Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 28.05.2019

"Аялдарды коргогон мыйзамдар иштебей жатат"

Azattyk.org 

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өмүрү кыйылганына бир жыл толду. Буга карата "Хьюман Райтс Вотч” уюму жаңы баяндамасын жарыялап, анда кыргыз бийлигин аялдар менен кыздардын укугун коргой албай жатат деп сындады.

Кодуранова: КСДП үчүн аягына чейин күрөшөбүз

Azattyk.org 

Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда орус президенти Владимир Путинге кримтөбөл Азиз Батукаевди алып келүү боюнча бир нече жолу кайрылганын Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова "Азаттыкка" маегинде билдирди. Ал КСДПнын айланасындагы акыркы жагдай, акыркы камоолор боюнча пикири менен бөлүштү.

“Алып кетпесең соёбуз”. Игордун ат фермасы

Azattyk.org 

Тажикстанда бийлик мыйзамсыз курулган күмбөз, эстеликтерди буздурмай болуп жатат. Сирияга кетип, жакындарын сыздаткандар – ага-жеңесинен ажыраган келиндин арманы. Бир да күнүн атсыз элестете албаган Игорь – ал касапканага сойгону алып келишкен жылкыларды сатып алып, багат.



Жээнбеков, Лукашенко жана Путин «Назарбаев ордени» менен сыйланды

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-майда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду, Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Беларус президенти Александр Лукашенкону Нурсултан Назарбаев ордени менен сыйлады. Аларга бул орден «Евразия экономикалык интеграция идеясынын 25 жылдыгына, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына байланыштуу жана Казакстан менен алаканы тереңдетүүгө кошкон салымы үчүн» ыйгарылды. Аны экс-президент Нурсултан Назарбаев өзү тапшырды. Читать дальше...

Тегерандын мурдагы мэринин аялын атып кетишти

Azattyk.org 

Ирандын маалымат каражаттары Тегерандын мурдагы мэри Мухаммед Али Нажафинин жубайын өз үйүндө атып кетишкенин кабарлашты. ИРНА маалымат агенттигинин жазганы боюнча, Митра Остад 28-майда Тегерандын түндүк-батышындагы Саадат-Абад районундагы үйүнөн табылган. Остад мурдагы мэр Мухаммед Али Нажафинин экинчи аялы болгон. Реформатор мэр катары айтылып жүргөн Мухаммед Али Нажафи былтыр жаш кыздар бийлеген иш-чарага катышканы үчүн сынга кабылгандан кийин кызматтан кеткен. Бирок ал кызматтан кетүү жөнүндө... Читать дальше...

Зеленский Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарып берди

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Одесса облусунун мурдагы губернатору жана Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарып берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок эки жылдан кийин Саакашвили Петро Порошенко менен пикири келишпей, кызматынан баш тарткан. Порошенко өз буйругу менен Михаил Саакашвилини жарандыктан ажыраткан. Читать дальше...

Бишкекте «Кыялдар атласы» сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Azattyk.org 

Көргөзмөдө Кыргызстандын жети облусунан 11 жаштан 19 жашка чейинки 46 кыздын кыялы чагылдырылган сүрөттөр коюлду.  Анда кыздар негизинен программист, дизайнер, котормочу, мугалим, дарыгер, адвокат, архитектор, жазуучу жана журналист кесибине ээ болгусу келери чагылдырылган.  АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган иш-чара айыл жеринде жашаган кыздардын максаттарын коомго жеткирүү максатын көздөйт. Уюштуруучулардын бири Южиния Чонгдун айтымында, Кыргызстанда айылда жашаган кыздардын кыялы көп учурда орундалбай калат. Читать дальше...

Энергохолдингди экс-депутат башкарат

Azattyk.org 

«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси алмашканы Кыргызстандагы акыркы күндөрдөгү катар-катар кадрдык жүрүштөрдүн көлөкөсүндө калды көрүнөт.



Элчи Шинжаңда казактар кысымга кабылганын төгүндөдү

Azattyk.org 

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский куралдуу кармаш токтобой жаткан Донбасс аймагына барды. Австрияда чуулгандуу видеодон кийин канцлер Себастьян Курцтун өкмөтү иштен кетти. Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо Шинжаңда казактарга кысым жасалып жатканы тууралуу кабарларды «жалганга» чыгарды.

Президент кыргыз армиясын мактады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү заманбап аскердик техника менен жабдылып, кыргыз армиясы курал-жарак менен камсыз болуп жатканын айтты.

Кытайдын Казакстандагы элчиси: Шинжаңда куугунтук жок

Azattyk.org 

Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо Шинжаңда казактарга кысым жасалып жатканы тууралуу кабарларды «жалган маалымат» деп баалады. Ал мындай оюн 28-майда Нур-Султан шаарында өткөн казак-кытай алакасына арналган жыйындын алдында айтты.  Чжан Сяо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «Бардык маалымат жалган. Бул жаңылыкты кайдан алдыңыз? Шинжаңда абал бир калыпта. Андагы чаралар - террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү аракети», - деди.  Бир күн мурда эле Алматы шаарында Кытайдан Казакстанга... Читать дальше...

«Азаттык+» берүүсү сыйлыкка татыды

Azattyk.org 

Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES) жарыялаган «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын чечим кабыл алуу процесстерине катышы» аттуу сынакта «Азаттык+» жаштар берүүсүнүн кабарчылары Айкөл Нурланбеков жана Айдана Топчубаева 1-орунду жеңип алышты.  Байгеге «Азаттык+» жаштар берүүсүнүн «Тагдырга сынбаган таш жарат» деген программасы татыктуу болгон. Бул берүүдө майыптыгына карабай ийгиликке жеткен жаштар жөнүндө баяндалат.

Мурдагы аткаминер зордуктоого шектелүүдө

Azattyk.org 

Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Акимжан Муйбиллаев 18 жаштагы кызды зордуктаганын жабырлануучунун адвокаты айтып чыкты. Экинчи тараптын жактоочулары муну акча өндүргүсү келген топтун аракети катары мүнөздөдү.

Евробиримдик Кыргызстандагы коомдук уюмдар үчүн тынчсызданды

Azattyk.org 

27-майда Брюсселде Европа Биримдиги менен Кыргызстандын өкүлдөрү адам укугу жаатындагы кызматташтык маселесин талкуулашты. Анда Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандардын эркин оюн билдирүү жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өзгөрүүлөрдү кубаттай тургандыгын билдирген.  Ошондой эле Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген. Читать дальше...

Аба ырайы: 29-майда күн ысыйт

Azattyk.org 

29-майда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33, Суусамырда түнкүсүн 0...-5, күндүз 17...22, Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32, Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26 градус болот. 29-майда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат... Читать дальше...

“Манас” аэропортунан жарандыгы жок адам беш айдан бери чыга албай турат

Azattyk.org 

“Манас” эл аралык аэропортунун бейтарап аймагында (стерильная зона) Арлен Хадаа аттуу жарандыгы жок адам беш айга жакын убакыттан бери чыга албай жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.  Арлендин аялы, эки баласы Норвегияда жашайт. Аны 2016-жылы Кыргызстанга депортация кылышкан. Хадаа Кыргызстанда жашаганы жөнүндө убактылуу документ алып, кайра Норвегияга кетүүгө аракет кылган учурда Орусиянын Миграция кызматы Москвадан Бишкекке 19-январда депортация кылып жиберген. Читать дальше...

Музей менен ат майдандагы коррупция боюнча сот башталды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш ишин кароону баштады. Ага бул ишке айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаков алып келинди. Мындан сырткары президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева катышууда. Соттук териштирүү алдындагы баштапкы жыйын жабык өтүп жатат. Ага айрым укук коргоочулар сырттан көз салууда. Ишти судья Эрнис Айбек уулу карап жатат. Читать дальше...

Орусиянын коргоо министри Тажикстанга келди

Azattyk.org 

28-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Дүйшөмбү шаарында жолугуп, эки тараптуу аскердик кызматташтыкты талкуулады. «Азаттыктын» тажик кызматынын жазганына караганда, Дүйшөмбү шаарында жабык эшик артында өткөн жолугушууга эки өлкөнүн аскер жетекчилери да катышты. Сергей Шойгу Орусия менен Тажикстандын саясий жана аскердик кызматташтыгын жогору баалап, Москва Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам берүүнү уланта берерин билдирген. Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

Певец Стас Пьеха рассказал о постановочной драке с Тимати, за которую его хотели избить





Персональные новости
МТС

МТС Travel рассказал, куда туристы из Чувашии поедут на майские праздники





Феминисттер президентке кайрылышты

Azattyk.org 

«8/365» феминисттик кыймылы, ЛГТБ өкүлдөрү, гендердик жана аялдар уюмдары укуктарын коргоп берүүнү өтүнүп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Кайрылууда 2019-жылдын 1-майында болгон окуя боюнча укук коргоо органдары эч кандай чара көрбөй жатканын айтып даттанышкан. «1-май күнү «8/365» феминисттик кыймылы уюштурган аялдардын укугуна байланыштуу иш-чарада милиция кызматкерлеринин көзүнчө бейтааныш балдар коркутуп, жумуртка менен урушкан. Анда «Кырк Чоро» кыймылынын мүчөсү да болгон. Милиция... Читать дальше...

Юристанбек Шыгаев кызматынан бошотулду

Azattyk.org 

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин музейдеги сүрөттөрдүн жоголушун иликтеш үчүн түзүлгөн комиссия Шыгаев Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана Николай Генин «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрүнүн түп нускасын алганы аныкталганын билдирген. Читать дальше...

АКШнын коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон БАЭге келет

Azattyk.org 

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон ушул жумада Бириккен Араб Эмираттарына сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн келет. Болтондун бул аймакка барышы Сауд Арабиясы жана АКШ Ирандын аракеттерин айыптап, бул багытта Сауд Арабиясында бир катар иш-чаралар белгиленген учурга туш келди. Бейшемби жана жума күндөрү Мекке шаарында чөлкөмдүк жыйындар өтөт. Эр-Рияд өзүнүн аймактагы атаандашы Иранды ооздуктагысы келет. Ушул айда АКШ Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна учак ташуучу согуштук кемесин... Читать дальше...

Мамкаттоонун кызматкери катары жер сатып жүргөн киши кармалды

Azattyk.org 

Интернетте өзүн Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү катары тааныштырып, алдоо менен жер сатып жүргөн кылмышка шектүү кармалганын Жалал-Абад олустук ички иштер башмармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милицияга Таш-Көмүр шаарынын тургуну өзүн Руслан Расулов деп тааныштырган кызматкерге Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринен жер тилкесин алыш үчүн 300 миң сомго жакын акчасын алдатканын айтып кайрылган. «Алдамчылык» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин натыйжасында Өзгөн районунун 39 жаштагы тургуну кармалган. Читать дальше...

Абдрахманов: КСДП парламенттик шайлоого катышат

Azattyk.org 

Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу бүгүнкү басма сөз жыйынында айтылды. Абдрахманов «Азаттыкка» азыр 3-апрелдеги курултайдын чечимин тааныштырыш үчүн партия мүчөлөрү жер-жерлерди кыдырып жатканын билдирди: - Түштүктүн баарын кыдырып, кантип шайлоого катышарыбызды Токтогул, Аксыдан баштап Жалал-Абад, Ош, Баткенге чейин биздин баштапкы уюмдарды кыдырып, мүчөлөр, активдер менен жолугуп, 18-съезддин чечими менен тааныштырып жүрөбүз. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Кыргызстанцы завоевали медали на международном турнире по танцам в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Цветение березы началось в столице





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о формировании взаимовыгодного международного сотрудничества


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил, что не собирается проводить в Белоруссии мобилизацию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Песня

Совместная Песня со Звездой.



Москва

Синоптик Жуков рассказал о погоде в Москве и Подмосковье в начале мая 2024 года

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net