары катышууда.  Анын жүрүшүндө Сыдыковдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү салымы боюнча докладдар окулду. Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында туулган. Читать дальше...

Россиялык спортту эскинин эпкини ээрчип жүрөбү? Саресеп

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бүтүндөй россиялык спорт өтө катаал жаза алды. Олимпиадаларга жана дүйнөлүк чемпионаттарга катышууга, Россиянын аймагында ири мелдештерге, ал эми россиялык аткаминерлерге эл аралык федерациялардын жетекчилик органдарына кирүүгө тыюу салынды.

Ичкилик ичип машине айдагандардын айыппулун 10 эсе көбөйтүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев ичкилик ичип рулга отурган айдоочуларга айыппулду 10 эсеге көбөйтүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу депутат парламентте жол эрежесин бузгандарга айыппулду төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда билдирди. Арапбаевдин айтымында, базар экономикасынын шартында айрымдарга мас абалында машине айдагандар үчүн салынган 17,5 миң сомдук айыппул аз болуп сезилет. Ошондуктан ал өзүнүн жана башкалардын өмүрүн коркунучка кептеген айдоочулар үчүн айыппулду 10 эсе көтөрүүгө чакырды. Читать дальше...

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий визит менен барат

Ca-irnews.com (kg) 

Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 2019-жылдын 15-17-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий визит менен барат.

Кытайдын тажрыйбасына даяр эмеспиз

Azattyk.org 

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдардын бирин сунуштайбыз. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан баштап токтотулган.

Диний ишеним илимди чектебейт

Azattyk.org 

Динде аялдардын илимдин түрдүү бутактарында эмгектенишине чектөө болбосо да, көп учурда айымдарга мамиле анын тетирисин көрсөтүүдө.

Милиция: Алмаматов кармала элек

Azattyk.org 

Коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, сот жообуна тартылган Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду издөө уланууда. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин Алмаматовго КМШ аймагында мамлекет аралык издөө жарыяланган. Бирок азырынча бул аракеттен майнап чыга элек. Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Жогорку соттун 30-октябрдагы токтомуна ылайык... Читать дальше...


Музыкальные новости
Алла Пугачёва

Исполнительницу Аллу Пугачеву на официальном уровне признали в Израиле





Персональные новости
Александр Бастрыкин

Бастрыкин вмешался в расследование дела о нападении детей мигрантов на 7-летнего мальчика





«Коопсуз шаар»: Эреже бузган айдоочулардын 51% айыппул төлөдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген март айынын тартып жол эрежесин бузуу боюнча 873 631 токтом чыгарылган. Анын ичинен азыркы учурга чейин 448 040 токтом боюнча айдоочулар айыппул төлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, төлөнгөн айыппулдардын суммасы 534 миллион 684 миң сомду түздү. Саркулов учурда айыппулду төлөбөй жүргөндөрдөн аны өндүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Четте табылган кыргыз паспорту боюнча маселе парламентте көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын паспорттору чет өлкөдө кылмышка шектүүлөрдөн чыгып жатканы боюнча маселе Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандын паспорту Германияда оор кылмыш үчүн айыпталган адамдардан табылганын эске салып, бул боюнча өкмөттөн түшүндүрмө талап кылды. - Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси «бул 1994-жылы берилген паспорт экен» деп актанып жатат. Андай эмес. Мына, кыргыз паспорту ар кайсы жактан чыгып жатат. Ошондуктан өкмөт кандай чара көрүлүп жатканы... Читать дальше...

Кумтөрдөгү кырсык боюнча комиссия түзүү жөнүндө сунуш түштү

Azattyk.org 

Кумтөрдөгү эки адам дайынсыз кеткен кырсык боюнча комиссия түзүү жөнүндө сунуш түштү. Бул тууралуу парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров айтып чыкты. Анын сөзүнө караганда, ал комиссия кырсыкка себеп болгон жагдайларды жана кендеги абалды изилдеп чыгышы керек. Депутат Аида Исмаилова болсо кырсык боюнча өкмөттү толук маалымат берүүгө чакырды. Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля





Путин в России и мире
Москва

Появились подробности тайной жизни предложенного Путиным министра обороны


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко надеется на восстановление транспортных маршрутов с Израилем




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Мечтающего по победе Киева Макаревича* проверят на экстремизм


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

Брейн присоединился к СКА. Баста выложил фото с ним: «Приветствуем Сергея в нашей большой семье»



Москва

Юлия Миронова выступила на XV Всероссийском форуме деловых СМИ

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net