Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 27.05.2019

«Ак-Суу Кенчтеги» саркынды суунун соболу

Azattyk.org 

27-майда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургундары кайрадан «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайындагы абалды оңдоону кайрадан райондук бийликтен талап кылышты.

Австрия: парламент Себастьян Курцтун өкмөтүнө ишенбестик көрсөттү

Azattyk.org 

Австриянын улуттук кеңеши - парламент канцлер Себастьян Курцка жана анын өкмөтүнө толук ишенбестик көрсөттү. «Франс-Пресс» агенттигинин белгилешинче, бул өлкө тарыхында болуп көрбөгөндөй добуш берүү. Бир апта мурда Австрияда башкаруучу коалция ыдыраган. Бул саясий кризис вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе катышкан видео тасмага байланыштуу чыккан. 17-майда тараган тасмада вице-канцлер Штрахе Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын олигарх Игорь Макаровдун тууганы делген аял менен жолугуп... Читать дальше...



Ооганстандык саясатчылар менен "Талибан" Москвада жолугушат

Azattyk.org 

Ооганстандык саясатчылар менен «Талибандын» өкүлдөрү 28-29-майда Москвада жолугушат деп күтүлүүдө. «Талибандын» өкулү Забиулла Мужахиддин айтымында, кыймылдын башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар баштаган 14 адамдан турган делегация 28-майда Ооганстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык мамилеге арналган иш-чарага катышат. Эртеси алар ооганстандык саясатчылар, коомдук ишмерлер жана аксакалдар менен жолугуп, өлкөнүн келечегин талкуулашат. Бул жолугушууларга ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү катышар-катышпасы белгисиз. Читать дальше...

Москва: сот «Новое величие» тобундагылардын камак мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

27-майда Москвада «Новое величие» жаш активисттер тобунун соту өттү. Камакта отуран сегиз улан-кыз «экстремисттик топ түзгөн», «Орусиядагы бийликти кулатууну көздөгөн» деп айыпталууда. Алар 2018-жылы камакка алынган. Активисттердин бири - Анна Павликова кармалган кезде 17 жашта болгондуктан үй камагында болгон. Былтыр октябрда «Сиздин жана биздин балдарыбыз үчүн» деген ураан менен камакта жаткан жаштардын ата-энелери жана аларга тилектештер Москва, Санкт-Петербург жана бир катар шаарларда жүрүш уюштурган. Читать дальше...

Жээнбеков үч бийликтен үндөштүк күтөт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-майда Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолукту.

Умуралиева мэрияга караштуу «Шаардагы парктар» ишканасына директор болду

Azattyk.org 

«Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева Бишкек мэриясынын карамагындагы «Шаардагы парктар» ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» өзү билдирди:  - Биз былтыр Бишкектин жашыл зоналары боюнча изилдөө кылганбыз. Анда парктардын, Совет мезгилинен калган скверлердин тарыхын изилдедик. Изилдөөдө жерлердин баарын ким, качан таратканы, сатканы жазылган. Ошол изилдөөдөн кийин биздин сунуштар пайда болду. Эми аларды ишке ашырыш керек. Кызматка дайындоо боюнча мэриядан мага сунуш келгенде мен макул болдум.

Түркияда Айтматовдун китептерин чыгарган басмаканалар соттошууда

Azattyk.org 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган чыгармаларын басып чыккан жергиликтүү басмаканалардын арасында соттук жараян башталды.  Бул тууралуу «Hürriyet» басылмасы маалымат таратты. Анда эки басмакананын ортосунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын автордук укугу талашка түшкөнү жазылат.  Түркияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын 1991-жылдан 2017-жылга чейин «Ötüken yayıncılık» басмаканасы чыгарып келсе, 2017-жылы бул автордук укук «Nora kitap» басмаканасына өткөн. Бирок «Ötüken... Читать дальше...



Акыры коңгуроо: айылдык инвесторлор

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында 20 жылдык жолугушууга камданган классташтар той-топур ордуна оор турмушта жашаган үй-бүлөгө там куруп беришти. Ала-Бука районунда 10 жылдыкка чогулгандар бир миллион сомго мектептин инфраструктурасын оңдошту. Балдар колониясында да акыркы коңгуроо кагылды. Какыраган талааны тамчылатып сугаруу менен бакка айландырууну колго алган баткендик жаратмандар. Эскирбеген маңкурт темасы сахна сезонун жапты.

Тажик бийлиги күмбөздөрдү буздуруп жатат

Azattyk.org 

Европарламентке шайлоодо ашынган оңчулдар менен жашылдар ийгиликке жетти. АКШ президенти Токиодо жапон премьери менен Түндүк Корея жана Иран маселелерин талкуулады. Тажик бийлиги элди маркумга эстелик тургузуунун ордуна каражатты кайрымдуулукка жумшоого чакырды.

Кадр тандоонун жүрүшү менен жүгү

Azattyk.org 

Кызматтан жаңы кеткен эки министрдин ордуна ким келери талкууланып жатканда «чабал министрлерди дайындап келатат» деген парламент фракциялары, өкмөт башчы коомчулуктун сынына түштү.

Трамп: АКШ Иранда режимди алмаштырбайт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Токио жасаган расмий сапары маалында Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Түндүк Корея жана Иран маселелерин талкуулады.

Пакистандын түштүгүндө ВИЧке чалдыккандардын саны 700гө чукулдады

Azattyk.org 

Пакистандын түштүгүндөгү Ларкана районундагы Ратодеро шаарчасында жергиликтүү дарыгердин айынан ВИЧке чалдыккандардын саны 700 кишиге чукулдады. Алардын басымдуу бөлүгү балдар экенин Пакистандын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.  Бийлик жергиликтүү дарыгер Музаффар Гангаро бир ийнени бардык бейтаптарга колдонгону үчүн вирус көп кишиге жайылып кеткенин билдирип жатат. Апрель айында бул шаарчада ондогон адамдарга вирус жукканы аныкталгандан кийин дарыгер камакка алынган. Полиция Гангаро вирусту... Читать дальше...

Европарламент: Биримдикти жактаган партиялар мурдагыдан аз добуш алды

Azattyk.org 

Европарламентке болгон шайлоо Европа Биримдигинде саясий жагдай өзгөрүп жатканын көргөзүүдө.  27-майда жарыяланган жыйынтыкка ылайык, буга чейин чоң коалицияда болуп келген Европа элдик партиясы жана Социалисттер менен демократтардын прогрессивдүү альянсы мурдагыдай көпчүлүктү түзө албайт. Ошентсе да Европа Биримдигин күчтөндүрүүнү, Батыш баалуулуктарын жактаган партиялар Европарламенттеги 751 орундун 505ин алышы күтүлүүдө. Бул шайлоодо ашынган оңчул жана улутчул партиялар да бир катар ийгиликтерге жетишти. Читать дальше...

Трамп: Ирандагы режимди алмаштырууга аракет кылбайбыз

Azattyk.org 

Жапонияда мамлекеттик сапар менен жүргөн Дональд Трамп Кошмо Штаттар Ирандагы режимди алмаштырууга аракет кылбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Трамп Вашингтон менен Тегерандын мамилеси чыңалып турган учурда айтты. «Биз режимди алмаштырууга умтулбайбыз. Бул тууралуу так айтып коюшум керек. Биз өзөктүк курал болбошу үчүн аракеттенип жатабыз», - деди Дональд Трамп. Тегеран менен Вашингтондун мамилеси дүйнөнүн алты державасы Иран менен түзгөн анын өзөктүк программасы боюнча келишимден АКШ 2015-жылы чыгып кеткенден кийин курчуй баштаган. Читать дальше...

УКМК: Атамбаев кайтаруусуз калган жок

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин камалышы боюнча маалымат таратып, «мурдагы мамлекет башчы кайтаруусуз калды» деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта: «“Мамлекеттик кайтаруу жөнүндө” мыйзамга ылайык, президентке, экс-президентке, парламенттин төрагасына, өкмөт башчыга, Жогорку соттун төрагасына, Жогорку Кеңештин депутатынын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда жана чет... Читать дальше...

Өнөр жай, энергетика комитетинде каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Azattyk.org 

Эсеп палатасы 2017-жылга карата Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетте жана ага караштуу мекемелерде жүргүзгөн аудитте бир катар каржылык мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Жыйынтыгында комитеттин карамагындагы «Энергодолбоор» мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунда 7 626,6 миң сомдук ашырылган насыялык карыз, эмгек акыны төлөөдөгү 4 549,7 миң сомдук мыйзам бузуу чыккан. Сарамжалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 29 310,2 миң сомду түзгөн. Читать дальше...

Финполиция: Матраимовдун мүлкүн текшерүү аяктап калды

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иштери аяктап калганын маалымдады. Бирок анын жыйынтыгы качан жарыяланары белгисиз. Бул тууралуу «Азаттыкка» Финполиция кабарлады. Финполиция Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн беш айдан бери текшерип бүтө элек.  13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын... Читать дальше...


Музыкальные новости
Игорь Бутман

Квинтет Игоря Бутмана и певица Фантине впервые выступят на джазовом фестивале в Бахрейне





Персональные новости
ЛокоТех

Более 100 студентов посетило СЛД Курск в рамках акции «Неделя без турникетов»





Сауд Арабиясы Катарды чөлкөмдүк саммитке чакырды

Azattyk.org 

Дээрлик эки жылга созулган дипломатиялык араздашуудан кийин Катардын эмири араб өлкөлөрүнүн бул аптанын соңунда Мекке шаарында өтүүчү чукул саммитине чакырылды. Сауд Арабиясынын падышасы Салман Катардын эмири, шейх Тамим ибн Хамад аль-Таниге атайын чакыруу жөнөткөнүн расмий Доханын тышкы иштер мекемеси 26-майдын кечинде маалымдады. Бул Саудия, Египет, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары 2017-жылдын июнь айында Катар менен алакасын үзгөндөн кийинки биринчи жолку жогорку деңгээлдеги байланыш болуп калды. Читать дальше...

Лион шаарындагы жардыруу боюнча шектүү кармалды

Azattyk.org 

Франциянын Лион шаарында 13 адам жарадар болгон өткөн жумадагы жардыруу боюнча шектүү адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министри Кристоф Кастанер айтты. Ал эми Париж прокуратурасынын маалыматына караганда, 24 жаштагы шектүү дүйшөмбү күнү эртең менен Лион шаарында колго түшүрүлгөн. 24-майда Франциянын Лион шаарында белгисиз адам көчөгө бомба салынган түйүнчөк таштап кеткен. Бомба жарылып, 13 адам түрдүү жараат алды. Өлкө президенти Эммануэл Макрон муну атайын уюштурулган кол салуу деп атаган.

Тажикстанда мыйзамсыз салынган күмбөздөр буздурулат

Azattyk.org 

Тажик бийлиги көрүстөн аймагына мыйзамсыз салынган күмбөздөрдү жана эстеликтерди буздуруу жөнүндө буйрук чыгарды. Көрүстөндү көзөмөлдөө тууралуу 2017-жылы кабыл алынган токтомго ылайык, ар бир көрдүн аянтынын узундугу 2 метрден, туурасы 1,5 метрден ашпоого тийиш. Ал эми күмбөздүн бийиктиги 1,5 метрден бийик болбошу керек. Ушул талапка туура келбегендер буздурулат.  Учурда Жер комитетинин жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү өлкөдөгү бардык мүрзөлөрдү текшерүүдө. Ошол эле кезде мамлекеттин тапшырмасы... Читать дальше...

Мусакеев абакта мурда күч түзүмдөрүндө иштегендер менен кошо отурат

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев Бишкектеги №1 тергөө абагында мурда күч органдарында иштегендер менен бирге кармалууда. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов маалымдады. Анын айтымында, Мусакеев кармоо шартына эч кандай нааразы эмес экенин билдирген. Кыйноого каршы борбордун кызматкерлери Дамир Мусакеевдин жакындарынын өтүнүчү менен абакка кирип чыгышты. 24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча... Читать дальше...

Кабулда автобус жарылып он киши жарадар болду

Azattyk.org 

Ооганстандын борбору Кабулда мамлекеттик мекемеге таандык автобус жарылып, он киши жарадар болду. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, автобус 27-майда эртең менен Дин иштери боюнча министрликтин кызматкерлерин жумушка алып бараткан кезде жарылган. Жабыр таркандардын биринин абалы оор деп бааланууда. Бул жардыруу үчүн эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек. Адатта мындай чабуулдарды «Талибан» кыймылы же «Ислам мамлекети» террордук тобу ишке ашырат. Өткөн жумада Кабулдагы мечитте болгон жардыруудан үч адам... Читать дальше...

Германиянын президенти Өзбекстанга келет

Azattyk.org 

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 27-майда Өзбекстанга эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында үч күндүк сапар менен келет. Анын сапары 2016-жылы президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёев өлкөдө экономикалык реформаларды жасап, кошуналары менен мамилесин оңдоп, түрмөдөгү бир канча саясий туткунду бошоткон учурга туш келди. Германия президентинин сапарын утарлай адам укугун коргогон «Human Rights» (HRW) уюму Өзбекстанда жасалып жаткан «оң өзгөрүүлөр узак жолдогу кичинекей гана иштер экенин» белгилеп... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Прикамье» провело свыше 3 тыс. экологических исследований в I квартале 2024 года





Путин в России и мире
Москва

Транспортный коридор «Север-Юг» станет катализатором социального и экономического развития стран Евразии и глобального Юга


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Рахманинов

Концерт в честь Сергея Рахманинова прошел в Воскресенске



Москва

"До допроса дело не дошло": Главу Гагаузии досмотрели после возвращения из Москвы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net