Европарламент: Биримдикти жактаган партиялар мурдагыдан аз добуш алды
Европарламентке болгон шайлоо Европа Биримдигинде саясий жагдай өзгөрүп жатканын көргөзүүдө.
27-майда жарыяланган жыйынтыкка ылайык, буга чейин чоң коалицияда болуп келген Европа элдик партиясы жана Социалисттер менен демократтардын прогрессивдүү альянсы мурдагыдай көпчүлүктү түзө албайт. Ошентсе да Европа Биримдигин күчтөндүрүүнү, Батыш баалуулуктарын жактаган партиялар Европарламенттеги 751 орундун 505ин алышы күтүлүүдө.
Бул шайлоодо ашынган оңчул жана улутчул партиялар да бир катар ийгиликтерге жетишти.
Францияда Марин Ле Пендин ашынган оңчулдар партиясы 24,0%, президент Эммануэл Макрондун «Алга, Франция» партиясы 22,5% алды.
Жашылдар партиясы Германияда жана Европадагы ири шаарларда ийгиликке жетише алды.
Италияда оңчул консерваторлордун «Ла Лига» партиясы алдыда. Ички иштер министри Маттео Салвини башында турган улутчулдар эми Италиянын өзүндө да позицияларын күчөтөт деп күтүлүүдө.
Ашынган оңчулдар Нидерландда утулуп калышты. Шайлоочулар европачыл партияларга колдоо көргөзүштү.
Польшада башкаруудагы консервативдүү евроскептиктердин «Укук жана адилеттик» партиясы жана оппозициядагы «Жарандык платформа» экөө тең ийгиликке жетти.
Британияда Брекзиттин жактоочулары ишенимдүү жеңишти. Найжел Фараждын «Жаңы партиясы» Европарламентте Британияга бөлүнгөн 64 мандаттын 28ин алмакчы. Аларга шайлоочулардын 31,6% добушу тийди. Шаркеттен чыгуу боюнча дагы бир референдум өткөрүүнү жана Брекзитти жокко чыгарууну жактаган партиялар тобу бардыгы болуп 40% добуш алды.
Шайлоого 51% эл катышты. Бул акыркы жыйырма жылдагы эң жогорку көрсөткүч.