123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 10.05.2019

Латвиянын парламенти крым татарларынын депортациясын тукум курут деп тааныды

Azattyk.org 

Латвиянын парламенти СССР учурунда крым татарларынын депортациясын геноцид деп тааныды. Сеймдин депутаттары мындай билдирүүнү крым татарларын күчтөп көчүрүүнүн 75 жылдыгын утурлай кабыл алышты. Текстте бул чара «ал элдин Крым жарым аралына илгертеден бери таандык экенин тарых барактарынан өчүрүп салуу максатында көрүлгөнү» белгиленген. Депутаттар ошондой эле жарым арал 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланганын, крым татарларын ошондон бери куугунтуктап, басым көрсөтүү саясатын айыпташарын да баса көрсөтүштү. Читать дальше...

Демилгени колго алган элеттиктер

Azattyk.org 

"Азаттык+" тобу бул жолу Ысык-Көлдүн айылдарын кыдырып, алардын жетишкендиктери менен таанышып келди. Жаш жубайларга үй белек кылган Дархан айылы, футбол боюнча облустук курамага кирген Ак-Чий айылынын кыздары, айрым шаарларда да жок техника менен камсыз болгон Теплоключенка, Липенка айылынын маданият үйүндө ийрим ачкан Астра Шаршеева жана Жети-Өгүздө таэквондо менен машыккан окуучулар - бул чыгарылыштын негизги каармандары. Ал эми сиздин айыл кандай жетишкендиги менен сыймыктанат?

Киевде активисттер Сенцовдун камалышынын беш жылдыгын белгилешти

Azattyk.org 

Украинада активисттер режиссер Олег Сенцовдун камалышынын беш жылдыгын белгилешти. Орусияда террорчулук үчүн айыпталып 20 жылга кесилген Сенцовдун соттолушун эл аралык укук коргоочу уюмдар менен Батыш мамлекеттери саясий иш деп сындап келатышат. Кара кийим кийген, ооздорун чаптап, колдоруна кишен салып чыккан активисттер жума күнү Киевде жүрүш өткөрүштү. Алар Батыштын 14 элчилигинин жанына токтоп жатышты. Активисттер Орусия саясий себептерден улам камаган украиналыктардын абалына көңүл бурдурууну көздөшөрүн айтышты. Читать дальше...



Казакстан Ирак менен Сириядан 231 жаранын алып келди

Azattyk.org 

7-9-май күндөрү Сириядан Казакстандын 231 жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу президент Касым-Жоомарт Токаевдин билдирүүсүн "Фейсбуктагы" баракчасына Акорданын басма сөз катчысы Берик Уали жайгаштырды. Билдирүүгө караганда, “Жусан” операциясынын алкагында мекенине кайтарылгандардын арасында 156 бала бар, көбү мектеп жашына толо электер, 18и жетимдер. Аларга медициналык, психологиялык жана социалдык жардам берилди. 9-январда экс-президент Нурсултан Назарбаев Сириядан 47 казакстандык алып келингенин билдирген. Читать дальше...

Жапония менен Орусия ортосунда тынчтык келишими боюнча мунаса табыла элек

Azattyk.org 

Орусия менен Жапония ортосунда тынчтык келишими боюнча олуттуу пикир келишпестиктер кала берүүдө. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. 10-майда министр Жапониянын башкы дипломаты Таро Коно менен Москвада жолугушуу өткөрдү. Коно да тараптар пикир келишпестиктерди жоюша электигин белгиледи. Лавровдун айтымында, сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы СССР менен Жапония 1956-жылы кол койгон декларациянын негизинде тынчтык келишимин тездетүү максатында жүрүүдө. Советтер союзу тынчтык... Читать дальше...

Экс-президенттин жансакчысы мүлкүн көрсөттү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев өзүнүн жана ата-энесинин мүлкүн журналисттерге көрсөттү.

АКШ-Кытай: "соода согушу" курчуду

Azattyk.org 

АКШ Кытайдын 200 миллиард долларлык товарына тарифтерди 25 пайызга чейин көтөрөрүн билдирди. Орозо айында Тажикстанда эт кымбаттады. Пхеньяндын ракета сыноосун Жапония менен Түштүк Корея сындашты.



Мухайё: Запкы көргөн аялдарды коргоо керек

Azattyk.org 

Оштогу белгилүү адвокат Мухайё Абдураупова коомду аялдардын көйгөйүнө көбүрөөк көңүл бурууга чакырууда. Ал үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыгы болгон кыз-келиндер улам көбөйүп жатканын, эркектердин жоопкерчилигине маани берилбей келатканын сындады.

ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү алмашты

Azattyk.org 

ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен 8-майдан тарта кызматына киришти. Ал буга чейин (2018-жылдын декабрынан 2019-жылдын май айына чейин) ПРООНдун Эфиопиядагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткарып келген. 2012-жылдан 2018-жылга чейин Луиза Чемберлен ПРООНдун Вьетнамдагы жана Эфиопиядагы аймактык жетекчиси болуп иштеген.

Жалал-Абаддагы өрттү 11 бригада өчүрүп жатат

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Ош, Жалал-Абад облустарынан 11 өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатышат: "Жалпысынан ӨКМдин он бир бөлүм тартылган. Мындан тышкары жеке ишканалардан эки өрт өчүрүүчү бригада менен эки шаты алынып келинди. Кырдаалды министр өзү онлайн түрүндө көзөмөлдөп жатат". Мындан тышкары ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу автоунаасы, РЭТ кызматынан бир бригада, "Тез жардам" кызматынан бир бригада... Читать дальше...

Сабалган наристенин ишин акыйкатчы көзөмөлдөйт

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук ооруканасына эс-учун жоготкон, оор абалда жеткирилген наристенин ишин акыйкатчы Токон Мамытов көзөмөлгө алып, облустагы өкүлүнө атайын тапшырма берди. "Акыйкатчы бул иш Сузак райондук ички иштер башкармалыгында "кокустук" катары катталганы менен макул эмес" деп айтылат укук коргоо институту тараткан маалыматта. "Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Кыял Токтобаева учурда ооруканада, медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатат. Өкүлчүлүктө кыздын таянеси ал шымына сийип койгондо чымчып... Читать дальше...

АКШнын бомбалоочу учактары Катардагы аскердик базага конду

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Аба күчтөрү Ирандын ыктымал коркунучтарына каршы туруу үчүн жөнөтүлгөн B-52 үлгүсүндөгү бомбалоочу учактар Катардагы америкалык аскердик базага конгонун ырастады. Учактар Ал-Удейд авиабазасына бейшембинин кечинде конушту. 5-майда Ак үй "Авраам Линкольн” учак ташуучу согуштук кеме жана бомбалоочу учактардын тобу Перс булуңуна жөнөтүлөрүн жарыялаган. 9-майда кеме Суэц каналынан өткөнү кабарланды. Президент Дональд Трамптын администрациясы Ирандан кандай коркунуч болушу мүмкүндүгүн тактаган жок. Читать дальше...

Дүйшөмбүдө эт тартыш

Azattyk.org 

Аягы көрүнбөгөн узун кезектер, сапатсыз эттин айынан аларман менен сатуучунун ортосунда бүтпөгөн кайым айтышуулар – ушул күндөрү ордо калаа Дүйшөмбү шаарындагы дээрлик ар бир эт дүкөнүндө мына ушундай көрүнүш бар.

Пхеньяндын ракета сыноосун Жапония менен Түштүк Корея сындашты

Azattyk.org 

Жапония Түндүк Корея соңку беш күндүн ичинде эки жолу ракеталарын сыноо менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп жатат. Бул тууралуу жума күнү жапон коргоо министри Такеши Ивея билдирди. Буга чейин Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин жергиликтүү телеканалга курган маегинде коңшусунун ракета сыноосун Вашингтон менен Пхеньяндын февраль айында Ханойдо өткөн ийгиликсиз саммитине "нааразылык ишарасы болушу мүмкүн" деп айткан. Түндүк Корея 9-майда борбор шаардан алыс эмес жердеги полигондон... Читать дальше...

Аба ырайы: күн жылуу болот

Azattyk.org 

11-майда Кыргызстандын аймактарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-майда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32; Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 3…8... Читать дальше...


Музыкальные новости
Шапка

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)





Персональные новости
Выставка

Выставка военных фотокорреспондентов и художника Росгвардии «СВОй VZгляд» открылась в Москве





Новосибирскиде Сталинге эстелик тургузулду

Azattyk.org 

Улуу Жеңиш күнүндө Орусиянын Новосибирск шаарында Иосиф Сталинге эстелик ачылды. Салтанатка шаар мэри, коммунисттик партиянын мүчөсү Анатолий Локот катышты. Сталинди пир туткан адамдардын акчасына жасалган эстелик Орусиянын Коммунисттик партиясынын облустук комитети орун алган имараттын жанына орнотулду. Эстеликти орнотуу үчүн ыңгайлуу орун талаш-тартыштардан улам табылбай келген. Бюсттун ачылышына 200 чакты киши, негизинен жашы улгайган жергиликтүү тургундар Сталиндин сүрөттөрүн, советтик символиканы көтөрүп чыгышты. Читать дальше...

Жалал-Абаддагы өрттү өчүрүүгө Оштон кошумча күч тартылды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, министр Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен Ош облусунан кошумча өрт өчүрүү бөлүмү жана көбүк алынып келинди. Ушул тапта мунайды кайра иштетүүчү ишканадагы өрттү өчүрүүгө жалпы он бөлүм, эки автошаты тартылды. Мындан тышкары ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу автоунаасы, РЭТ кызматынан бир бригада, "Тез жардам" кызматынан бир бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон эки өрт өчүрүүчү автоунаа... Читать дальше...

АКШ Кытай товарына бажы тарифин көтөрүүдө

Azattyk.org 

10-майда АКШ Кытайдын 200 миллиард долларлык товарына тарифти 25 пайызга чейин көтөрдү. Тарифти көтөрүү америкалык жана кытайлык жогорку кызмат адамдары Вашингтондо он айлык соода согушун токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурга туш келди. Кытайдын вице-премьери Лю Хе, АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзер жана каржы министри Стивен Мнучин 9-майда 1,5 саат сүйлөшүү өткөрдү. Жолугушуу бүгүн да уланышы керек. Дональд Трамп тарифтерди көтөрүү чечими үчүн жоопкерчиликти Бээжинге жүктөдү. Читать дальше...

Медиа: Түштүк Африкадагы шайлоого орус политтехнологдору кийлигишкен болушу ыктымал

Azattyk.org 

Түштүк Африка республикасындагы шайлоодо бир кезде мурдагы президент, маркум Нельсон Мандела мүчө болгон «Африка улуттук конгресси» партиясы алдыга чыкты. Бюллетендердин 70 пайызы эсептелгенден кийинки жыйынтыктарга караганда, партия добуштардын 60 пайызга жакынын алганын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. 1994-жылдан бери партия мынчалык аз добуш алган эмес. Президент Сирил Рамафосанын партиясы ири шаарларда колдоо тапкан жок. Оппозициядагы «Демократиялык альянс» кыймылы азырынча экинчи орунда... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Блиц-матч по шахматам между двумя командами провели в павильоне «Спорт для каждого»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Дарья Касаткина

«Бомж» Дарья передает всем привет»: Касаткина ответила на слова Винер


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Выпуск ЦФА на платформе «Атомайз» поможет снизить нагрузку на экологию





Путин в России и мире
Москва

Путин удивился третьему месту Санкт-Петербурга в туристическом рейтинге


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

«С какой целью вы пришли почтить память? Он вам родственник?» В Москве осудили девушку, которая пришла возложить цветы в память о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

Розенбаум исполнил «Вечернюю застольную» в память о жертвах теракта в «Крокусе»



Москва

New York Times: США скрыли от России данные о теракте из-за своих опасений

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net