Дамир Мусакеевге дагы бир иш козголду
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевге карата дагы бир кылмыш иш козголду.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевге карата дагы бир кылмыш иш козголду.
Түндүк Корея үлгүсү белгисиз эки ракетаcын учурганын, алар кыска аралыкты бутага алуучу куралдар болушу ыктымалдыгын 9-майда Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү маалымдады. Ракеталардын бири 420 чакырым, экинчиси 270 чакырым учканы такталды. Ушуну менен Пхеньян акыркы бир жумада экинчи жолу ракетасын сыноодо. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин коңшу өлкөнүн бул кадамын Кошмо Штаттарга каршылык белгиси болушу мүмкүн деп баалады. «Ханойдо макулдашууга жете албай калганына Түндүк Корея нааразы... Читать дальше...
Орусиялык «Аэрофлот» компаниясы акыркы суткада «Сухой Супержет-100» (SSJ-100) учактары жүргүзмөк болгон ондон ашуун каттамды токтотту. Шереметьево аэропортунун онлайн-таблосу Астрахань, Краснодар, Нижний Новгород, Оренбург, Ростов-на-Дону, Самара, Саратов, Тюмень, Ульяновск, Уфа, ошондой эле Эстониянын борбору Таллин шаарларына каттамдарын токтотконун көрсөткөн. Азырынча анын так себеби белгисиз. 8-майдын кечинде Москвадан Ригага уча турган каттам эки саатка кармалган. Жүргүнчүлөр күйүк жыттанып... Читать дальше...
9-майда Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында полиция бир нече адамды кармады. Кошмо Штаттар Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Кабулдагы эл аралык уюмдун кеңсесине согушкерлер кол салып, тогуз кишинин өмүрү кыйылды.
Мээси чайкалып ооруканага түшкөн эки жашар кыздын абалы оор.
Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери 9-майда Румыниянын Сибиу шаарында бейформал саммит өткөрүштү. Жыйынга биримдиктен чыгууну көздөп турган Британиянын премьер-министри катышкан жок. Саммит соңунда 10 пункттан турган «Сибиу декларациясы» кабыл алынды. Анда Евробиримдиктин баалуулуктары, геосаясаттагы, глобалдык маселелерди чечүүдөгү орду белгиленген. «Жашоо образыбызды, демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн коргоону улантабыз», «Чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө карай бир Европаны коргойбуз. Читать дальше...
Бразилиянын мурдагы президенти Мишел Темер ири коррупциялык жаңжалга байланыштуу камакка алынышы керек. 9-майда Рио-де-Жанейронун апелляциялык соту ушундай чечим чыгарды. 78 жаштагы Темер ушул эле иш боюнча мартта кармалып, бир нече күндөн кийин бошотулган. 2018-жылдын соңунда президенттик мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматтан кеткен Темер «ири өлчөмдө пара алган», «арам акчаны адалдаган» деп шек саналууда. Ушул эле иш боюнча Бразилиянын дагы бир мурдагы президенти Луис Лула да Силва 12 жылга эркинен ажыратылган.
Орусиянын Чувашия республикасында сүт заводун курмакчы болгон кытай инвесторлоруна каршы чыгышты. Жергиликтүү эл муну менен “кытайлар жерибизди ээлеп, кетпей коюшат” деп чочулап жатышат. Ошол эле маалда орус бийлиги чыгыш аймагында гектарлаган жерлерди бекер берип жатат.
Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында өткөн «Өлбөс полк» акциясы камакка алуу менен коштолду.
Жогорку сот 13-майда жеке ишкер Назгүл Будайчиевадан «опузалап акча алып жүргөн», «мүлкүн тартып алган» деп айыпталган адамдардын ишин кайра тергөөгө жөнөтпөө тууралуу арызды карайт.
Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда Жеңиш майрамы өзгөчө белгиленет.
Мындай маалымат Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын жетекчиси Илкер Айжи менен жолугушкан учурда айтылды. Жолугушуу 8-май күнү, Чыңгыз Айдарбековдун Түркиядагы расмий сапарынын алкагында, Стамбул шаарында болду. Тараптар кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү сүйлөшүп, аталган аба компаниясынын каттамдарын Кыргызстандын башка аймактарына жандандыруу маселесин талкуулашты. Мындан тышкары Чыңгыз Айдарбеков Илкер Айжини «Манас» аэропортунун транзиттик... Читать дальше...
Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында жыйынтыкталган көкбөрү боюнча республикалык турнирде жогорку лигада «Достук» командасы жеңүүчү болду. Бүгүн, 9-майда баш байге үчүн болгон беттеште Оштун «Достук» командасы Таластын «Ынтымак» командасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Оюндагы жалгыз улакты үчүнчү таймдын акыркы бөлүгүндө Таши Майлыбашев таштады. Бул лигада 3-орунду «Сары-Өзөн» командасы алды. Жеңиш күнүнө карата уюштурулган республикалык көкбөрү турнири биринчи лига менен жогорку лигадагы командалардын арасында өттү. Читать дальше...
Экөө тең күчтүү команда болгондуктан, үчүнчү тайм жарымынан өткөндө гана эсеп саны ачылды.
Кыргызстандын 16 жашка чейинки (U-16) футбол боюнча курама командасы 2020-жылы өтө турган Азия чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Бул тууралуу АФКнын расмий сайты маалымдайт. Бүгүн, 9-майда Малазиянын Куала-Лампур шаарында Азия чемпионатына тандоо оюндары үчүн чүчү кулак ташталып, 47 команда 11 тайпага бөлүштүрүлдү. Кыргызстан Ирак, Ливан жана Бириккен Араб Эмираттарынын курама командалары менен F тайпасына жайгашты. F тайпасынын оюндары ушул жылдын сентябрь айында Бишкекте өтөт. Тандоо... Читать дальше...
Бишкекте 9-май Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгына арналган салтанат акыркы жылдары салтка айланып бара жаткан «Өлбөс полктун» жүрүшү менен коштолду. Бул жүрүштүн башында чоң атасынын сүрөтүн көтөргөн президет Сооронбай Жээнбеков турду. Ушул эле жүрүшкө экс-президент Алмазбек Атамбаев атасынын сүрөтүн көтөрүп үй-бүлөсү менен чогуу катышты. Жүрүш Жеңиш аянтында ардагерлердин катышуусундагы иш-чара менен жыйынтыкталды. Ага мамлекет башчыдан тышкары экс-президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы Мукамбеткалый Абылгазиев... Читать дальше...
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишим сакталышы керек экенин билдирип, буга тиешеси барларды сабырдуу болууга чакырды. - Иран келишимде кала бериши керек. Биз да аны сактап калыш үчүн колубуздан келишинче аракет кылышыбыз зарыл, - деди Макрон 9-майдагы сөзүндө. Ушул эле күнү Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини да Иранга колдоосун билдирди. - Биз мурдагыдай эле өзөктүк келишимдин толук ишке ашырылышын жактайбыз. Бул биз үчүн да... Читать дальше...
Орусиянын паспортун алган украиналыктар социалдык төлөмдөрдөн жана пенсиядан кур калышат. Бул тууралууу Украинанын ардагерлер иши боюнча министри Ирина Фриз шаршембиде билдирди. Украин өкмөтү Донбасс аймагынын тургундарына берилген орус паспортторун тааныбай турган чечим кабыл алган. Кремль Киевдин мындай реакциясына карабай каалаган украиналыктарга жеңилдетилген шартта орус паспортторун берүү улантыларын билдирди. Апрель айынын соңунда Орусия президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы... Читать дальше...
Жеңиш майрамынын урматына Кыргызстандын Украинадагы элчилиги, «Тосор» коомунун өкүлдөрү жана Днепропетровск облусундагы кыргыз диаспорасы Украинада кыргызстандык жоокерди эскерүүгө катышты. Советтер Союзунун баатыры Мукаш Салакуновдун атын алып жүргөн Днепр шаарындагы № 52 орто мектепте окуучулар концерттик программа даярдашкан. Элчилик Днепр шаарындагы ардагерлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктап, аларга белек тапшырды. Мектептин музейине М.Салакунов жөнүндө иш кагаздары тапшырылып... Читать дальше...
“Талибандын” Кабулдагы эл аралык уюмдун кеңсесине жасаган чабуулунан тогуз киши мерт болуп, дагы 20дан ашык киши жараат алды.
10-майда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 17…22; Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 25…30; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21; Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7 градус болот. 10-майда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...
Ооганстанда 8-майдагы «Талибан» кыймылы «Каунтерпарт интернешнл» эл аралык уюмуна кол салып, тогуз киши мерт болду. Алардын бешөө полиция кызматкери, бирөө күзөтчү, дагы үчөө жайкын тургундар экени такталды. 20дан ашуун киши жарадар болгон. Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Насрат Рахими куралдуу кагылыш күндүзгү саат 11де башталып, бир сааттай атышуу болгонун билдирди. - Адегенде жанкечти эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдун кеңсесине чабуул койгон. Андан соң төртөө комплекстин ичине кирип барышкан. Читать дальше...
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгы Орусияда жылдагыдай эле парад менен белгиленди. 13 миңден ашуун аскер, 130 аскердик техника каражаты Кызыл аянттан өттү. Аскер учактары, тик учактар парадга катыштырылган жок. Буга аба ырайы себеп болгону айтылды. Салтанатка өлкө президенти Владимир Путин, премьер-министр Дмитрий Медведев, чет элдик жогорку даражалуу коноктордон Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев катышты. Мурдараак Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жолку Жеңиш... Читать дальше...
Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон Сузак районунун тургуну, ардагер Кошойкан Жакаевдин сөөгү 76 жылдан кийин Орусиянын аймагынан табылды.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.