Грузияда трансгендерлер 8-март күнү акция өткөрүштү
Тбилисидеги Юстиция министрлигинин алдында бир нече трансгендер-аялдар "Мени аял катары тааныгыла" деген аталышта акцияга чыгышты. Алар грузин бийлигин өздөрүнүн мыйзамдуу макамдарын бузуп жатат деп айыпташты.
Трансгендер-аялдардын журналисттерге билдиргени боюнча, грузин бийлиги Европа кеңешинин алдында алган милдеттерин аткарбай келет. Эмгиче эле бийлик жыныс алмаштырууну паспортто белгилөөдөн баш тартып, физикалык жактан алмаштырылганы жөнүндө маалымкат талап кылып жатышканын, мындай операциялар аябай кымбаттыгын айтышты. Алар ошондой эле трансфобиялык мүнөздөгү зордук-зомбулуктар күчөп, өлтүрүүгө чейин жетип жатканына нааразылыгын билдиришти.
Акция учурунда аларга ошол жерде турган адамдардын бири жумуртка ыргытып, көп өтпөй полиция тарабынан кармалган.