Хоккей: Финляндия дүйнө чемпиону болду
Словакияда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Жекшембинин түнүндө финалдык беттеште Канада менен Финляндиянын хоккейчилери алтынды талашты. Оюн 3:1 эсебинде финдердин жеңиши менен аяктады. Ал эми үчүнчү орун үчүн Орусия менен Чехиянын командалары таймашып, бул беттештин жеңүүчүсү буллит аркылуу аныкталды. Эки команда негизги убакытты 2:2 эсеби менен жыйынтыктап, жекеме-жеке сериясында Орусия хоккейчилери таамай келип, күмүш медалды жеңип алды. Финляндия өзүнүн тарыхында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону аталды. Читать дальше...