Австрия: парламент Себастьян Курцтун өкмөтүнө ишенбестик көрсөттү
Австриянын улуттук кеңеши - парламент канцлер Себастьян Курцка жана анын өкмөтүнө толук ишенбестик көрсөттү. «Франс-Пресс» агенттигинин белгилешинче, бул өлкө тарыхында болуп көрбөгөндөй добуш берүү. Бир апта мурда Австрияда башкаруучу коалция ыдыраган.
Бул саясий кризис вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе катышкан видео тасмага байланыштуу чыккан.
17-майда тараган тасмада вице-канцлер Штрахе Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын олигарх Игорь Макаровдун тууганы делген аял менен жолугуп, анда эгер шайлоону каржыласа, кийин Австрия өкмөтү аларга бир топ кирешелүү бизнес келишимдерди бериши мүмкүн деген өңүттө сөз болгон.
Видео 2017-жылдагы Австриядагы парламенттик шайлоонун алдында тартылганы белгилүү болгон.