Мар Байжиевдин чыгармачылыгы көп кырдуу, көп сайлуу. Анын классикага айланган драмалары дүйнөнүн ири сахналарында коюлуп жүрөт. Сценарийлери боюнча тартылган фильмдери кыргыз кино өнөрүнүн кайталангыс өрнөгү болуп калды. Анын “Бир тоголок самын” аңгемеси жөнүндөгү чакан серепти окуңуздар.
Жапонияда айдоо жерлерди доңуздардын чабуулунун робот-карышкырлар коргойт. Азиядагы эң узун үңкүр Кытайдан табылды. Деңизге мониторинг жүргүзчү робот-балык. Талантуу жана жөндөмдүү кишилер дайыма эле бай боло бербейт.
Бул жолу "Эже-сиңдилер" 1-апрель Күлкү күнүнө карата айымдардын азил-тамашасы тууралуу кеп курушту. Студиянын коноктору куйкум сөздү келиштирген ырчы Салима Балтаева, шоумен, сатирик Борончу Кудайбергенов, төкмө акын Мырзайым Айтимбетова.
Кошмо Штаттардын Чикаго шаарында отурукташкан кыргызстандыктар март айынын соңунда Нооруз майрамын белгилешти. Иш-чара Кыргыз коомдук борбору тарабынан уюштурулду. Жалпысынан 300гө жакын киши катышты.
Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Жабык өткөн курултайга 190 делегат катышканы маалымдалды.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драма театрында "Рамаяна" спектаклинин бет ачары өттү. Индия элинин көлөмдүү эпосторунун бири болгон чыгармада жергиликтүү элдин маданияты, баёо ишенимдери, ак менен каранын күрөшү баяндалат. Театр сүйүүчүлөрү Индия буга чейин аларга өз кино тасмалары менен тааныш болгондуктан драмалары да кызыктырганын айтышат. "Рамаяна" - кыргыз театрынын Индия элчилиги менен биргеликте ишке ашып жаткан экинчи долбоору.
Эки жыл мурда Анкарада зордукталып, кыз төрөгөн Мээрим учурда сот адилеттигин күтүп жүрөт. Айыпталуучу түрк жараны камакта, бирок Мээрим кызына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатат.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев азыркы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек деген оюн билдирди. Ал мындай пикирин Бишкекте КСДП курултайынан кийин өткөн баса сөз жыйынында айтты.
Тажикстандын Лахш (мурдагы Жерге-Тал) аймагында жашаган кыргыздарга окуу-методикалык, көркөм адабий китептер чогултулуп жатат. Былтыр жазда жер титирөөдө жабыркаган кыргыздарга колдоо көрсөтүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири журналист Жолдош Турдубаевдин “Азаттык” радиосуна айтканы боюнча, жыйналган китептерди май айында дарегине жеткирип берүү пландалды.
1-апрелден 3-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоодо мал кармоону кыйындатат. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 7...12... Читать дальше...
Өкмөт башчысы Сапар Исаков КСДП съездинин түштөн кийинки бөлүгүнө келип, делегаттар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Урмат Кабылова “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн, 31-мартта Бишкектеги “Орион” мейманканасында КСДП партиясынын съезди өтүп, экс-президент Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Съездге 190 делегат чакырылганы айтылган. Атамбаев жыйындан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди. Премьер-министр Сапар Исаков КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.(UEz)
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Эл аралык олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах менен жолугушту. Жолугушуу Пхеньянда өткөнүн "Ассошиэйтед пресс" кабарлады. Агенттиктин маалыматында Ким Чен Ын жана Бах Түндүк Кореянын мындан аркы олимпиадаларга катышуусу, 2020-жылдагы Токиодогу өтчү олимп оюндары тууралуу сүйлөштү. Бах жолугушуу жемиштүү болгонун айтып, Түндүк менен Түштүк Кореянын Пхёнчхаңдагы олимпиадада чогуу чыгуусун тынчтык диалогун курууда маанилүү кадам деп белгиледи. Өз кезегинде... Читать дальше...
Турнир Россияда өткөн
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен жолукту. Президент команданы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирди. Президент футболчулар дагы, аларды маанилүү оюндарга даярдаган машыктыруучулар, спорт дарыгерлери дагы ыраазычылыкка татыктуу экенин белгиледи. Жээнбеков футбол боюнча Кыргызстандын... Читать дальше...
Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясынын катчылыгы партиянын курултайына айрым депутаттар каршылык иретинде барган жок деген маалыматты төгүндөдү. КСДП фракциясынын маалымат катчысы Азамат Касымбеков Кожобек Рыспаев ден соолугуна байланыштуу, Абдывахап Нурбаев башка облуста жүргөнү үчүн, Аида Касымалиева чет өлкөдөгү сапарына байланыштуу курултайга катышпаганын билдирди. Касымбеков депутат Мурадыл Мадеминов курултайга катышканын, Төрөбай Зулпукаровдун катышып-катышпаганы тууралуу маалымат жоктугун кошумчалады. Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын катчылыгы партиянын съездине айрым депутаттар каршылык иретинде барган жок деген маалыматты төгүндөдү. КСДП фракциясынын маалымат катчысы Азамат Касымбеков Кожобек Рыспаев ден соолугуна байланыштуу, Абдывахап Нурбаев башка облуста жүргөнү үчүн, Аида Касымалиева чет өлкөдөгү сапарына байланыштуу съездге катышпаганын билдирди. Касымбеков депутат Мурадыл Мадеминов съездге катышканын, Төрөбай Зулпукаровдун катышып-катышпаганы тууралуу маалымат жоктугун кошумчалады. Читать дальше...
Москвада миллиардер, “Сумма” компаниялар тобунун кожоюну Зиявуддин Магомедов кармалды. "Коммерсантъ" гезитинин маалыматы боюнча, буга чейин ишкер жана анын жанындагы бир нече адам сурак берген. Магомедовго караштуу объекттерде ФСБнын жана Орусиянын ИИМнин экономикалык башкармалыгынын кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн. Буга чейин укук коргоо органдары ишкер менен жөн гана баарлашканы, Магомедовдун компаниясында жана батиринде тинтүү болбогону кабарланган. “Сумма” компаниялар тобу ишкердин кармалганы тууралуу маалыматты азырынча ырастай элек. Читать дальше...
"Зимняя вишня" оюн-зоок соода жайына ээлик кылган компаниянын башкы директору эки айга камалды. Мындай чечимди Кемероводогу сот ишемби күнү чыгарды. "Юлия Богданова өрт коопсуздугун сактабай, адамдардын өлүмүнө жол бергени үчүн айыпталууда" деп кабарлады Интерфакс агенттиги. Тергөө жүрүшүндө "Кемерово кондитер комбинаты" компаниясынын директоруна оңдолгон имаратта коопсуздук системасынын жетишсиз экени тууралуу бир нече жолу эскертүү берилгени аныкталган. Тергөөчүлөр Богданова керектүү чараларды көргөн эмес деп эсептешет. Читать дальше...
Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды өлкөнүн вице-премьер министри кылып дайындады. Бул тууралуу Түркмөнстандын өкмөтүнүн расмий веб-сайты кабарлады. 36 жаштагы Сердар Бердымухамедов 2017-жылдын март айынан бери парламенттеги юридикалык иштер боюнча комитетти башкарып келген. 2016-жылы парламентке шайлангыча Сердар Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүн жетектеген. (BCh)
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев азыркы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек деген оюн билдирди. Ал мындай пикирин Бишкекте КСДП курултайынан кийин өткөн баса сөз жыйынында айтты. - Мен Жээнбеков президенттикке көрсөтүлгөндө эле "Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек" деп айткам. Азыр да ошол пикирдемин. Асылбек Шариповичтин депутат болушу эртеби-кечпи президентке зыяны тиет. Муну айтуу менин парзым. Буга чейин Мискенбаев айтып койгон экен... Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун парламентте отурушунун арты жакшы болбойт деп айтты. Ал мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди. Атамбаев “азыр баары Жээнбековдорду мактап жатышат, бирок президенттин иниси депутат болуп отурганы азыр билинбейт, бирок арты жакшы болбойт” деди. Президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков учурда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат. Ал бүгүнкү съездге чакырылган эмес. Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн "7-апрелде аянтка элди баштап чыгышы ыктамал" деген айың кептерди жокко чыгарды. Ал 7-апрелде чет элдик досторунун жардамы менен курулуп жаткан мечитке барып куран окутаарын, 8-апрелде Кытайга кетээрин билдирди. Бүгүн КСДПнын курултайы өтүп, анда Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Курултайга 190 делегат чакырылган. Айрым делегаттар курултайга кирбей калганын айтса, айрымдары партия жетекчилигине нааразылык иретинде жыйындан чыгып кеткенин билдиришти. Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекте маалымат жыйын куруп жатып, президент Сооронбай Жээнбековго Коргоо кеңеши адаштырган маалыматтарды берип жатканын айтты. Анын айтымында, 8-февралда С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде айткан коррупцияга байланыштуу маалыматтар чындыкка коошпойт. - Жээнбековго Коопсуздук кеңеши адаштырган маалыматтарды берип жатат. Анткени менин убагымда коррупцияга каршы күрөш боюнча көптөгөн иштер жасалган. Коопсуздук кеңешинде маркум Темир Жумакадыров коррупцияга каршы стратегиялык иштерди жасаган... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.