123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 03.05.2019



Ассамблеянын төрагасы алмашты

Azattyk.org 

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев шайланды. Ал эми ассамблеянын буга чейинки жетекчиси Токон Мамытов кызматтан расмий алынды.

НАТОнун Европадагы жаңы командачысы ишке киришти

Azattyk.org 

Америкалык генерал Тод Уолтерс НАТОнун Европадагы Бирдиктүү аскердик күчтөрүнүн башкы командачысы кызматына расмий түрдө киришти. Ант берүү аземи Түндүк атлантикалык аскердик альянстын Европадагы күчтөрүнүн Бельгиянын Монс шаарындагы башкы штабында 3-майда өттү. Бул иш-чарага катышкан НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг аскердик уюмдун Европадагы бөлүгүн "дүйнөдөгү эң түйшүгү көп жана эң маанилүү аскердик командачылык" катары мүнөздөдү. Европадагы Бирдиктүү аскердик күчтөрүнүн башкы командачылыгын... Читать дальше...

«Талибан» курултайды тоготкон жок

Azattyk.org 

Ооганстанда өлкөнүн булуң-бурчунан келген таасирдүү адамдардын курултайы – Лоя Жырга өттү. Анда өкмөт менен “Талибанга” Рамазан айынын алдында атышууну токтотуу кеңеши берилди. Өкмөт буга даяр экенин билдирсе, талибдер курултайды тоготкон жок.

Президентке жазылган кайрылууга 125 журналист кол койду

Azattyk.org 

Ош, Жалал-Абад жана Баткендин 125 журналисти Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Ыдырыс Исаковду коргоого чакырды. «Сиз буга чейинки бир катар билдирүүңүздө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, коррупционерлер коомчулуктун алдында ашкереленээрин, кандай гана коррупциялык иштер болбосун анын сот тарабынан аныкталып, өз баасын аларын билдирип, коррупционерлердин атын ачык атоону калайык калктан сурандыңыз эле. Ошондон кийин жарандар... Читать дальше...

"Талибан" кыймылы "Лоя жырганын" сунушун четке какты

Azattyk.org 

Ооганстандагы “Талибан” кыймылы «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү улуттук курултайдын ок атышууну токтотуу чакырыгын четке какты. Талибдер жума күнү тараткан билдирүүсүндө “Лоя жырганы” майнапсыз жыйын катары мүнөздөп, курултайдын Орозо айы башталгандан тарта кармашты токтотуу сунушун кабыл албай турганын белгиледи.  3200дөй уруу аксакалдары, диний аалымдар жана саясатчылар катышкан бул курултай “Талибан” менен ооган өкмөтүн ок атышууну токтотууга, туткундарды алмашууга үндөгөн. Ооган президенти... Читать дальше...



Момбеков: бүгүнкү чечим сот реформасы ордунан жылбаганынан кабар берет (видео)

Azattyk.org 

Абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго карата чыгарылган Жогорку соттун чечимдери сот реформасы эч өзгөрбөгөнүнөн кабар берет. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди. - Өмүрбек Текебаевге, Дүйшөнкул Чотоновго карата сот өкүмү өзгөрүүсүз калганы сот реформасы болбогонунан, соттун кадамдары эмес, соттун адамдары гана өзгөргөнүнөн кабар берет. Өмүрбек Текебаевге карата соттун өкүмү өлкөнүн келечеги үчүн өтө өкүнүчтүү чечим. Читать дальше...

Оорулуу балдардын ата-энелери онколог Макимбетовду үй камагына чыгарууну суранышууда

Azattyk.org 

Өсмө (рак) менен ооруган балдардын ата-энелери башкы прокурорго, ички иштер министрине, Биринчи Май райондук сотунун төрагасына кайрылуу жолдоп, камакка алынган онколог Эмил Макимбетовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарууну өтүнүштү. "Помогать легко", "Эргэнэ" коомдук уюмдары, дарыгерлер жана ата-энелер жолдогон кайрылууда "Макимбетов чукул арада алты балага операция жасамак. Бирок камакка алынгандыктан операциялар белгисиз мөөнөткө калды жана балдардын өмүрү коркунучта. Себеби бул... Читать дальше...

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп Абдыганы Эркебаев шайланды

Azattyk.org 

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп бүгүн Абдыганы Эркебаев шайланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Токон Мамытов кабарлады. Буга чейин бул кызматты Кыргызстандын азыркы акыйкатчысы Токон Мамытов ээлеп келген. Бирок ал 2018-жылдын сентябрь айында акыйкатчы болуп шайланганда, өз арызын жазып 65 кишиден турган Ассамблеянын кеңешине тапшырган соң Зухра Федакова Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрайымынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.  Бүгүн Токон Мамытов курултайга келип... Читать дальше...

Доо арыз тушаган сөз эркиндиги

Azattyk.org 

Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата Бишкекте «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аттуу көргөзмө ачылды. Иш-чаранын алкагында сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды.

Батыш дипломаттары Дүйшөмбүнү Интернетке болгон чектөөнү алууга үндөштү

Azattyk.org 

Батыш өлкөлөрүнүн бир катар дипломаттары Тажикстандын бийлигин Интернет эркиндигин камсыз кылууга чакырышты. 3-майда "Дүйнөлүк пресс эркиндигине" карата Дүйшөмбүдөгү иш-чарада сүйлөгөн АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм Интернетте жарандардын эркин ой-пикир алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек экендигин айтты. "Биз принцибинде Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү эркин болушун жактайбыз. Интернетке бөгөт коюу жана ага кошулуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу башка нерселер менен бирге экономикалык өнүгүүгө да таасир этет. Читать дальше...

Тажикстан: жума намазды токтоткон буйрук

Azattyk.org 

Тажикстандын Нурабад районунда жергиликтүү бийлик мечиттерди жаап, жума намазга тыюу салганы тууралуу кабар социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жатат.

4-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

4-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19, Таласта түнкүсүн 1…3, күндүз 16…18, Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22, Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус болот. Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Читать дальше...

"Лоя жырга" Ооганстанда ок атышууну токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Ооганстандын «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү улуттук курултайынын катышуучулары бардык тараптарды өлкөдө ок атышууну тезинен токтотууга чакырды. "RTA" мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, "Лоя жырга" Ооганстанда "Талибан" кыймылынын кеңселерин ачууга жана туткундарды алмашууга да үндөдү. Улуттук курултайдын ок атышууну токтотуу талабы боюнча ооган президенти Ашраф Гани пикирин билдирип, бийлик "акыйкат жана мыйзам чегинде талапты аткарууга даяр экенин", бирок аны экинчи тарап да аткарышы зарылдыгын белгиледи. Читать дальше...

Нур-Султандын тургуну акцияга катышканы үчүн он күнгө камалды

Azattyk.org 

Казакстандын Нур-Султан шаардык соту 3-майда жергиликтүү тургун Ермекбол Тлеуханды «тынч митингдерди өткөрүү эрежелерин бузду» деген негиз менен 10 суткага камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Тлеухан 1-майда Казакстандын баш калаасында өткөн митингде аны полиция кызматкерлери желим таяктар менен урганын айткан. Бул күнү өлкөнүн бир нече шаарларында, анын ичинде Алматыда жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чыккан. Алар «бизде тандоо укугу бар, Нур-Султан-менин баш калаам эмес, Токаев-менин президентим эмес» деген ураандарды чакырышкан. Читать дальше...

Каракулова: Журналисттерди сотко бергендер акылга сыйбаган доону сурашат

Azattyk.org 

«Интерньюс Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Элина Каракулова "Азаттыктын" иликтөөчү журналистинин үстүнөн жазылган доонун 50 миллион сомдук суммасы эч нерсеге негизделбегенин айтып, нааразылык билдирди.  "Биздин чиновниктер жана бийликте тургандар тигил же бул редакциядагы жарнама канча турарын, ал ЖМК канча каражат таап жатканын билеби деги? Сот ошол доо арыздарды өзү эмнеге кабыл алат? Мисалы, "Азаттык" жарнамадан акча таппайт. Биз сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчтөн 15 сап өйдө жылабыз, кайра 15 сап ылдый түшөбүз. Читать дальше...


Музыкальные новости
Григорий Лепс

Телефон раздора: что грозит Лепсу за удар по смартфону фанатки





Персональные новости
Россия

«Калмыкия стала точкой объединения народов всей страны»: в Элисте стартовал Первый Фестиваль национальных театров России





Футболду кыздар да катыра ойнойт

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Футбол академиясы кыздар командасын түптөп машыктыра баштады Футболго кызыккан 400гө чамалуу уландын арасында ондон ашуун өспүрүм кыз бар. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) колдоосу менен курулган Футбол академиясында бүт заманбап шарттар түзүлгөн.

Индиянын чыгышын “Фани” бороону каптады

Azattyk.org 

Жума күнү эртең менен Индиянын чыгышын “Фани” аттуу катуу бороон каптады. Одиша штатындагы кара нөшөр ылдамдыгы секундасына 55 чакырымга жеткен шамал менен коштолду.  Бийлик океан жээгинен жарым миллионго жакын адамды коопсуз жактарга көчүрүп кетүүгө үлгүрдү. Жергиликтүү аэропорт, мектеп жана мамлекеттик мекемелердин бардыгы жабылды.  Табият кырсыгынын кесепетин алдын алуу үчүн жүздөгөн куткаруучулар, медицина кызматкерлери даярдыкта турушат. Азырынча жабыркагандар же курман болгондор тууралуу маалыматтар түшө элек. Читать дальше...

Азамат Тынаев журналисттерди Ыдырыс Исаковго тилектештик билдирүүгө чакырды

Azattyk.org 

Медиа эксперт Азамат Тынаев бүгүн, 3-майда "Сорос Кыргызстан" фонду менен Журналисттик иликтөө фонду уюштурган тегерек үстөлдө Кыргызстандагы журналисттерди Ыдырыс Исаковго тилектештик билдирүүгө чакырды. Ал ЖМК өкүлдөрүн макулдашылган бир күнү өздөрү иштеген телеканалдарга, радиолоруна жана Интернет сайттарына Исаковдун иликтөөсүн жайгаштырууну сунуштады. "Кыргызстандын бүт ЖМКлары биздин тилектештигибиздин, коррупцияга каршы күрөшүбүздүн далили деп Ыдырыстын акыркы атайын иликтөөсүн сайттарынан... Читать дальше...

Токаев президенттикке талапкер болуп катталды

Azattyk.org 

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 3-майда Касым-Жомарт Токаевди президенттикке талапкер катары каттады. Расмий маалыматка ылайык, Токаевдин ишенимдүү өкүлдөрү Казакстандын бардык 17 аймагынан 315 910 кол топтошкон. Алардын 313 653ү жарактуу деп табылды. Шайлоо мыйзамы боюнча, президенттикке талапкер 118 140тан кем эмес кол топтошу керек. Токаев 9-июнга белгиленген президенттик шайлоого катышууну көздөгөн жети талапкердин ичинен биринчи болуп каттоодон өттү. Казакстанды 30 жыл башкарган... Читать дальше...

Текебаевдин соту: өкүм өзгөргөн жок

Azattyk.org 

Жогорку сот "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин Текебаевдин жана Чотоновдун жактоочулары алардын иши жаңы мыйзамдарга ылайык каралышы керектигин белгилеген. Адвокат Жаныбеков буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранган, бирок сот мындай өтүнүчтү четке какты.

Спорт в России и мире
Москва

Эксперт рассказала, как правильно выбрать одежду для спортзала


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Финалисты «Мастерса» в Монте‑Карло опередили Рублева в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Швеция хочет ограничить доступ в Балтийское море российским танкерам





Путин в России и мире
Москва

Путин всё знал, но никого не предупредил: Немцы обвинили Москву в прорыве израильского Купола


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певец

Певец Стас Михайлов пригласил на свой юбилейный концерт пенсионерку из Орла



Москва

Обсуждение книги Клариссы Эстес «Бегущая с волками. Женский архетип в мифах и сказаниях»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net