Москва менен Амстердам “Арктик Санрайз" кемеси боюнча талашты жөнгө салды
Орусия менен Нидерланддар 2013-жылы “Гринпис” экологиялык уюмунун кемесин басып алуу боюнча узак убактан берки талашка чекит койду. 17-майда жарыяланган билдирүүдө Нидерланддын желеги менен келе жаткан “Арктик Санрайз" кемесине келтирилген чыгым үчүн Москва 2,7 миллион евро төлөп бере турганы көрсөтүлгөн. “Орусия Федерациясы жана Нидерланддар бири бирине койгон доону толук жөнгө салды” деп айтылат эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери тараткан биргелешкен билдирүүдө. "Гринпис" экологиялык уюмунун... Читать дальше...