123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 24.05.2019

Тоңдо Дамир Мусакеевдин тарапкерлери чогулушту

Azattyk.org 

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин жүзгө чукул тарапкерлери топтолуп турушат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Акыйкат үчүн күрөш” кыймылынын төрагасы Айбек Жаңыбаев билдирди. Анын айтымында, чогулгандар Мусакеевге чыккан сот өкүмүнө нааразы: - Дамирди камап салганы үчүн балдар чогулуп жатат. Себеби ал жерде баары түшүнүп жатышат, экс-президент менен азыркы президенттин тирешинен Дамирге саясий куугунтук болуп эле камап жатышат. Ал жерге туугандары гана эмес... Читать дальше...

Балага токмок эмес, мээрим керек

Azattyk.org 

Айдын башында эки жашар кыз Жалал-Абаддагы ооруканага эс-учу жок абалында түшсө, бир жумадан кийин атасы сабаган алты жашар бала ооруканага жаткырылды. Эмне үчүн ата-эне, жакын туугандар жана коомчулук бул көйгөйгө кайдыгер? "Азаттык+" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы бала тарбиясына арналды.

Европадагы эр сайыш

Azattyk.org 

16-19-майда Украинада орто кылымдардагы салгылашуу боюнча эл аралык турнир өттү. Ага миңден ашуун соот-чопкут кийинген катышуучу келип, 30дай өлкөнүн өкүлдөрү орто кылымдардагы Европа салгылашууларынын элесин беришти.



УКМК тууралуу талкууда уруш чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда жарандык коом тарабынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) реформалоо боюнча талап коюлууда.

Кабулдагы жардырууда белгилүү имам каза тапты

Azattyk.org 

Кабулдагы мечитте жума күнкү жардырууда бир адам каза таап, 16 киши жарадар болду.  Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган редакциясына айтып бергендей, өлгөн киши – имам Мавлави Райхан болчу. Борбор шаардын райондук полициясынын өкүлү бомба жума намаз учурунда болжол менен диниятчы колдонгон микрофонго коюлганын айтты. Бул кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз. Ооган башкалаасында талиб жоочулары да, «Ислам... Читать дальше...

Айыл чарбасын жаңылоо аракети

Azattyk.org 

28 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиев айыл чарба министринин кызматына өз талапкерлигин көрсөтүүдө. Ал эгер бул кызматта иштесе кардиналдуу реформа жүргүзүүгө убада берип жатат.

Орус соту АКШ жаранынын камактагы мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

Москва соту АКШнын мурдагы деңиз аскери Пол Уиландын сотко чейин абакта кармоо мөөнөтүн 29-августка чейин узартты. 24-майда Лефортово райондук соту адвокаттын аны үй камагына которуу арызын четке какты.  Уилан - Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны. Ал былтыр декабрда Москвада тыңчылык кылган деген шектин негизинде кармалган. Дооматтарды четке каккан Уилан күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Сотто Уилан «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деди. Читать дальше...

Экс-президенттин жансакчысы беш жылга соттолду

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Мусакеев сот залынан камакка алынды.



Өкмөт сындалган кадрлардан арылды

Azattyk.org 

Коомдогу нааразылыктан улам кызматсыз калгандардын катарын бүгүн айыл чарба министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратов толуктады.

Балдар жакырчылыгы жанга батты

Azattyk.org 

Жакырчылыктын балдарга тийгизген таасирин талкуулаган «Ачык диалог» конференциясында балдарга инвестиция жумшоо учурдун талабы экени айтылды. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт.

ИИМ: Саляновдун өлүмү боюнча экинчи шектүү Орусиядан экстрадицияланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү деп эсептелген экинчи киши Москвадан Бишкекке жеткирилди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 24-майда билдиргендей, шектүү 1983-жылы туулган, Токмок шаарынын тургуну Асанэмир Абыкулов. Азыр ал баш калаадагы №1 тергөө абагында.   Абыкулов Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү»)  менен шектүү катары эл аралык издөөдө жүргөн. 2018-жылдын январында Москвадан кармалганы кабарланган... Читать дальше...

Казанда эл мечит салууга каршы чыкты

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй кызматынан кетерин жарыялады. Украин президенти Владимир Зеленскийдин өз өлкөсүн толугу менен смартфонго өткөрүү кыялы. Эт өндүргөн америкалык ири компания казак рыногуна кызыгып жатышат.

Муфтият: медреселердин 800дөн ашуун тарбиячысы кесиптик билим алды

Azattyk.org 

Ош облусунун Араван айылында бүгүн, 24-майда медреселерге ашпозчу, ширетүүчү, тигүүчү, компьютер колдонуучу адис, электрик жана башка кесиптерди үйрөтүүдө керектелген жабдыктар берилди.  Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, жабдууларды Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы кесип үйрөтүүгө ылайыкташып, сыноо иретинде долбоор катары тандалып алынган медреселер алышат. «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында азыр өлкөдөгү 28 медреседе кесиптик билим берилип жатат. ... Читать дальше...

Пакистанда жума намаз учурунда жардыруу болду

Azattyk.org 

Пакистандын Белужистан аймагында жума намаз маалында болгон жардыруудан эки киши мүрт кетти, ондогон адамдар жарадар болду.  Полициянын маалыматына ылайык, жардыруучу түзмөк Кветта шаарындагы мечиттин ичине коюлган. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Белужистанда мазхаб аралык кастык, көбүнесе шийит азчылыгын бутага алган теракттар акыркы жылдары жүздөгөн кишинин өмүрүн алып кетти. Бирок сөз болгон Кветтадагы мечитке негизинен сунниттер барышат. Белужистанда жикчилдер менен... Читать дальше...

КСДП тыңшоо боюнча Башкы прокуратурага кайрылат

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракети боюнча Башкы прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу партиянын юристи Нурбек Касымбеков 24-майда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, арыз «Экс-президенттин макамы жана ишмердигин кепилдикке алуу жөнүндө» мыйзамга ылайык берилет. Далил катары тыңшоочу аппарат бекитилген электр улоочу жабдык кошо берилмекчи.  Касымбеков экс-президентти тыңшоого аракет кылган УКМКнын... Читать дальше...

УКМК төрагасынын милдетин Орозбек Опумбаев аткарып жатат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын милдетин Орозбек Опумбаев аткарууда. Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү «Азаттыкка» билдиргендей, Опумбаев буга чейин төраганын биринчи орун басары болчу. Бул кызматка былтыр октябрда президенттин буйругу менен дайындалган.  УКМКнын мурдагы жетекчиси Идрис Кадыркулов 15-майда паспорт, тендер чырына байланыштуу кызматтан кеткен.

Ниязов: Атамбаевдин Жээнбеков менен сүйлөшүү аракетинен майнап жок

Azattyk.org 

Бул тууралуу президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов 24-майда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, экс-президент менен жолугуп, сүйлөшүүдөн президент Сооронбай Жээнбеков баш тарткан. Ниязов «бүгүнкү бийлик Алмазбек Атамбаевди бутага алды» деп айтты.  Ал ошондой эле Коррупцияга каршы күрөш кызматын Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезинде УКМКнын курамынан чыгарып, өкмөткө берүүнү көздөгөнүн билдирип, «президенттин колунда бардык күч кызматтары чогулуп турат» деди.  ... Читать дальше...

«Бала баскан» балалык

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарды. Бул 2017-жылга караганда 60 кишиге көп.


Музыкальные новости
Ольга Бузова

«ТНТ, где мой дом?» Ольга Бузова потребовала главный приз реалити-шоу «Дом-2» в программе «УТРО. ТНТ»





Персональные новости
Россия

Путешествовать по России в майские праздники будут 2,8 миллиона туристов





"Ачык саясат" Рыспаевдин пайдасына чыккан сот чечимине каршы даттанат

Azattyk.org 

"Ачык саясат" гезитинин жетекчилиги Бишкектин Октябрь райондук сотунун бүгүн, 24-майда чыгарган чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылат. Басылманын башкы редактору Назгүл Мамытованын маалыматына караганда, ишти караган райондук соттун судьясы Майрам Дүйшембиева аталган гезитти парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевге 300 000 сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.    "Ачык саясат" гезити 2018-жылы августта "Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту" деген макала жарыялаган. Читать дальше...

Маңкурт ар бир доордо бар

Azattyk.org 

Кыргыз улуттук академиялык драма театр быйылкы сезонун Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектакли менен жапты. Бул спектаклди театр таануучулар, көрүүчүлөр мактап, кыргыз театрынын акыркы жылдардагы эң чоң ийгилиги катары баалап жатышат. Спектакль быйыл Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына арналган республикалык театр фестивалында башкы байгени жеңип алды.

Журналисттердин ролу форумда талкууланды

Azattyk.org 

Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарына арналган медиа форум өттү. Форумда ШКУну өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу талкууланды. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышып, Кыргызстандагы медиа жана журналисттердин таасири жөнүндө сөз сүйлөдү.

Жалал-Абадда кыйноого каршы форум өтүп жатат

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын демилгеси менен кыйноонун жана зомбулуктун алдын алуу боюнча жарандык форум өткөрүп жатат. Иш-чаранын максаты Кыйноого каршы улуттук борбордун ишин аймактагы тургундарга кеңири жайылтуу.  Кыймылдын жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдиргендей, форум аркылуу аймактагы жергиликтүү тургундарга кыйноонун жана катаал мамилелердин алдын алуунун жолдору, кыйноого кабылганда кимдерге кайрылуу керек экендиги түшүндүрүлүүдө.  - Учурда эксперттер... Читать дальше...

Эт өндүргөн ири америкалык компания казак рыногуна кызыгууда

Azattyk.org 

АКШдагы эт өндүрүүчү ири «Tyson Foods» компаниясы казак рыногуна кирүү боюнча пландарын ортого салды. Компаниянын өкүлдөрү Казакстанда болду, бирок азырынча долбоорлор түзүлө элек. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына фирманын басма сөз катчысы билдирди. Арканзас штатында жайгашкан «Tyson Foods» уй, чочко, тоок этин, чала фабрикатты экспортко чыгарат. 23-майда британиялык «Financial Times» гезити америкалык компания Казакстанда уй этин өндүрүш үчүн миллиарддаган инвестиция жумшоо жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүп жатканын жазган. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

RU.TV превращает Русскую Музыкальную Премию в Мюзикл


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Елена Рыбакина стала чемпионкой турнира WTA-500 в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Кабардино-Балкарии стартует крупнейшая экологическая акция «Вода России»





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин назвал сохранение духовных ценностей условием укрепления суверенитета


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко убежден, что белорусы «никогда еще так хорошо не жили»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Проводивший панихиду по Навальному* священник запрещен в служении



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Певец Стас Пьеха рассказал о постановочной драке с Тимати, за которую его хотели избить



Москва

Мигрант избил Героя России, но МВД решило, что это мелкое хулиганство, и год не возбуждали дело, пока Бастрыкин не сказал своё слово

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net