Кедми: «Общество Европы уже готово ПРИРАВНЯТЬ русских и Россию к нaциcтaм!»
1,088 просмотров всего, 1,088 просмотров сегодня
1,088 просмотров всего, 1,088 просмотров сегодня
Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча шектүү катары кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун баш коргоо чарасын карап, 26-июнга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган соттон билдиришти. Маалыматка караганда, Атаханов 1-тергөө абагына жеткирилет. "Мыйзамдагы ууру" делген Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, чартердик каттам менен Чеченстанга учуп кеткен. Соттун... Читать дальше...
Кырсык 22-майда Түркиянын баш калаасы Анкарада болгон. Кыргызстандык Г. К. аттуу келинди катуу ылдамдыкта келе жаткан машине сүзүп кеткен. Окуя боюнча маалыматты Анкарадагы элчиликтин консулу Чыңгыз Абдуракманов тастыктады: - Кыргызстандык келин жолдон өтүп бараткан жеринен машине коюп кеткен экен. Ал өзү жол эрежесин сактабаганы айтылып жатат. Учурда окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Кыргызстандык келин окуя болгон жерде каза тапкан. Мaркум Анкара шаарында эмгек мигранты болуп жүргөнү айтылууда. Читать дальше...
Бүгүн, 23-майда Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү. Анда ИИМ Академиясынын мурдагы жетекчиси Абдыкапар Мавлянов күбө катары көрсөтмө берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады: - Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сотко чакырыла тургандардын тизмесинде экен. Тергөө киргизген экен. Ошондуктан аны сотко чакырабыз дешти. Конгантиевге 2005-жылы 24-марттан, 2010-жылдагы апрель окуясынан... Читать дальше...
Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президенттик мөөнөтү бүткүчө Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө убадасын бешинчи жолу кайталады.
Пентагон Жакынкы Чыгышка 5000дей аскер жөнөтүү планын караштырып жатканы кабарланды. АКШда аборт маселеси чоң саясий талкууга айланды. Орусияда тажикстандык мигрант аны департациялоону караган соттун чечимине каршы арыз менен кайрылды. Ал жол эрежесин бузганы үчүн "кара тизмеге" түшкөн.
Кримтөбөл Азиз Батукаевди боштондукка чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш башталды.
Украинада жаңы президент кызматка киришти. Саясий тажрыйбасы жок мурдагы куудул Зеленскийди кандай сыноолор күтүүдө? Кыргызстанда да системадан сырткаркы лидер бийликке келиши мүмкүнбү? Тажик түрмөсүндөгү тополоңдо 32 киши өлдү. Коңшу өлкөдө жарым жыл ичинде эки түрмөдө тополоң чыкты.
Нарын районунун Кеңеш айылындагы 150дөй гектар айдоо сугарылбай куурап калды. Ага айылда жайгашкан аэропорттун каналды тосуп алган коругу себеп болууда. Союз тараган кезден бери иштебей турган Нарындагы аэропорттун тегерек-чети стратегиялык объект катары 2017-жылы корулган.
Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президенттик мөөнөтү бүткүчө Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылуу убадасын бешинчи жолу кайталады. Бишкектеги атайын форумда ал өлкөдөгү суу жетпеген 600дөн ашуун айылга суу берилип, 24 шаардын тиешелүү инфраструктурасы жаңыланарын билдирди. Мамлекет башчы муну бюджеттин жана эл аралык уюмдардын эсебинен ишке ашырарын айтты. Бирок мындан күмөн санагандар аз эмес.
Аялдардын бойдон алдыруу укугу боюнча талаш-тартыш АКШда чоң саясий талкууга айланды. Республикачылар басымдуулук кылган сегиз штатта бойдон алдыруу катаалдаштырылды. Демократтар ага каршы чыгышты.
АКШда аялдардын бойдон алдыруусу тууралуу талаш-тартын чоң саясий талкууга айланды. Соңку кезде республикачылар басымдуулук кылган сегиз штатта аборт жасатуу катаалдантылды.
ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 25-май күнү жалпы өлкө боюнча 4 миңден ашуун милиционер шаарларда, парктарда, эс алуучу жана сайрандоочу жайларда коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу максатында бүтүрүүчүлөрдүн кымбат жолтандабас жана башка машинелер менен сайрандоосуна тыюу салынат. «Акыркы коңгуроо» майрамы 25-май күнү өлкөнүн булуң-бурчундагы 2262 мектепте өтөт. 2019-жылы 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктайт. Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына... Читать дальше...
520 просмотров всего, 520 просмотров сегодня
Кыргызстандагы «Чанг Ан» банкы чакан насыя компаниясы болуп кайра түзүлгөнү калды. Мекеме мунун себебин ачык айтпаганы менен адистер банктын уставдык капиталы азайып кеткен болушу мүмкүн деп түшүндүрүшүүдө.
Би-Би-Си каналы жаңы программасында Орусия президентинин образын колдонууга Кремлден уруксат сураган эмес. Владимир Путин ага жасалган карикатураларга көңүл бурбайт жана аларга окшош болгусу келбейт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда билдирди. Ушул аптада «BBC Two» каналы «Владимир Путин менен бүгүн түнүндө» деп аталган жаңы программа даярдалып жатканын билдирген. Анын алып баруучусу орус президентинин 3D форматындагы анимациялык сүрөтү болору кабарланган. Читать дальше...
19-майда Москвадагы батирлердин биринде кыргызстандык аялдын өлүгү табылган. Айрым маалыматтар боюнча ал тумчуктурулуп өлтүрүлгөн. Теги кыргызстандык 40 жаштагы К.З. Москвада иштеп жүрүп Орусиянын жарандыгын алган. Тааныштарынын айтымында батирде бир ай мурун баш кошкон кыргызстандык А.У. аттуу жаран менен жашаган. Батирден маркумдун акчасы, алтын буюмдары жоголгон. Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, учурда аялдын күйөөсү А.У. изделүүдө. Учурда туугандары аялдын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү аракетинде. Читать дальше...
АКШ Венесуэланын мунай жана газ компанияларына каршы санкция киргизгенине карабастан 17-майда аяктаган бир аптанын жыйынтыгы боюнча Венесуэладан күнүнө 49 миң баррель мунай импорттогон.
https://media.theync.com/videos/9/3/2/2/2/9322225ce4d66bc599b.mp4 93 просмотров всего, 93 просмотров сегодня
Казакстандын элчиси Ермухамет Ертысбаев менен жолугушууда Беларус президенти Александр Лукашенко Казакстанга мунай ташуунун жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууну сунуш кылды. Лукашенко быйыл Беларус мунайды кайра иштетүүчү заводдорду жаңылап бүтөөрүн, ошондуктан дүйнөлүк рыноктон мунайды сатып алуу жеңил болорун белгиледи. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги кабарлады. Элчи Ермухамет Ертысбаев Казакстан Беларуска мунай ташууга даяр экенин, бирок бул маселени биринчи кезекте Орусия менен жөнгө салуу зарыл экенин айтты. Читать дальше...
Парламентти таркатуу жарыяланган убакыттан баштап 60 күндөн кийин жаңы жайлоолор өтүшү керек.
«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча Жогорку cотко кайрылышты. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын штабы «Азаттыкка» маалымдады. Буга чейин саясатчынын адвокаттары жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Бирок башкы көзөмөл органы бул боюнча Жогорку cотко кайрылууну сунуш кылып, арызды кароодон баш тарткан. Жогорку сот 23-апрелде Текебаевдин жана Чотоновдун ишин карап... Читать дальше...
23-майда биринчилерден болуп Нидерланддын жана Британиянын жарандары добуш беришти. 26-майга чейин улана турган бул жолку шайлоо Европа менен Британияда улутчулдар популярдуу болуп турган чакта өтүп жатат. Европадагы ашынган оңчул көз карашты карманган партиялар шайлоо өнөктүгүндө иммиграцияны катаалдаштырууга басым жасашты. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Евробиримдикти таркатууну көздөгөн коалицияларга жол бербөө керек экенин белгиледи. Жалпы Европа боюнча жарандар 751 мыйзам чыгаруучуну шайлашат. Читать дальше...
Британиялык гезит Тереза Мэй 24-майда отставкага кетээрине ыктымал берип жарыялады.
Индиядагы парламенттик шайлоодо азыркы премьер-министр Нарендра Модинин «Бхаратия Жаната» партиясы алдыга чыкты.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.