Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 26.03.2018

Райан: АКШ Орусиянын жасаганына “жараша” жооп берди

Azattyk.org 

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Рол Райан президент Трамптын орусиялык 60 дипломатты өлкөдөн чыгарып, Сиэтлдеги Орусиянын консулдук өкүлчүлүгүн жабуу чечимин колдойт. Саясатчы мындай кадамды Орусиянын жасаганына “жараша” жооп деп, Британияга тилектештигин билдирди. Райан дүйшөмбүдө "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы кеңсесине келип, “Настоящее время” телеканалына берген интервьюда Орусияга каршы санкцияларды, анын ичинде Владимир Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген “олигархтарга” финансылык санкцияларды киргизүүнү колдойт. Читать дальше...

Орусияда эң чоң "каржы пирамидасын" түзгөн Сергей Мавроди көз жумду

Azattyk.org 

«МММ» акционердик коомунун түптөөчүсү, 63 жаштагы Сергей Мавроди жүрөгү кармап Москвада каза тапканын орусиялык маалымат каражаттары кабарлашты. Мавроди Орусияда «каржы пирамидаларынын» эң чоңун түзгөн жана андан 10 миллиондой киши жабыркаган.  1990-жылдардын ортосунда ишкер Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, 1996-жылкы шайлоонун алдында мандатынан ажыратылып, “МММ” менен көз боёмочулук кылган деп, дагы башка иштерге байланыштуу айыпталган. Мавроди 2003-жылы камалып, сот процесси төрт жылга созулган. Читать дальше...

Батыш орус дипломаттарын бутага алды

Azattyk.org 

АКШ, Евробиримдик, Канада жана Украина Британияда мурдагы орус тыңчысынын ууландырылышына байланыштуу ондогон орусиялык дипломаттарды өз аймактарынан чыгарууда. Орусия мындай чечимди айыптап, жооп кайтарабыз деп убада кылды. 4-мартта мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен кызы Юлия Британиянын Солсбери шаарында кооптуу химиялык затка ууланып, ооруканага жеткирилген эле.



Кремл: Путиндин иш тартибинде Кемерового баруу каралган эмес

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Валдимир Путиндин иш тартибинде соода борборундагы өрттөн 64 киши өлүп, 50дөй адам жабыркаган Кемерово шаарына баруу каралган эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Кремл ошондой эле Кемероводогу трагедияга байланыштуу өлкө боюнча аза күтүү жарыялайбы же жокпу комментарий берген жок.   Кемерово облусунда 27-марттан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланды. “Орусиянын президенти жана анын администрациясы Кемероводогу өрттө курман болгондордун... Читать дальше...

Зулпукаров: Атамбаев-Жээнбеков мамилесин кызматсыз калгандар бузууда

Azattyk.org 

"Азаттыктын” “2х1” форматындагы эксклюзивдүү маегинин бул жолку коногу - Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидеринин орун басары, депутат Төрөбай Зулпукаров. Маекте Зулпукаров партияны түзүүчүлөр деп саналган мурдагы жана азыркы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун мамилесине, Социал-демократтар партиясынын курултайынын алдында көтөрүлүп жаткан башка да суроолорго жооп берди.

Евробиримдик жана АКШ орус дипломаттарын чыгарат

Azattyk.org 

Германия мурунку орус тыңчысы менен анын кызынын Англияда ууландырылышына жооп чара катары Орусиянын төрт дипломатын чыгарарын немистердин медиа каражаттары жазышты. Өлкөнүн тышкы иштер министри Хайко Маас орусиялыктарга чыгып кетүүгө бир апта берилерин билдирди. Бүгүн Франция, Дания, Латвия, Польша жана Чехия дагы орус дипломаттарын өз аймактарынан чыгара турганын жарыялашты.  АКШ президенти Дональд Трамп ондогон орусиялык “чалгын кызматкерлерин” өз аймагынан чыгарып жана Орусиянын Сиэтлдеги консулдук өкүлчүлүгүн жабууга буйрук берди. Читать дальше...

"Аскер курулуш" ишканасына кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана анын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары бюджеттен чоң суммадагы акчаны мыйзамсыз сарптаганын аныктады. Башкы прокуратура тараткан маалыматта, 2015-жылы ошол кезде Коргоо министрлиги деп аталган комитетке стратегиялык аскердик объектинин инфраструктурасын калыбына келтириш үчүн 70 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнү жазылган. Бирок министрлик жана анын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы... Читать дальше...



"Аскер курулуш" ишканасына карата кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана анын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары бюджеттен чоң суммадагы акчаны мыйзамсыз сарптаганын аныктады. Башкы прокуратура тараткан маалыматта, 2015-жылы ошол кезде Коргоо министрлиги деп аталган комитетке стратегиялык аскердик объектинин инфраструктурасын калыбына келтириш үчүн 70 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнү жазылган. Бирок министрлик жана анын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы... Читать дальше...

Түштүк Кореядагы кыргыздар Ноорузду белгилешти

Azattyk.org 

Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар Нооруз майрамын 25-мартта белгилешти. Быйыл бул майрамды алгачкы жолу ал жакта билим алып жаткан студенттер уюштурушту. Баш калаа Сеулда өткөн иш-чарада боз үй тигилип, спорттук, интеллектуалдык улуттук оюн-зооктор уюштурулуп, тамак-аштар да даярдалды.

Кемероводогу өрттө 60тан ашык адам курман болду

Azattyk.org 

Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттө өлгөндөрдүн саны алтымыштан ашты. Барселонада Каталониянын мурдагы президенти Карлес Пучдемондун кармалышынан кийин демонстранттар менен полиция кагылышты. Египетте бүгүн президенттик шайлоо башталды.

Көп балалуу эне көчөдө калды

Azattyk.org 

Оорукчан атасы, алты бир тууганын баккан 12 жаштагы окуучу кыздын үй-бүлөсү көчөдө калды. Аймактарды өнүктүрүүнү өз мойнуна алган сузактык мигранттар. Оштогу отуз жылдык тарыхы бар куурчак театрынын жомок дүйнөсү. Алайдын Ак-Босого кыштагында отуруп эле ааламга атагы чыккан блогер Жаркынбай Кошбаев менен маекти да сунуш кылабыз.

Зулпукаров: Кытай Компартиясынан жардам келген эмес

Azattyk.org 

Кытай Компартиясынан 1 миллион сомдук техникалык жардам Жогорку Кеңешке, КСДП фракциясына келген эмес. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Төрөбай Зулпукаров "Азаттык" радиосундагы түз эфир учурунда билдирди: - Жогорку Кеңешке, фракцияга келбегени анык. Ал акчанын кайсы жакка келгени тууралуу менде так маалымат жок, - деди Зулпукаров.   Кытай Компартиясы КСДПга 1 миллион сом жардам бергенин аталган партиянын мүчөсү, парламент депутаты Рыскелди Момбеков 22-мартта "Азаттыктын" "Арай көз чарай"... Читать дальше...

Өзбекстанда укук коргоочу абакка шарттуу кесилди

Azattyk.org 

Өзбекстанда укук коргоочу активист Мусажан Бобожонов экстремизмге байланыштуу айыпталып, үч жылга шарттуу кесилди. Бүгүн Фергананын Кува райондук соту активист коомдук коопсуздукка жана тартипке коркунуч жараткан материалдарды даярдаган, сактаган, тараткан, жарыялаган деп тапты. Бобожонов “Эзгулик” укук коргоо тобунун Анжиян шаарындагы бөлүмүн жетектейт. Ал сот чечимине каршы арызданаарын билдирди. 5-февралда тергөөчүлөр анын компьютеринен диний экстремизм менен фундаментализмдин элементтерин камтыган материалдар табылганын билдиришкен. Читать дальше...

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" Кылычовдун арызы боюнча президентке кайрылды

Azattyk.org 

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму президент Сооронбай Жээнбековго, эл аралык уюмдарга кайрылды. Анда Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелип, укук коргоочулар менен журналисттерге каршы миллиондогон доо арыздар уланып жатканы айтылат. Кайрылуу ээлери президент менен эл аралык уюмдарга сөз эркиндигинин абалы боюнча ачык билдирүү менен чыгып, укук коргоо органдарын бул өңдүү тажрыйбадан баш тартууга жана басымды токтотууга үндөөгө чакырган.  Аталган уюм журналисттерге, укук коргоочуларга... Читать дальше...

Мөңгүгө бай өлкө сууга зар

Azattyk.org 

БУУнун Башкы ассамблеясы 1993-жылы 22-мартты Суунун жана суу ресурстарынын дүйнөлүк күнү деп жарыялаган. Муну менен уюм адамды таза суу менен жабдуу жана суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу маселелерине ар бир мамлекеттин көңүлүн буруу максатын көздөгөн. Ал эми суу башындагы Кыргызстанда абал кандай? “Азаттык” апта түрмөгүн Кыргызстандын аймактарындагы ичүүчү жана сугат суунун азыркы абалына арнады.

Өзбек бийлиги Ташкенттеги «Таштүрмөнү» бузууга буйрук берди

Azattyk.org 

Ташкентте жайгашкан эл арасында «Таштүрмө» деп таанылган мурдагы №1 тергөө изоляторун үч айдын ичинде бузууга буйрук берилди. Юстиция министрлигинин 22-марттагы чечимине ылайык мурдагы түрмөнүн ордуна парк пайда болот. «Азаттыктын» өзбек кызматы жыл башында "Таштүрмөдө» кармалгандардын бардыгы тең Ташкент облусундагы Заңги-Ата районундагы жаңы абакка которулганын кабалаган. Жаңы тергөө абагы сегиз блоктон турган жылдызча формасындагы имарат. Анын долбоорунда климаттык, санитардык, коопсуздук шарттары эске алынганы расмий маалыматта айтылат.


Музыкальные новости
Филипп Киркоров

Киркоров оштрафован на 6 тыс. рублей за неуплату другого штрафа





Персональные новости
Александр Бастрыкин

В аварийном доме в Забайкалье, которым интересовался Бастрыкин, заколотили подъезды





ЖЭБ чыры: таасирдүү аткаминерге доомат

Azattyk.org 

УКМК Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде өкмөттүн мурунку аппарат башчысы Нурханбек Момуналиевди суракка алды.

Балтика өлкөлөрү менен Польша Орусиянын элчилерин чакыртты

Azattyk.org 

Латвиядагы, Литвадагы жана Эстониядагы Орусиянын элчилери дүйшөмбүдө бул өлкөлөрдүн тышкы иштер мекемесине чакырылды. Бул тууралуу ТАСС агенттигине дипломаттардын арасындагы булак билдирди. Латвиядагы Москванын элчиси Евгений Лукьянов Ригада Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Эстониядагы орустардын элчиси Александр Петров да бул өлкөнүн тышкы иштер мекемесине чакыруу алган. Эстониянын бийлиги азырынча бул маалыматты ырастай элек. Литвадагы Орусиянын элчиси Александр Удальцов дүйшөмбүдө Тышкы иштер министрлигине барары белгилүү болду. Читать дальше...

Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоого 10 миллион сом бөлүнөт

Azattyk.org 

Чолпон-Атадагы ат майданды оӊдош үчүн бюджеттен 10 миллион сом бөлүнөт. Өкмөттүн мындай чечимин бүгүн Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети колдоду. Ипподром быйыл сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүш үчүн оңдолоору белгилүү болду. Финансы министри Адылбек Касымалиев комитет жыйынында маалымат берип жатып,  ат майданды оңдоого кетчү каражаттын булагы анык экенин айтты.  2014-жылы сентябрда болгон алгачкы Көчмөндөр оюндарын утурлай Чолпон-Атадагы... Читать дальше...

Иран Болтондун дайындалышын сындады

Azattyk.org 

Иран Кошмо Штаттардын президенти Трамптын Жон Болтонду өзүнө улуттук кеңешчи кылып дайындаганын сындады. Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани Болтондун 2017-жылы бозгундагы диссиденттер тобу түзгөн “Иран элдик можахеддери” уюму менен жолукканын эске салды. “Державанын лидеринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси террордук топтон маяна алгышы уят иш” – деди Шахани 26-марттагы билдирүүсүндө. Бирок Тегерандын өкүлүнүн билдирүүсүндө буга эч кандай далил келтирилген эмес. Ирандык... Читать дальше...

Сауд Арабия хуситтердин ракеталарын атып түшүрдү

Azattyk.org 

Сауд Арабия Йемендеги хусит козголоңчулары учурган жети ракетаны атып түшүрдү. Бул тууралуу Саудиянын телеканалдары 26-мартта кабарлашты. Ракеталар баш калаа Эр-Риядды жана дагы үч аймакты бутага алган. Асмандан чачырап түшкөн ракета сыныктары борбор шаардын четинде бир кишинин өмүрүн алып, эки адам жарадар болгону да маалымдалды.  Ал эми Йемендеги хуситтерге тиешелүү телеканал ракеталар Эр-Риядагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортту көздөй атылганын билдирди. Сауд Арабия, АКШ жана Израил... Читать дальше...

Ошто бир айлык небересин сатууну көздөгөн аял кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги билдиргендей, Ош шаарында бир айга толо элек небересин сатууну көздөгөн аял кармалды.  22-мартта милиция кызматкерлери ал Ош облусунун 59 жаштагы тургуну экенин аныктаган. Ал ымыркайды сатыш үчүн Ош шаарында 20 миң сом акча алып жатканда кармалган.  Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси ("Адам сатуу") менен кылмыш иши козголду. Небересин сатууну көздөгөн аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө уланууда. Милиция кызматкерлери ымыркайды социалдык адистерге өткөрүп бергени кабарланды.

Спорт в России и мире
Москва

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Huawei представила IDS на 26-м Всемирном энергетическом конгрессе





Путин в России и мире
Москва

Мария Захарова раскритиковала высказывание Нэнси Пелоси о Путине и протестах в США


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Продюсера Reuters арестовали за публикацию материалов на YouTube-канале «НавальныйLIVE»



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Вольфганг Амадей Моцарт

Моцарт в рок-формате: ставропольские музыканты представили свою версию известного мюзикла



Москва

Более 300 многодетных семей Сергиева Посада получили электронное удостоверение

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net