АКШнын президенти Доналд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр. Жолугушуу болжол менен жакынкы эки айда болушу мүмкүн экени айтылууда. Мындай маалымат Трамп менен Түштүк Кореянын делегациясынын жолугушуусунан кийин чыкты. Сеулдун ушул эле делегациясы бир нече күн мурда Пхеньянда Ким менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Алар Трамптын колуна Ким Чен Ындын чакыруусун тапшырышты. Жолугушуу Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу жана өзөктүк арсеналын толук жок кылуу максатын көздөйт. Читать дальше...
Бишкекте кыргыз жана жапон артисттери "Достук концертин" тартуулашат. Улуттук ыр-күүлөрдөн турган маданий иш-чара 11-мартта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Бул тууралуу Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Концерт Бишкек менен Токионун ортосунда дипломатиялык алаканын орнотулганына 25 жыл толгонуна байланыштуу өткөрүлөт. Аны жапон элчилиги, Мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү боюнча кыргыз-жапон борбору, Улуттук филармония жана Жапон фонду уюштурууда.
Өзбекстандык 42 жаштагы аял алдамчылыкка шектүү катары Каракол шаарында кармалды. Шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, эмчи-домчулук кызматын сунуш кылган шектүү аял жергиликтүү тургундарды алдап, алтын буюмдарын, чөнтөк телефондорун алып кеткен. 8-мартта 45 жаштагы жергиликтүү тургун милицияга кайрылып, шектүү анын төрт чөнтөк телефонун алдап алып кеткени тууралуу арыз жазган. Шаардык ички иштер башкармалыгы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш ишин козгоп, аны кармаган. Читать дальше...
Бишкекте өткөн Азия биринчилигинен кийин ата-мекендик спортчулар рейтингде өз орундарын жакшырта алган
Кулубай Берикбаев - алгачкы муундагы кыргыз интеллигенциясынын өкүлү. Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин 3-курста таштоого аргасыз болуп, 1931-жылдан 1938-жылга чейин өз айылында мугалим, айылдык кеңештин төрагасы, кийинчерээк Тогуз-Тородо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезинде “эл душманы” болуп камалып, жарым жылдан кийин абактан бошонуп келет. Бирок ал жерден алган оорусунан айыга албай, 61 жашында каза тапкан.
Кулубай Берикбаев - алгачкы муундагы кыргыз интеллигенциясынын өкүлү. Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин 3-курста таштоого аргасыз болуп, 1931-жылдан 1938-жылга чейин өз айылында мугалим, айылдык кеңештин төрагасы, кийинчерээк Тогуз-Тородо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезинде “эл душманы” болуп камалып, жарым жылдан кийин абактан бошонуп келет. Бирок ал жерден алган оорусунан айыга албай, 61 жашында каза тапкан.
26 жаштагы кыргызстандык Медербек Канатбек уулу бир жарым жыл мурда Анталияга иштегени келип, бирок спортко болгон ышкысына туруштук бере албай, эми жеңил атлетика боюнча жергиликтүү спортчулар менен машыгып жаткан кези. Ал Түркиянын Анталия шаарында уюштурулган марафондо алдыга озуп келген он күлүктүн бири болду. Көп кырдуу таланттын ээси Медербек мекенге болгон сагынычын ыр саптарына жана обонго салып, келечекте китеп чыгарууну кыялданат экен.
"Tesla" компаниясы башкарчуучусуз эки жүк унаада товар жеткирди. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск "Instagram" баракчасына жазып, сүрөттөрдү чыгарды. "Tesla Semi" унааларына жүктөлгөн товарлар Невада штатындагы "Tesla Gigafactory 1" заводунда чыгарылган аккумуляторлор болду. Машинелер 425 чакырым аралыктан өтүп, жүктү Калифорниядагы "Tesla" заводуна төрт жарым сааттай убакытта алып келди. Башкарчуучусу жок "Tesla Semi" унааларын такай чыгаруу 2019-жылы башталганы турат. Буйрутмачыларга товар жеткирүү 2020-жылы башталат.
Баткенде мыйзамсыз курал сактап жүргөн жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 9-мартта билдиргендей, ал Кадамжай районундагы Марказ айылынын 42 жаштагы тургуну. Шектүү адам милиция өткөргөн "Каракчы" аттуу атайын рейддин алкагында колго түшкөн. Анын үйүнөн "PERFESTA MOD FBI 8000" үлгүсүндөгү травматикалык тапанча 9 мм калибриндеги 2 даана огу менен, ТОЗ-8 ок атуучу куралы жана анын 5,6 мм калибриндеги 86 даана огу табылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси ("Ок атуучу куралдарды... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Салык жана Бажы кызматтарында жүргүзгөн тинтүүнүн натыйжасында жети киши кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди: - Бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы менен 6-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында салык жана бажы органдарынын имараттарында, "Полларис" жана "Интеррустрейд" жоопкерчилиги чектелген коомунун Бишкек бөлүмүнүн кеңселеринде, "Дордой" соода комплексинин айрым кампаларында жана кылмыш ишине... Читать дальше...
8-мартта Түркиянын Стамбул шаарындагы Таксим аянтында кырк миңден ашык кыз-келин жөө жүрүшкө чыкты.
Өкмөт сунуш кылган “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзам долбоорун парламент 7-марттагы жыйындын күн тартибинен алып салды.
Эл аралык адвокаттар ассоциациясы мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочусунун жагдайына тынчсыздануусун билдирди. Бул уюм кыргыз өкмөтүн жактоочунун кесиптик милдеттерин аткарууга шарт түзүп берүүгө жана ал саясий куугунтукка кабылбай тургандыгына кепилдик берүүгө чакырды.
Улуттук статистика комитети 2-мартта жарыялаган "Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча баяндамага" ылайык, Талас, Нарын жана Жалал-Абад облусунун жашоочулары керегинен ашыкча тамактанышат. Адамга бир күнгө 2097 килокалория керектелет. Талас облусундагылар - 2585, Жалал-Абад облусундагылар - 2220, Нарын облусундагылар - 2207, Ош облусундагылар - 2073, Баткен облусундагылар - 2093. Ысык-Көл облусундагылар - 2034, Чүй облусундагылар - 1980, Ош шаарындагылар - 1783, Бишкек шаарындагылар - 2051 килокалория жешет. Читать дальше...
Ош шаарынын тургундары организм талап кылган өлчөмдө тамак жешпейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2-мартта жарыялаган "Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча" баяндамасында айтылат. Адамга бир күнгө 2097 килокалория керектелсе, Ош шаарынын жашоочулары анын 1783үн гана колдонот. Талас, Нарын, Жалал-Абад облусунун жашоочулары керегинен ашыкча тамактанышат: Талас облусу - 2585, Жалал-Абад облусу - 2220, Нарын облусу - 2207, Ош облусу - 2073, Баткен облусу - 2093. Ысык-Көл облусу - 2034... Читать дальше...
Алардын айрымдары түрмөдө төрөлүшкөн, кээ бирлери энеси менен кошо абакка келген. Бул тууралуу №2 аялдар абагынын башчысы Амангазы Искендеров журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, балдар үч жашка чыкканда аларды туугандары алып кетишет. Ага чейин балалуу аялдар башка аялдардан өзүнчө кармалышат. Укук коргоочулар Кыргызстандын Кылмыш процессуалдык кодекси боюнча, сот тарабынан эркинен ажыратылган аялдар баласы 14 жашка чыкканча жаза өтөөдөн убактылуу бошотуларын белгилеп келишет.(ZKo)
7-мартта Тажикстандын Хатлон жана Өзбекстандын Сурхандарья облустарын байланыштырган "Гүлбахор" көзөмөл өткөрүү бекети ачылды. Тажикстандын түштүгүндөгү негизги жолдордун биринде жайгашкан бекет 2012-жылы жабылган. Өткөрүү бекеттин ачылуу аземине чет өлкөлүк жана жеке маалымат каражаттардын журналисттери катыштырылган жок. Чек арачылардын айтымдарында, "Гүлбахор" бекети жөнөкөйлөтүлгөн тартипте иштейт – чек арага жакын жашаган жарандар коңшу өлкөдө расмий чакыруусуз жана туугандарынын телеграммасысыз беш сутка жүрө алышат. Читать дальше...
Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөнүн бир канча аймагындагы булактарына таянып кабарлады. Өлкөнүн билим берүү жана маданият тармагындагы кызматкерлердин маалыматы боюнча, Ашхабаддын музей, маданият борборлорундагы жана китепканаларындагы кызматкерлер азайтыла тургандыгы жазылган. Азырынча бул маалымат расмий ырастала элек. Бирок жумуштан кетириле турган кызматкерлердин саны миңден ашык экени, алардын арасында орто мектептердин жүздөгөн мугалимдери бар экени айтылууда. Басылманын Лебап облусундагы булагы кабарлагандай... Читать дальше...
Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөнүн бир канча аймагындагы булактарына таянып кабарлады. Өлкөнүн билим берүү жана маданият кызматкерлеринин маалыматы боюнча, Ашхабаддын музей, маданият борборлору жана китепканаларындагы кызматкерлердин саны кыскартыла тургандыгы жазылган. Азырынча бул маалымат расмий ырастала элек. Бирок жумуштан кетирилүүчү кызматкерлердин саны миңден ашык экени, арасында орто мектептердин жүздөгөн мугалими бар экени айтылууда. Басылманын Лебап облусундагы булагы кабарлагандай... Читать дальше...
Турнирди 8-март майрамга жана Аялдардын эл аралык футбол күнүнө карата Улуттар Уюмунун маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы Кыргызстандын футбол федерациясы менен чогуу өткөрүүдө. Мелдештин ачылышы 8-мартта Бишкектеги борбордук стадиондо өттү. Улуттар Уюмунун маңзат жана кылмыштуулук башкармалыгынын Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Вера Ткаченко сөз сүйлөп, аялдардын эркиндигин жана укугун кеңейтүү БУУнун негизги милдеттери экенин белгиледи: - Биз учурда эркектер басымдуулук кылган коомдо жашап жатабыз. Читать дальше...
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жолдогон куттуктоосунда кыргыз элинде илгертеден бери эненин орду өзгөчө бааланып келгенин, ал ыйык салт учурдагы коомдо да дайыма аздектелип сакталарын белгилеген. Президент Жээнбеков ошондой эле аялдар учурда өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө жигердүү катышып жатканын, бул өз учурунда коомдун ынтымагына жана биримдигине чоң салым кошуп жатканын да кошумчалап кеткен. Мамлекет башчы өз куттуктоосунда аялдардын кажыбас кайраты, турмуштук... Читать дальше...
Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдиргенин Reuters жазды. Алдын ала маалыматтар боюнча, операция Ирактагы парламенттик шайлоодон кийин болот. Шайлоо быйыл май айында өтөт. Чавушоглу болсо Африндеги күрттөргө каршы аскердик операция майга чейин аяктайт деп бекемдеген. Быйыл январдын экинчи жарымында түрк аскерлери күрт отряддарынын Африндеги позициясына чабуул жасаган. Көп өтпөй түрк тарап "Зайтун бутагы" деген аталышта аскердик операция башталганын жарыялаган. Түрк... Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамптын жарлыгы боюнча болоттун бажы төлөмү 25%, ал эми алюминийдики 10% кымбаттады. Буйрук Канада жана Мексикадан импорттолуучу металлдарга тиешеси жок. АКШ президенти 1-мартта эле 15 америкалык металлургиялык компаниянын жетекчилери менен жолугушуусунда болот менен алюминийдин бажы төлөмдөрү көтөрүлөрүн эскерткен эле. Евробиримдик буга жооп аракеттер көрүлөрүн билдирип, АКШдан импорттолуучу айрым товарларга төлөм ала баштады. Евробиримдиктин башчысы Дональд Туск... Читать дальше...
Тбилисидеги Юстиция министрлигинин алдында бир нече трансгендер-аялдар "Мени аял катары тааныгыла" деген аталышта акцияга чыгышты. Алар грузин бийлигин өздөрүнүн мыйзамдуу макамдарын бузуп жатат деп айыпташты. Трансгендер-аялдардын журналисттерге билдиргени боюнча, грузин бийлиги Европа кеңешинин алдында алган милдеттерин аткарбай келет. Эмгиче эле бийлик жыныс алмаштырууну паспортто белгилөөдөн баш тартып, физикалык жактан алмаштырылганы жөнүндө маалымкат талап кылып жатышканын, мындай операциялар аябай кымбаттыгын айтышты. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.