Кара-Көлдө ички аскер кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө
Кара-Көл шаарында асынып алганы айтылган ички аскер кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Ички иштер министрлигинин ички аскер бөлүгүнүн 38 жаштагы кызматкери 13-майда убактылуу жашап жаткан үйүндө асынган абалда табылган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "өз өмүрүнө кол салуу" фактысы катары катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. (SE)