Чыгыш Гутага гуманитардык жардам кирди
Гуманитардык жардам алып келаткан кербен 5-мартта козголоңчулардын колундагы Чыгыш Гута аймагына кирди. Эки аптадан бери президент Башар Асаддын армиясы бул жерге чабуул коюп жатат. Аба соккуларынан 700дөн ашуун карапайым адамдын өмүрү кыйылды. Сирия армиясы камоодо калган 27 миңдей кишиге тамак-аш жүктөгөн кербенди анклавга киргизди. Гуманитардык миссиянын жетекчилигинин билдирүүсүнө караганда, сириялык аскерлер жарадар болгондорго жана оорулууларга делген дары-дармекти түшүртпөй коюшту. Чыгыш Гутада 400 миңге чукул киши жашайт. Читать дальше...