123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 19.05.2019

Австрия: Чуулгандуу видео өкмөттү жарга такады

Azattyk.org 

17-майда чыккан тасмада вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе орусиялык аял менен сүйлөшүп, шайлоону каржыласа, кийин Австрия өкмөтү аларга бир топ кирешелүү бизнес келишимдерди бериши мүмкүн деген өңүттө сөз болгон.

Чуулуу видео кезексиз шайлоого түрткү болду

Azattyk.org 

Чуулуу видео тасма Австрияда кезексиз парламенттик шайлоого алып баратат. 17-майда чыккан бул тасмада вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе орусиялык делген аял менен сүйлөшүп, алар шайлоого акча берсе, кийин Австрия өкмөтү аларга бир топ кирешелүү бизнес келишимдерди бериши мүмкүн деген өңүттө сөз болгон.

Египетте пирамидалардын жанында туристтик автобус жардырылды

Azattyk.org 

Египетте Гиза пирамидасынын жанында туристтик автобус жолго коюлган бомбага кабылып, кеминде 17 киши жарадар болду. Расмий маалыматка караганда, жардыруу 19-майда оңдоо иштери жүрүп жаткан Чоң музейдин жанында болду. Унаадагы 25 туристтин көпчүлүгү Түштүк Африкадан келгендер. Египет бийлиги бир нече жылдар бою Синай жарым аралында исламчыл согушкерлери менен күрөшүп келет. Террористтер чет элдик туристтерге жана Египеттеги тарсаларга кол салууларды уюштуруп турганы маалым. Соңку жарым жыл ичинде... Читать дальше...



Крым татарлары сталиндик депортациянын курмандыктарын эскеришти

Azattyk.org 

Крымда сталиндик репрессияга жана депортацияга дуушар болгондорду эскерүү митинги өттү. Полиция бул митингге уруксат алынбаганын эскертти, бирок чогулган элди тараткан жок. Жүздөй киши шаардын борборундагы 1944-жылы депортация болгондор үчүн тургузулган айкелдин жанында чогулуп куран окушту. Катышуучулардын арасында улуттук кийим кийгендер, Крым татар жамаатынын желегин көтөргөндөр жана окуяны өз көзү менен көргөн аксакалдар болду. 1944-жылы май айында Иосиф Сталин Крым татарларын депортациялоого буйрук берип... Читать дальше...

Ирандын соту үч жазуучуну алты жылга кести

Azattyk.org 

Иранда сот үч жазуучуну "улуттук коопсуздукка шек келтирди" деп, ар бирин алты жылга кести. Реза Кандан Махабади, Бекташ Абтин жана Кайван Бажанга “мамлекетке каршы пропаганда”, “улуттук коопсуздукка каршы аракет” деген кинелер коюлду. Үчөө тең Ирандын жазуучулар союзунун мүчөлөрү. Соттогу акыркы сөзү учурунда жазуучулар бул чечимди жалпы эле Иран интеллегенциясына жана диниятчылардын сынчыларына каршы чечим деп аташты. Алардын айтымында, сот учурунда жазуучуларга каршы суу кечпеген дооматтар коюлган жана алар ырасталган эмес. Читать дальше...

Аскерге чакырылган казак активисти “жараксыз” деп таанылды

Azattyk.org 

Казакстанда Уральск райондук медициналык комиссиясы бийликке каршы актай кагаз көтөрүп чыккан активист Аслан Сагутдиновду "аскерде кызмат өтөөгө жараксыз" деген бүтүм чыгарды. Буга чейин Аслан Сагутдинов казак бийлиги аскерге чакырууну саясий курал катары колдонуп жатканын билдирген. Анын айтымында, жүрөк аневризмасы деген диагнозуна карабастан, Аслан жарандык позициясын билдирип, саясий иш-аракет кылган сайын, ага аскерге чакыруу келип жаткан. Казакстандын Коргоо министрлиги бул дооматты четке какты. Читать дальше...

“Exxon Mobil” компаниясы Ирактагы кызматкерлерин эвакуациялады

Azattyk.org 

Америкалык “Exxon Mobil” мунай компаниясы 60 чакты кызматкерин өлкөдөн чыгарып кетти деп билдирди Ирактын мунай министри. Эвакуация коңшу Иран менен АКШнын ортосундагы мамиле курчуп бараткан маалга туш келди. Бул эки мамлекет отосундагы абал куралдуу конфликтке өтүп кетиши мүмкүн деп болжолдонууда. Ирактын мунай министри Тамер Гадбан америкалык компаниянын мындай аракетин кескин сынга алып, өлкөнүн түштүгүндөгү абал коопсуз экенин жана бул чечим саясий себептен улам гана орун алганын кесе айтты. Читать дальше...

ЕККУ: "Ачык өкмөткө" жетекчини Кыргызстан өзү тандаганы туура

Azattyk.org 

“Ачык өкмөт” программасына жетекчини Улуттук форум тандашы керек. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлү Пьер фон Аркс кыргыз өкмөтүнүн кайрылуусуна жооп кайтарып билдирди. Анын белгилешинче, «Ачык өкмөт» мамлекет менен элдин ортосундагы байланышты бекемдөөгө, ачыктыкты камсыз кылууга жана коррупцияны ооздуктоого жардам берген долбоорго айланды. Элчи бул ишти мындан ары улантып кете турган жетекчини Кыргызстан өзү тандашы керектигин белгилеп, долбоордун... Читать дальше...



Рим папасы журналисттерди ар бир жазган сөзүнө этият болууга чакырды

Azattyk.org 

Рим папасы Франциск журналисттерди чындыкка дал келген гана маалыматтарды таратып, ачуулукту жана таш боордукту жайылтпоого чакырды. Ватиканда Чет өлкөлүк басылмалар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушууда ал: ​ - Силердин милдет - түз жолдон адаштырып эмес, багыт берүү. Бири-бириңерге түшүнүү менен мамиле жасап, жек көрүүчүлүктү жайылтпай, катуу кыйкыргындарга эмес, кулагы укпагандарга сөз беришиңер керек, - деди. Папа журналисттерди жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын ар бир айткан... Читать дальше...

Ош: погончондор акчанын айынан урушту

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин күзөт бөлүмүнүн Ош шаарындагы башкармалыгындагы взводдун командири Талант Маматалиев башкармалыктын башчысы Марат Орозбаевдин токмогунан кийин ооруканада жатканын билдирди.

Boeing компаниясы 737 MAX боюнча программалык каталарын жойду

Azattyk.org 

Boeing компаниясы учкучтарды 737 MAX учагын башкарууга үйрөтө турган жабдыктын программалык каталарын жойду. Учуу шарттары тууралуу маалымат берип туруучу система боюнча да жаңы ыкмалар кирди. Талдоочулардын пикиринде, буга чейин аталган жабдыктар маалыматты туура эмес берип турган учурлар болгон. Быйыл март айында Эфиопиядагы кырсыкка дал ошол жагдай себеп болушу ыктымал. Анда 157 адамдын өмүрү кыйылган. 2018-жылдын октябрь айында ошол эле Boeing 737  MAX Индонезияда кырсыкка учурап, 189 адам каза тапкан. Читать дальше...

Роза Отунбаева эл аралык "Астана форумуна" катышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Казакстанда өткөн эл аралык "Астана экономикалык форумуна" катышты. Нур-Султан шаарында уюштурулган форумдун быйылкы темасы «Шыктандыруучу өнүгүү: адамдар, шаарлар, экономикалар» болду. Отунбаева «Платформа G-Global» стратегиялык сессиясында жана "Илимдеги, инновациядагы жана бизнестеги аялдар" панелдик сессиясында башкы спикер болду. Мындан тышкары экс-президент Казакстандын Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча биринчи форумуна, Санариптештирүү кеңешинин ишине да катышты. Читать дальше...

Баткен казыяты чек арадагы элди ынтымакка үндөдү

Azattyk.org 

Баткен облусунун казыяты Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылында Орозо айына карата ооз ачаар өткөрдү. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын атынан уюштурулган иш-чарага жалпысынан 300 адам чакырылып, аларга коңшу мамлекеттин эли менен ынтымакта, тынчтыкта жашоо зарылдыгы айтылды. Ак-Сай айылынын калкы 2 миңдей адам. Бул айыл Тажикстандын 40 миңге чукул тургуну бар Ворух анклавы менен чектешип турат. Эки өлкө ортосундагы чек ара такталбагандыктан жол, суу, жайыт талаштан... Читать дальше...

Жыл башынан бери Бишкекте 71 бала көк жөтөл болуп ооруду

Azattyk.org 

Бишкекте быйыл төрт айда 71 бала көк жөтөл болуп ооруду. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Алардын 44% ата-энеси баш тартып койгондуктан эмделбей калгандар. 2018-жылы алгачкы алты айда Кыргызстанда 56 бала көк жөтөлгө чалдыкканы кабарланган. Бала көк жөтөлгө каршы бир жашка чыкканча үч жолу жана эки жашында бир жолу вакцина алышы керек. Дарыгерлердин айтымында, эмделгендер бул оор илдетке чалдыкпайт. (KE)

Зеленский Раданын чечимине жооп болорун убада кылды

Azattyk.org 

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский Жогорку Рада анын инаугурациясын 20-майга дайындаганына байланыштуу видеокайрылуу жасады. Фейсбуктагы жеке баракчасындагы кайрылууда ал депутаттар бул иш-чараны 19-май дем алышка дайындоо өтүнүчүн кабыл албай, 20-май иш күнүнө белгилеп койгону үчүн айыптады. “Бул күнү чет жактан келген коноктор көп болот. Киевдин көчөлөрүнүн көбү жабылат. Кечиргиле бизди, кечиргиле Раданы” деген Зеленский "биз да аларга жооп кайтарабыз" деп билдирди: - Рада бизге ыңгайсыздык жаратты. Читать дальше...

20-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

20-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30; Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28; Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 9…14... Читать дальше...

Аалам кезген тентимиш жылдыз табылды

Azattyk.org 

Тишти бактериялардан дарылачу микроробот. Эмчек сүтү менен чоңойгон балдар семиздиктен жабыркабайт. Кумду аралаштырганда мөөн сымал ыйлаак пайда болот. Саманчынын жолунда жолбун жылдыз табылды.


Музыкальные новости
Shaman

Shaman направит деньги от концерта в Ессентуках пострадавшим в "Крокусе"





Персональные новости
Россия

Самые популярные туристические маршруты России: на автомобиле





Кыргыз жарандары Орусияда диний билим алат

Azattyk.org 

Кыргызстандыктар Орусияда диний билим алышат. Бул тууралуу муфтият кабарлады. Муфтий Максатбек Токтомушев Орусиянын Ислам билими боюнча кеңешинин төрагасы Рафик Мухаметшин менен жолугуп, 2019-2020-жылдарга эки тараптуу макулдашууга кол койду. Ага ылайык, Кыргызстандын 25 жараны Москва, Уфа жана Казан шаарларындагы Ислам университеттеринде диний билимин жогорулатып, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алат. Алар магистратура, докторантура жана бакалавриат программалары боюнча окушат. Орусиядан кайткандан... Читать дальше...

Кадамжайда мөндүрдөн эгин талаалары жана бактар зыян тартты

Azattyk.org 

Кадамжайда 18-майдын кечинде катуу жаан менен кошо мөндүр жаап, Халмион жана Алга айыл аймактарында эгин талаалары, бак-дарактар жабыркады. Уналаар каттамы бир аз убакытка токтогон. Мөндүрдүн чоңдугу жаңгактай болгонун, чатырлар жана бактагы мөмөлөр күбүлгөнүн аймак жашоочулары телефонго тартып, интернетке чыгарышты. Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков бүгүн 19-майда эки айылды кыдырып чыкканын “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, олуттуу зыян тарткандар жок. Исаков белгилегендей... Читать дальше...

Медреселер илимге эшик ачабы?

Azattyk.org 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний окуу жайлардын баарында, анын арасында медреселерде да дүйнөбий илимдерди милдеттүү окутуу талабы коюлган жобонун долбоорун иштеп чыкты.

Баткенде ишкерлерди колдоо борбору ачылды

Azattyk.org 

Баткен шаарында Ишкердикти колдоо борбору ачылды. Долбоорду ЖИА бизнес-ассоциациясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) каржылык жардамы менен ишке ашырды. Борбордо аймактагы ишкерлерге жана жаңыдан бизнес баштайм деген жергиликтүү тургундарга акысыз кеп-кеңеш беришет. Юридикалык жардам көрсөтүлүп, бизнести башкаруу, пландоо жолдору үйрөтүлөт. ЖИА ассоциациясына Баткен облусунда 4 миңден ашуун ишкер катталган. Алардын көпчүлүгү чакан ишкердик же алып сатуу менен алектенет.... Читать дальше...

Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылды

Azattyk.org 

18-майда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында «Ысык-Көл 2019» эл аралык туристтик жармаңкеси өтүп, жайкы эс алуу сезону расмий түрдө ачылды. Иш-чарага вице-премьер- министр Алтынай Өмүрбекова баштаган бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер, Ысык-Көл облусундагы пансионат, эс алуу жайларынын өкүлдөрү, ишкерлер, жергиликтүү тургундар катышты. Казакстандан, Өзбекстандан, Орусиядан, Грузиядан, Монголиядан жана Азербайжандан өкүлдөр да келди.

Өкмөт: Жолдо каза болгондордун саны 44% кыскарды

Azattyk.org 

Бишкекте жол кырсыгынан адам өмүрү кыйылган учурлар азая баштады. Бул тууралуу өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 18-майда Бишкекте өтүп жаткан DataCon Central Asia 2019 ачык маалыматтар конференциясында билдирди. Премьер-министрдин айтымында, бул көрсөткүч 44% кыскарды. Орусиялык «Вега» концерни аткарып жаткан «Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында автожолдорго видеокамералар орнотулууда. 2019-жылдын аягына чейин долбоор республиканын бардык аймагында иштей башташы керек. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Ставропольский гандбольный клуб «Виктора» в Москве уступили армейцам


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Хачанов победил Черундоло и пробился в 1/8 финала турнира ATP в Майами


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

США включили ряд российских блокчейн-платформ в список SDN





Путин в России и мире
Москва

Путин оценил перспективы строительства ВСМ Москва — Санкт-Петербург


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

«С какой целью вы пришли почтить память? Он вам родственник?» В Москве осудили девушку, которая пришла возложить цветы в память о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

А надо было ласково? Тимати после слов о "ребятах"-террористах ответили по-мужски



Москва

Дочь актрисы Анастасии Заворотнюк призналась, что снимает стресс ходьбой

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net