Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 18.05.2019

Өкмөт Иманкадыр Рысалиевди кызматтан чакыртып алууну сунуштады

Azattyk.org 

Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнө кайрылып, "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчысы Иманкадыр Рысалиевди бул кызматынан чакыртып алууну сунуштады. Рысалиев өзү да бул маалыматты "Азаттыкка" тастыктап, иштен кетүүнү чечкенин айтты.  Мындай өтүнүч менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУга кайрылганын мамлекеттик "Кабар" агенттиги маалымдады. Өкмөт башчы бул чечимди "Рысалиевдин тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коомдук резонанстан улам" кабыл алганы айтылды. Читать дальше...



Президент бийчи Фарух Садыркуловго ар тараптуу колдоо убада кылды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды. Мамлекет башчысы балет бийчисинин жетишкендиктери "баарыбыз үчүн чоң сыймык" экенин айтып, апасы Светлана Садыркуловага ыраазычылык билдирди. Жаш талантка мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгилеп, президенттин энчилүү саатын тапшырды. Садыркулов дүйнөдөгү эң эски бий мектептеринин бири - Агриппина Ваганова атындагы орус балет академиясынын бүтүрүүчүсү. Читать дальше...

Өзгөндө камалган блогер эркиндикке чыкты

Azattyk.org 

Өзгөндө камалган блогер Бауржан Кадырбеков эркиндикке чыкты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, блогердин үстүнөн даттангандар тосмо арыз жазып, ага доосу жоктугун билдиришти. Кадырбеков да алардын үстүнөн жазган арыздарын кайтарып алды. Буга байланыштуу жазык иши кыскартылып, блогер тергөө абагынан чыкты. Блогерге Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы “Ээнбаштык” беренеси боюнча сотко чейинки бир, “Опузалап акча... Читать дальше...

Спорттук мектепте бир жылда 179 бала окуудан четтетилди

Azattyk.org 

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында бир жылда 179 бала окуудан чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган окуу жайдын директору Кадырбек Эргешов билдирди. Ал мындай чечим кабыл алууга окуучулардын тартипке баш ийбегени себеп болгонун айтты. - Эң негизги көйгөй бизде тартип болуп жатат. Бир жылдын ичинде эле эки жүздөй бала кетирилди. Алардын көбү эле биздин талапка жооп бербейт. Бул биринчи жагы болсо, экинчи жагы - кеткен балдардын көпчүлүгү бул жерде (окуу жайда) иштегендердин жердештери... Читать дальше...

Президент ардактуу энелерге сыйлык тапшырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата көп балалуу энелердин айрымдарын кабыл алып,  мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Салтанатка Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан кыргызстандык жаштардын апалары да катышты. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген ар бир эненин ысмын ыраазычылык менен атап, өзгөчө кароосуз калган 128 баланы тарбиялаган жана учурда 18 баланы тарбиялап жаткан Наталья Аслаповскаяны белгиледи. Азия жана дүйнөлүк чемпионаттарда байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар... Читать дальше...

Австриянын вице-канцлери орусиялыктын айынан кызматтан кетти

Azattyk.org 

Австриянын вице-канцлери Хайнц-Кристиан Штрахе парламенттик шайлоо алдында орусиялык бизнесмендин каржылоосу тууралуу сүйлөшүп жаткан видеосу тарагандан кийин кызматтан кетти. Ал башкаруучу коалициянын ыдырашына жол бербөө үчүн ушундай кадамга барганын айтты. 2017-жылдагы видеодо оңчул радикал Эркиндик партиясынын лидери Штрахе өзүн бай орусиялыкмын деп тааныштырган Алёна Макарова аттуу келин менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Ал Штрахеге шайлоодо каржылык жана саясий колдоо көрсөтүп, бул үчүн бизнесин илгерилетүүгө жардам күтөрүн айткан.



Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери таймашты

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн 18-майда Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында кармаш-уруш боюнча турнир өттү. Иш-чара Чек ара кызматынын 20 жылдыгына карата уюштурулду. Жалпысынан 108 спортчу катышты. Натыйжада биринчи орунду чек арачылар алды. Экинчи орунга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгы, үчүнчүгө Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскердик институттун кызматкерлери татыды. (RK)

Түрк эненин музыкант кыргыз уулу

Azattyk.org 

Түркиялык Берна Эргүн аутист балдары бар энелерге моралдык колдоо көрсөтүү максатында жарандык активист катары иштеп келет. Анткени ал уулу Мырзаны өзү окутуп, музыка дуйнөсүн жетелеп кирген. Учурда уулу Түркиянын улуттук консерваториясынын студенти. Түрк эне аутист уулунун жашоодогу жетишкендиктерине анын атасы кыргыз болгону дагы өз салымын кошту деп ойлойт.

Абылгазиев "КТ Мобайлды" сүрөгөнүн танбайт

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ Мобайл» жана анын артында турат делген бажасы Иманкадыр Рысалиев тууралуу комментарий берип, дооматтар ырастала электигин билдирди.

Музейдеги маданиятты даңктаган түн

Azattyk.org 

Кыргызстанда 18-май Эл аралык музей күнүнө карата "Музейлер түнү" иш-чарасы болуп өттү. Музейлерде көрүүчүлөр искусствонун түрлөрүн гана көрбөй, айкелчиликтин сырлары менен таанышып, сүрөт тартып, улуттук кийим-кече, буюм-тайымдардын көргөзмөсүнө да күбө болушту. Бул иш-чара алты жылдан бери музейлерге көрүүчүлөрдү тартуу максатында уюштурулуп жүрөт.

19-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

19-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25; Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24; Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27; Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус болот. Читать дальше...

Казакстанда бир күндө үч бала терезеден кулап түштү

Azattyk.org 

Казакстанда бир күндө үч бала көп кабат үйдүн терезесинен кулап түштү. КазТАГ агенттигинин маалыматына караганда, 17-майда Павлодар облусунда экинчи кабаттан үч жана бир жашар наристелер кулаган. Азыр алар ооруканада. Ушул эле күнү Өскемен шаарында беш кабат үйдүн экинчи кабатынан беш жашар бала кулап түшкөн. Ал да ооруканада жатат. Полициянын айтымында, кырсык балдардын жанында эч ким жок учурда болгон. (RK)

Атамбаевдин жансакчысы кайрадан суракка чакырылды

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев кайрадан Аскердик прокуратурага суракка чакырылды. Чакыртмада ал күбө катары сурак берери жазылган. Мусакеев 16-майда да Аскердик прокуратурага күбө катары сурак берип чыккан. Аны эки себеп менен айыптап жатышат. Биринчиси - 9-башкармалыкты жетектеп турганда кызматтык батирлерди туура эмес тараткан деген, экинчиси - мыйзамсыз баюу. Биринчиси боюнча сот жүрүп жатат... Читать дальше...

Австрияда кыздарга хижаб кийүүгө тыюу салуу сунушу колдоо тапты

Azattyk.org 

Австрияда башталгыч класста окуган кыздарга мектепке хижаб кийип барууга тыюу салуу сунушу колдоо табууда. Өлкө парламенти бул тууралуу мыйзам долбоорун өкмөт үч жолу сунуштагандан кийин талкуулап, колдоп берди. Демилгечилердин пикиринде, жаңы мыйзам мусулман кыздарга австриялык коомго аралашуусуна жардам берет. Оппозиция өкмөт алгылыктуу иш жасабай, популизмге алдырууда деп сындап жатат. Эгер талап аткарылбаса окуучу кыздын ата-энесине 440 евро айыппул салынат. Бирок мусулман коомчулугунун өкүлдөрү мыйзамга каршы чыгып... Читать дальше...

Кызыл Ай коому Орозого карата кайрымдуулук акциясын уюштурду

Azattyk.org 

Кызыл Ай эл аралык коомунун Кыргызстандагы жана Түркиядагы өкүлчүлүктөрү Орозо айына карата кайрымдуулук акциясын уюштурду. Чүй облусунда 250, Нарында 400, Бишкекте 100 үй-бүлөгө азык-түлүк сатылып берилет. Жакыр жашаган калкка колдоо көрсөтүүгө багытталган бул акциянын алкагында муктаждарга 20-майда Бишкекте ваучерлер таркатылат. Ар бир ваучердин наркы 1400 сом. Аны алгандар арак-шараптан тышкары бардык керектүү азык-түлүгүн супермаркеттерден сатып ала алышат. (BCh)


Музыкальные новости
Баста

"Новосибирск, бро, за всё прости": концерт Басты на "Сибирь-Арене" собрал аншлаг





Персональные новости
Арцах

Вывод российского контингента из Арцаха – подарок Алиеву. Фоторяд





Бир жылда Кыргызстанга жети миллион турист келди

Azattyk.org 

2018-жылы Кыргызстанга келип кеткен туристтердин жалпы саны жети миллионго жеткен. Бул тууралуу “Азаттыкка” Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди: - Бүткүл дүйнөлүк туризм уюмунун маалыматы боюнча, 7 миллионго жакын адам келген. Быйыл да андан аз эмес болот деп жатабыз. 2012-жылдан бери визасыз тартип иштеп жатат. Быйыл анын мөөнөтү 2025-жылга чейин узартылды. Учурда 52 мамлекет менен визасыз каттам келишим бар. Дамир уулунун айтымында, былтыр туристтерди кабыл алуудан түшкөн каражат 450 миллион доллар болгон. Читать дальше...

АКШ Перс булуңу жактан учкан учактарын этият болууга чакырды

Azattyk.org 

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) Иран менен мамиле бузулуп жатканына байланыштуу Перс булуңунун үстүнөн учкан америкалык учактарды этият болууга чакырды. Мекеменин маалыматына караганда, «аймакта аскердик ишмердүүлүк күчөп, саясий абал курчуп турган чакта америкалык учактарды көзөмөлдөөгө тоскоолдук жаралышы ыктымал». Соңку күндөрү Кошмо Штаттар Иран тараптан коркунуч жаралып жатканын айтып, ортодо аскердик жаңжал чыгышы ыктымал деген кооптонуусун билдире баштады. Расмий Иран Ак үйдүн мындай айыптоолорун четке кагып... Читать дальше...

Шаардык кеңештин спикери согуш ардагерине жардам берди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Абиров “Энелер күнүнүн” урматына Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Анастасия Толочковага күнүмдүк керектелүүчү техникалык каражаттарды алып берди. Шаардык кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, төрага 9-май Жеңиш күнүндө Согуштун жана ооруктун ардагерлери менен жолугушкан кезде Толочкова ага өзүн түйшөлткөн маселелерин айтып, ичимдик суудан жана башка техникалык каражаттардан кыйналып, жалгыз жашап жатканын айткан. “Абиров 18-майда Толочкова муктаж болуп жаткан жабдууларды белек кылды. Читать дальше...

Жогорку сот Матраимовду колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Сот Райымбек Матраимовду колдогон чечим чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Арыз 17-майда каралып, жарандык иштер боюнча соттук коллегия буга чейинки чечимдерди күчүндө калтырды. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген. Кийин ал иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

RU.TV превращает Русскую Музыкальную Премию в Мюзикл


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

«Был риск завершить борьбу еще в первом матче». В России оценили победу Рыбакиной в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о формировании взаимовыгодного международного сотрудничества


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко пообещал потенциальным агрессорам ответ всеми видами оружия




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Священнику, отпевавшего Навального, запретили носить рясу и крест



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Михаил Кутушов

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье



Москва

В Дмитрове ученик 4 класса заметил пожар и вовремя поднял тревогу

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net