Йемен: Душмандын 300 аскердик жана маанилүү жайлары колубузда
Йемендик коргонуу күчтөрүнүн жетекчиси душмандардын 300 аскердик жана маанилүү жайлары колунда экенин жарыялады.
Йемендик коргонуу күчтөрүнүн жетекчиси душмандардын 300 аскердик жана маанилүү жайлары колунда экенин жарыялады.
Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлери менен жалпы практикадагы догдурлар биримдиги айлыктары 25-30 миң сомго чейин көтөрүлбөсө, иш таштарын билдиришти. “Саламаттык сактоо министрлиги менен Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фонду массалык маалымат каражаттарына үй- бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйдү деген жалган маалыматтарды берип жатат. Маянаны көтөрүү маселеси козголгондон бери беш ай өтсө да кандайдыр бир өзгөрүү болгон жок. Элдин калың катмарына кызмат кылган үй-бүлөлүк догдурлардын 90 пайызынын мойнунда насыясы, карызы бар. Читать дальше...
20-май күнү кечинде «Эхо Москвы» сайтында «Коммерсантъ» басылмасынын журналисттери кесиптештери Иван Сафронов жана Максим Ивановго тилектештик иретинде билдирүү таратышты: ««Ъ» жамааты «Коммерсантъ» Орусиянын саясаты тууралуу белгисиз мөөнөткө чейин маалымат бере албай турганын окурмандарга кабарлап коюуну милдет деп эсептейт. Окурмандар, өнөктөштөр жана жарнама берүүчүлөр бир катар ички саясий окуялар тууралуу сапаттуу жана калыс маалымат ала албай калышат. Мындай абал канчага чейин созуларын билбейбиз. Читать дальше...
Грузияда 11 футболчу жасалма матч же алдын-ала соодалашылган беттешүүлөрдү өткөрүүгө шектүү катары камалды. Аталган өлкөнүн Коопсуздук кызматы кармалгандардын сегизи азыркы, үчөө мурдагы оюнчулар экенин билдирди. Алардын бешөө 19-майда Батумиде өткөн «Динамо» лигасында 2:0гө утулуп калган Тблисинин «WIT Georgia» командасынын мүчөлөрү. Тергөөнүн маалыматы боюнча, футболчулар уюшкан кылмыштуу топтон 34 миң доллар алгандан кийин экинчи командага утулуп беришкен. Грузиянын мыйзамдарына караганда алар... Читать дальше...
Ооганстанда Коргоо министринин орун басары болуп Мунира Юсуфзада дайындалды.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда талкуулайт. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Абдувахап Нурбаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, шайлоочулардын тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматынан Борбордук шайлоо кызматына өткөрүп берүү жөнүндө сунуш түшүп жатат. Мындан сырткары депутаттыкка талапкердин жогорку билими болушу керек. - Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мектеп директоруна, оорукананын башкы дарыгерлерине уруксат берүү, «үч берене боюнча соттуулугу бүткөндөн кийин дагы 5... Читать дальше...
Кыргызстанда кулчулук курмандыктары баш калкалай турган жай курулат. Өкмөттүн токтому менен бекитилген планды уюштуруу иши башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов билдирди: - Ал кимдин базасында болот, ИИМдинби же биздинби, балким жаңы түзүлөбү - ошол маселелерди карап жатабыз. Маалыматка караганда, мындай жай өлкөнүн түштүгүндө жана түндүгүндө курулушу мүмкүн. Учурда аны каржылоо, донор уюмдарды катыштыруу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Читать дальше...
Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаевдин «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковго каршы доо арызы соттун чечими менен расмий токтоду. Ишти 20-майда Ош шаардык соту карады. Бул тууралуу адвокат Мухаё Абдураупова билдирди. 7-майда Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковго каршы доо арызын кайтарып алып, бул боюнча шаардык сотко өтүнүч берилгенин билдирген. Муну Атамбаев «ыйык Орозо айында кечирип, соттошпой» тургандыгы менен түшүндүргөн. Абжапаровдун айтымында, Жалил Атамбаев журналисттен тышкары... Читать дальше...
Казакстан Ички иштер министрлиги Атырау облустук полиция департаментинин башчысы Аян Дүйсембаев «кызматтык этиканы бузганы үчүн» жумуштан бошотулганын билдирди. Маалыматка караганда, президенттик аппаратка Аян Дүйсембаевди бошотуу боюнча көрсөтмөнү ички иштер министри Ерлан Тургунбаев берген, чогуу чечим кабыл алынган. Буга чейин социалдык түйүндөрдө Дүйсембаевге жоон топ киши салтанат менен ат мингизип жаткан учур тартылган видео тараган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги»... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин тармактык комитети көчмө жыйын өткөрүп, борборлоштурулган «Бирдиктүү терезе» системасынын жумушу менен таанышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Ички иштер министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунда «Бирдиктүү терезе» системасы былтыр октябрда ишке кирген. «Бирдиктүү терезе» системасына ылайык, жарандарга зарыл документтерди чогултуу үчүн бир нече бөлүмдөргө кайрылып, узун кезекте турбастан кыска мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, жаңы система коррупцияны азайтууга өбөлгө түзөрү айтылган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөрүлгөн мүлкүнүн эсебинен уюштурулган «Элдик» мамлекеттик ишканасын жоюу маселесин көтөрүштү. Мындай маалымат бүгүн парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин Жалал-Абад шаарында өткөн көчмө жыйынында айтылды. Депутат Кубанычбек Нурматов түзүлгөндөн бери мамлекетке бир тыйын пайда алып келбей, мамлекет эсебинен жашап жаткан ишкананы жоюу тууралуу маселе көтөрдү: - 2010-жылга чейин ал мүлктүн бир тобу күрүлдөп иштеп, пайда таап турган. Читать дальше...
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык туризмди жана чет өлкөлүк жарандардын саламаттыгын колдогон "Эл аралык бейтап" кызматы ишке кирди. 850 288 38 38 акысыз телефон номуру жети күн, 24 саат, англис, немис, араб жана орус тилдеринде бейтаптарга жооп берет. Бул кызмат Түркияга турист же бейтап катары келген чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү дарыгерлердин ортосунда котормочулук жана укуктук жардам көрсөтөт. Расмий маалымат боюнча, Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.