Калың кардан улам электр зымдары үзүлүп, Оштун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу, Кызыл-Жар, Ой-Тал айыл өкмөттөрү жарыксыз калды.
Бул тууралуу райондун акими Примберди Дыйканов билдирди. "Ош электр" ишканасынын адистери кырдаалды жайгаруу үчүн өрөөнгө жөнөп кетишти. Жарыксыз калган аймакта канча түтүн бар экенин билүүгө азырынча мүмкүн боло элек.
Алайкуу аймагына калың кар жаап, элди түйшүккө салганын, жол жабылып, жарык өчкөнүн жергиликтүү тургун Бакыт Бердалиев "Азаттыкка" кабарлаган. Анын айтымында... Читать дальше...