Сталин: Өз өлүмүн тездеткен диктатор
Мындан 65 жыл мурда Советтер Биримдигинин диктатору Иосиф Сталин дүйнөдөн кайткан. Азыр да анын өлүмү тууралуу ар кыл жоромолдор айтылып келет.
Мындан 65 жыл мурда Советтер Биримдигинин диктатору Иосиф Сталин дүйнөдөн кайткан. Азыр да анын өлүмү тууралуу ар кыл жоромолдор айтылып келет.
Өзбекстанда 19 жылдан бери түрмөдө отурган оппозициячыл журналист Юсуф Розимуродов бошотулду. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна укук коргоочу Исмоил Адилов 2-мартта билдирди. Анын айтымында, Розимуродов Чирчиктеги колониядан 22-февралда коё берилип, ушул тапта өзүнүн кичи мекени - Кашкадарыя облусундагы үйүндө жүрөт. 54 жаштагы журналист оппозициялык "Эрк" партиясынын активдүү мүчөсү болчу жана партиянын гезитине макала жазып турчу. Аны 1999-жылы Ташкентте болгон жардыруулардан көп узабай камашкан. Читать дальше...
Берлиндин жака белинде полиция дипломатиялык каналдар аркылуу Аргентинадан Орусияга кокаин ташыган деп шектелген Андрей Ковальчук аттуу адамды кармалды. Ковальчуктун адвокаты жакынкы күндөрдө полиция аны камоо ордерин соттон алууга аракеттенерин айтты. Өткөн жумада тараган кабарларга караганда, декабрда Орусиянын Аргентинадагы элчилигинин мектебинде 400 килограммдай маңзат салынган 12 чемодан табылган. Чемодандар дипломатиялык жүк катары катталган. Маңзат аткезчилигине тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн кокаинди кадимки унга алмаштырып... Читать дальше...
Кошмо Штаттар Орусиянын президенти Путиндин жаңы өзөктүк куралдар, ракеталар тууралуу жарыясын алар "билген" нерсе катары мүнөздөдү. Вашингтон Москваны өзөктүк куралдар боюнча келишимди бузганы үчүн да айыптады.
Бишкекте жарандык активисттер, оппозициялык маанайдагы саясатчылар бир күчкө биригүүгө аракет кылууда.
Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни Италиядагы шайлоодо оңчул-борборчул коалиция жеңсе, өкмөттү жетектөөгө даяр. Бул жөнүндө ал өзү "Твиттерге" жазды. Коалицияны болсо мурдагы премьер-министр Сильвио Берлускони жетектеген “Алга, Италия” партиясы баштайт. Экс-премьер салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 2019-жылга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлей албайт. Сурамжылоолорго караганда, анын партиясы шайлоочулардын 18 пайыз добушун алышы ыктымал. Ал эми оңчул-борборчул коалиция 40 процентке чейин добуш алууга күчү жетет. Читать дальше...
Жыл башынан бери Ошто ВИЧ жуккан энелерден төрөлгөн ымыркайлардын баары бул илдеттен таза экени аныкталды. Келиндердин биринин балдары эгиз. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ош облустук СПИДге каршы күрөш борборунун дарыгери Исамидин Омонов билдирди: - ВИЧ илдеттүү энелерден төрөлгөн балдарды жаңы ыкма менен текшердик. Бул ыкма ымыркай туулганда эле таманынан беш тамчы кан алынып, атайын жабдуунун жардамы менен 48 саат ичинде жасалат. Дарыгердин айтымында, ымыркайларда ВИЧ бар же жогун кургатылган... Читать дальше...
Күндөн-күнгө балдарга карата зордук-зомбулук күч алып жатканы өкүндүрүп келет. Өткөн жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылып, оор акыбалда калган 7981 бала табылган. Анын ичинен зомбулук көрсөткөн 57 жаран камалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы балдарга каршы жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып […]
Өткөн жумаларда Whatsapp аркылуу кыргыз тилинде гана сүйлөөгө чакырган билдирүүлөр массалык түрдө тарап, кызуу талкууга түштү. Аны улай башка активисттер да видеокайрылуу жасап, аягы чоң акцияга айланды. Мындан улам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Интернеттеги социалдык түйүндөрдө кыргыз тилине байланыштуу тарап жаткан чакырыкты иликтей баштагандыгын билдирген. "Азаттык+" берүүсү бул жолу тил маселесине кайрылды.
Өткөн жумаларда Whatsapp аркылуу кыргыз тилинде гана сүйлөөгө чакырган билдирүүлөр массалык түрдө тарап, кызуу талкууга түштү. Аны улай башка активисттер да видеокайрылуу жасап, аягы чоң акцияга айланды. Мындан улам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Интернеттеги социалдык түйүндөрдө кыргыз тилине байланыштуу тарап жаткан чакырыкты иликтей баштагандыгын билдирген. "Азаттык+" берүүсү бул жолу тил маселесине кайрылды.
Кыргыз өкмөтү милицияны полиция деп кайра түзүү демилгесин көтөрдү.
Кыздар арасында Азия чемпионаты кечээ 1-мартта башталган, ал бүгүн жыйынтыкталмакчы. Мелдеште медалдын 10 топтому ойнотулду. Анда Кыргызстандын атынан жалгыз гана Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло байге тагынган.
Эртең, 3-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 100 күн болот. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева “Азаттыкка” берген интервьюсунда бул аралыкта Жээнбековдун ишмердүүлүгү тууралуу ой-пикири менен бөлүштү. Ал президент инаугурацияда ант бергенден бери коомчулук өлкө башчынын ишин кунт коюп байкап келатканын айтып, өз кезегинде президент шайлоо алдында берген убадаларын четинен аткарып келе жатканына токтолду. - Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо... Читать дальше...
«Кыргыз Туусу» гезити саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев тууралуу жарыялаган кайрылууну төгүндөдү. Бул тууралуу бүгүн министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Ошону менен катар, мекеменин маалыматына караганда, гезиттин жаңы санында министрлик жүргүзүп жаткан иштер тууралуу макаланы жарыялоого өзүнчө орун берилди. Министр Батыралиев “койгон дооматтарын далилдей албай, өз сөзүн төгүндөгөндөргө” каршы доо арызынан баш тартууга даяр экенин, бирок ошол 24 адамдын алтоо менен соттошууну уланта берерин айтты. Читать дальше...
Нарындын Жумгал районунун Чаек жана Куйручук айылдарынын жайыт комитеттери АРИС өткөргөн тендерге нааразы. Алардын айтымында, баасы 2 миллион сомдон ашкан жол тазалагыч техникасы чырдан улам бир жылдан бери иштебей турат. Анткен менен АРИС жергиликтүү элдин дооматтарын четке кагууда.
Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев Казакстанда ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган кыргызстандык боюнча коңшу мамлекеттин тиешелүү мекемелерине кайрылды. Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 3-топтогу майып жаран, 37 жаштагы Эркинбек Тентемишев Тараз шаарындагы №158/4 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөөдө. Ал өзү абактын жетекчилиги аны улутуна карата кодулап жатканын билдирген. Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго кайрылып, кыргызстандыктын укугун коргоого көмөктөшүүнү... Читать дальше...
Бүгүн Бишкекте коррупцияга каршы аракеттерди талкуулаган жыйында экс-президент Роза Отунбаева саясатчылардын, оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти сындаган жыйын-талкуулары ураандар менен чектелбестен, беш-алты жылдан кийин күчтүү платформага айлануучу өзүнчө саясий күчкө биригүү планын талкуулашы керек деген пикирин билдирди.
Германиянын канцлери Ангела Меркел менен АКШнын президенти Доналд Трамп орус мамлекет башчысынын билдирүүсүнө байланыштуу кабатырлыгын билдиришти. 1-мартта Федерация Кеңешиндеги кайрылуусунда Владимир Путин Орусия жаңы өзөктүк куралга ээ болгонун, айрымдары дүйнөнүн каалаган жерине жетип, АКШнын ракетага каршы системасын буйтап өтө алаарын айткан. Меркел менен Трамп бул кадам “эл аралык коомчулуктун курал-жаракты көзөмөлдөө аракеттерине” терс таасир тийгизээрин белгилешти. Бул тууралуу Германиянын өкмөтү 2-мартта тараткан билдирүүдө айтылат. Читать дальше...
Скопьенин аэропортунан Улуу Александрдын же Искендер Зулкарнайндын айкели алынды. Бул кадамы менен Македония Греция менен дээрлик 30 жылдан бери өлкө аталышы боюнча бүтпөй келаткан талашта жакшы ниетин көргөзүүнү көздөйт. Бийиктиги 2 метрлик айкелди аэропортту иштеткен түркиялык компания тартуулаган. 24-февралда болсо өлкөнүн негизги аба дарбазасынан "Улуу Александр" деген жазуу алынган. Эми аэропорттун, ошондой эле даңазалуу падышанын, жол башчынын ысымын алып жүргөн кан жолдун аталыштары өзгөртүлмөкчү. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин “Республика - Ата - Журт” фракциясынын депутаты Фархат Иминовдун депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу арызы Борбордук шайлоо комиссиясына келип түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын басма сөз кызматынын өкүлү Анарбек Абазбеков билдирди. Ал арыз фракциянын атынан келгенин, аны БШК мүчөлөрү жакынкы жыйында карай турганын кошумчалады. Депутат Фархат Иминов өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырып жатканын бүгүн тараткан билдирүүсүндө жарыялаган. Депутат өз кайрылуусунда мандатты тапшыруу анын жеке чечими болгонун... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин “Республика - Ата - Журт” фракциясынын депутаты Фархат Иминовдун депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу арызы Борбордук шайлоо комиссиясына келип түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын басма сөз кызматынын өкүлү Анарбек Абазбеков билдирди. Ал арыз фракциянын атынан келгенин, аны БШК мүчөлөрү жакынкы жыйында карай турганын кошумчалады. Депутат Фархат Иминов өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырып жатканын бүгүн тараткан билдирүүсүндө жарыялаган. Депутат өз кайрылуусунда мандатты тапшыруу анын жеке чечими болгонун... Читать дальше...
3-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, Чүй, Талас, Нарын облустарында, Ысык-Көл ойдуңунда кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Читать дальше...
Таласта эшигинин алдына ташталган ымыркайларды асыраган эки үй-бүлө эки жылдан бери алардын документин бүтүрө албай убара тартууда. Бул тууралуу алар “Азаттык” радиосуна билдиришти. Талас районунун тургуну төрөлгөнүнө беш күн болгон кызды дээрлик бир жылдан бери багып келе жатат. Ушул эле райондун дагы бир жашоочусунун эшигинин алдына эркек баланы калтырып кетишкен. Учурунда райондук милиция "бул окуяларда кылмыш жок" деген бүтүм чыгарган. Ошондуктан эки үй-бүлө балдарды асыроо тууралуу документтерди топтой башташкан. Читать дальше...
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Гилменд провинциясында талибдерге каршы рейд учурунда германиялык киши кармалганын билдиришти. Чөлкөмдүн губернаторунун басма сөз катчысы Омар Звак 28-февралда ал адамдан немис паспорту табылганын маалымдады. Алгачкы иликтөө ал киши туткун эмес экенин, жолго коюлчу бомбаларды жасоого катышканын көргөздү. Герешк райондук полиция башчысы германиялык деп сыпатталып жаткан адам "Талибандын" Гилменддеги куралдуу кошуундарынын кол башчысы Молдо Насирдин “аскердик кеңешчиси” болгонун айтты. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.