Мыктыларын жок кылган системанын кыйрашы
1916-жылдагы алааматта Омор Жумаев атасынан ажырап, жерине келгенден кийин бирөөлөрдүн кызматын кылып күн өткөрөт.
1916-жылдагы алааматта Омор Жумаев атасынан ажырап, жерине келгенден кийин бирөөлөрдүн кызматын кылып күн өткөрөт.
Индонезиянын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, өлкөнүн азыркы президенти Жоко Видодо шайлоочулардын 55,5% добушун алып, шайлоодо жеңишке жетти. Видодонун атаандашы Прабово Субианто добуштардын 44,5% алган. 67 жаштагы Субианто шайлоонун жыйынтыктарына макул болбой, добуш берүү бурмалоолор менен коштолгонун билдирди. Калкынын саны 260 миллионго жеткен Индонезияда президенттик шайлоо 17-апрелде өткөн. Бул шайлоо «дүйнөдөгү эң оор шайлоо» деп аталып калды. Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-майда «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анда Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 000 000 (беш жүз миллион) сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Жыйында ипотекалык программа ишке киргенден тартып өкмөт аны каржылоого 4,8 млрд сомдон ашуун каражат бөлгөнү айтылды. Ал эми насыянын үстөгү 12-14 пайыздан 7-9 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленди. Кыргыз өкмөтү 2015-жылы... Читать дальше...
Крайсчөрч шаарындагы эки мечитке кол салган адамга террорчулук боюнча расмий айып коюлду. Бул тууралуу 21-майда Жаңы Зеландиянын полициясы билдирди. Австралиялык Брентон Тарант буга чейин 51 кишини өлтүргөнү жана 40тай адамды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн айыпталган. Террорчулук боюнча ал өмүрүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жаңы Зеландиянын тарыхындагы эң кандуу калаба катары сөз болуп жаткан окуя 15-мартта болгон. Кылмышкер мечитке жума намазга чогулгандарды туш келди атып кирген.... Читать дальше...
Интернеттеги «change.org» сайтында кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталып жаткан дарыгерлерди колдоо максатында петиция түзүлдү. Президент Сооронбай Жээнбековго багытталган петицияны «Жардам берүү оңой» коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева уюштурган. Петицияда Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгышы боюнча дарыгерлердин башкы күнөөкөр болуп калышына жол бербөө тууралуу сураныч жазылган. Азиз Батукаевдин 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошонуп... Читать дальше...
«Формула-1» классындагы автожарыштын үч жолку чемпиону Ники Лауда 70 жашында көз жумду. Былтыр августта ал өпкөсүн алмаштырган. Ники Лауда Венада бардар үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы каршы болгонуна карабай, Лауда 22 жашында «Формулага» катышып, төрт жылдан кийин чемпион болгон. 1976-жылы Германиядагы Гран-При үчүн жарышта Лауда кырсыкка кабылып, өрттөнүп жаткан машинеден бир мүнөттөй чыга албай калган. Анын дене-башы катуу күйүп, өпкөсү ышка толуп калган. Лауда ооруканада комага түшүп калып, дарыгерлер «жашап кете албайт» дегенине карабай... Читать дальше...
Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, өлкө аймагында 22-23-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолорго кар түшөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Читать дальше...
Индонезиянын учурдагы президенти Джоко Видодо өлкөдө өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетти.
180ден ашык журналист кол койгон катта «өлкө сөз эркиндигине татыктуу» деп белгиленет. Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кызматтан кетиши ыктымал деген макаладан кийин 20-майда «Коммерсанттын» атайын кабарчысы Иван Сафронов жана саясат бөлүмүнүн редакторунун орун басары Максим Иванов иштен бошотулган. Ошондон кийин журналисттерге тилектештигин билдирип, дагы ондон ашык кабарчы иш ташташкан. Бүгүн, 21-майда жарыяланган катта журналисттер «акционерлер кыска мөөнөттүү саясий пайда... Читать дальше...
Ош, 21-май, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Бүгүн, 21-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Ош, 21-май, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. 20-майда Баткендеги Карабак айылындагы Эски мазар аймагында Кыргызстандын жарандары менен Тажикстандын чегара кызматынын өкүлдөрүнүн ортосунда кайым айтышуу болду.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова социалдык тармактагы посту үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. Гуля Алмамбетова 20-майда «Твиттердеги» баракчасына Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын колуктулардын үлпөт тойдогу көйнөктөрү тууралуу пикири жазылган кабарды бөлүшүп, одоно сөз жазган. Ага чейин Мавлянова «Фейсбуктагы» баракчасына үлпөт тойдо колуктулардын ачык жана чыпташкан... Читать дальше...
«Мыйзамдагы ууру» деген Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган дарыгер-лаборант Ирина Цопова бутун сындырып алганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлү Элеонора Сабатарова «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, Цопова кармалгандан кийин, май майрамдарынын алдында эки кабаттуу керебеттен түшүп жатып бутун сындырып алган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн, бутуна гипс коюлган. 20-майда травматолог-дарыгер «аны ооруканага жаткыруунун кажети жок, абалы жакшы» деген тыянак чыгарган. Читать дальше...
Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын шайлоо штабынын мурдагы башчысы, Коррупция менен күрөш фондунун (ККФ) долбоорлор менежери Леонид Волков Москвада кармалды. Бул тууралуу ал өзү «Твиттерге» жазды. Волковдун айтымында, ККФнын кеңсесинен такси менен чыгып баратканда машинени полиция кызматкери токтотуп, «кызыктай суроолорду бере баштаган». Андан соң аны камакка алып, Данилов райондук полиция бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жерде Волковго «өткөн жылы пенсия курагын жогорулатууга каршы өткөн акцияда... Читать дальше...
Боливиянын президенти Эво Моралес АКШнын Иранга каршы акыркы коркутууларын айыптап, Вашингтондун акыркы аракети бул өлкөнүн аскердик өнөр жайын бекемдөөгө багытталганын билдирди.
Баткен облусунун Кадамжай районунда 39 жаштагы жергиликтүү тургун чагылган уруп каза болду. Ага 19-майда Шыбыран жайлоосунда мал карап жүргөндө чагылган тийген. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгы да ырастады. Маркумдун кандай шартта каза болгону белгисиз. Кыргызстанда чагылгандан адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да орун алган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көп учурда чагылган адамдар телефон менен сүйлөшкөн учурда тийгенин маалымдаган. (JsA)
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн сот тармагында радикалдуу реформа жүргүзүүгө чакырды. Ал өзүн бийликке алып келген бир жыл мурдагы революциянын "экинчи баскычы" башталганын 20-майдагы конференцияда айтты.
Таластын Талды-Булак айылынын тургуну 30 жылдан бери айылдын малын жалгыз дарылайт. Догдурбек Төкөналиев кесибин учурда уулуна үйрөтүп жаткан кези. Атадан балага өткөн мал доктурлук тууралуу төмөнкү видеону көрүңүз.
Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кара-Бак айылындагы чек арадагы тиреш көрүстөндүн айынан чыкканын жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" билдиришти. Бул маалыматты айыл аймак башчысы Тургунбай Нишанбаев да ырастады. Кара-Бак айылынын жашоочуларынын маалыматына караганда, пикир келишпестикке себеп болгон көрүстөн чек ара аймагында жайгашкан. 20-майда кыргызстандыктар колдонуп келген мүрзөнүн аймагына тажик чек арачылары кирип келип, элди ага жолотпой койгон. Коңшу өлкөнүн чек арачылары жаан-чачын... Читать дальше...
Кытайдын тышкы иштер министрлиги Американын экономикалык кысымдарына карабай Иран менен соода-сатык алакаларынын уланышын баса белгиледи.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама киргизди. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Премьердин сунуштамасына эмне себеп болгону айтылган жок. Ага президенттен кандай жооп болгону азырынча белгисиз. Буга чейин Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетовду иштен алган. Бул чечим «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому... Читать дальше...
Бишкекте жол кырсыгынан адам өмүрү кыйылган учурлар азайды. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул көрсөткүч 44% кыскарды.
Баткен районунун Тажикстанга чектеш Кара-Бак айылында 20-майда кыргызстандык жарандар менен тажикстандык чек арачылардын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Эки тарап айтыша кеткенин жана буга белгисиз кишилер Кыргызстандын жарандарына таандык айыл-чарба шаймандары турган сарайдын эшигин талкалаганы түрткү болгонун Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка караганда, сарай шарттуу чек ара сызыгынан 5-6 метр аралыкта жайгашкан жана тактала элек тилкеге кирет, бирок аны иш жүзүндө Кыргызстандын жарандары колдонуп келген. Читать дальше...
Өз арызына ылайык, Мурат Мукамбетов өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун 21-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул чечим «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому, улуттук уюлдук байланыш операторун түзүү, ЕККУ менен чогуу жүзөгө ашырылып жаткан долбоор - "Ачык Өкмөт" улуттук форумунун катчысына байланышкан окуяларды эске алуу менен кабыл алынды. Буга чейин “Ачык... Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол эрежесин бузгандарга карата айыппулдарды оңдоо-түзөө, тууралоо маселесин иликтеп чыгууну тапшырды. Абылгазиев тиешелүү жетекчилерге бул тапшырманы «Коопсуз шаар» долбоору боюнча өткөн кеңешмеде бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жумушчу топко коомчулуктун жана парламент депутаттарынын пикирлерин эске алуу, учурдагы айыппулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн, натыйжалуулугун карап чыгуу милдети жүктөлөт. Өкмөт башчы аймактарда... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.