123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 19.03.2018

НАТО Орусияны “тоготпостугун” көргөзүп жатканы үчүн айыптады

Azattyk.org 

Түндүк Атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенбергдин 19-мартта айткандарына караганда, Орусия өзүнүн “Новичок” программасынын чоо-жайын ачыктабоо менен эл аралык коопсуздукту жана тынчтыкты “көз-көрүнөө эле тоготпогондугун”  далилдеп  жатат. НАТО баш катчысы Орусиянын “Новичок” программасы дегенде Британиянын Солсбери шаарында мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы ууландырылганда колдонулган химиялык затты эске алууда. Ал белгилегендей, Орусия бул программасынын чоо-жайын... Читать дальше...

Путин башка мамлекеттер менен “конструктивдүү кызматташтыкты” убада кылды

Azattyk.org 

Орусия президенти мындай билдирүүнү бүгүн Москвада 18-марттагы шайлоодо ага атаандаш болгондор менен жолуккан учурунда жасады. Путиндин ырастоосунда, “Орусия коргонуу жөндөмүн бекемдейт, бирок жарыша куралданууга түшпөйт, башка мамлекеттер менен конструктивдүү карым-катышка умтулат”.  Бул арада ЕККУ Орусия шайлоосунда чыныгы атаандаштык болбогонун айтып чыкты.  Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар тобу мындай бүтүмүн 19-мартта Москвадан жарыялашты. - 18-марттагы президенттик... Читать дальше...



Иранда сопу лидеринин колдоочусу өлүм жазасына кесилди

Azattyk.org 

Мамлекеттик ИРНА жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, Мухаммед Реза Салас ысымдуу адам ирандык сопулардын (суфийлердин) лидери Нурали Табандехтин жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн өткөн айдагы кагылышуусундагы кандуу окуя үчүн кесилди. Ал өкүмдү 20 күн ичинде аппеляцияга бере алат.  Өткөн айда сопу лидеринин колдоочусу полиция күчтөрүн автобус менен сүзгөндө кеминде үч адамды мерт болгон. Салас өзү соттук териштирүү учурунда полицейлерди атайылап өлтүрбөгөнүн, тескерисинче кагылыштан качууга аракеттенгенин билдирген. Читать дальше...

Эже-сиңди: Ургаачынын чырагы кырк

Azattyk.org 

Биринчи турмушунда оту күйүшпөй, ажырашкан аялдар кайра турмушка чыгууда кандай тоскоолдуктарга туш болот? "Эже-сиңдилер" бул жолу кайра турмуш куруу тууралуу баарлашты.

Өзбекстанда укук коргоочу активист сегиз жылдан соң абактан чыкты

Azattyk.org 

Гайбулло Жалилов түрмөдөн чыкканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна анын жакын туугандары кабарлашты. Алардын айтымында, Өзбекстанда катталбаган “Адам укуктары коомунун” мүчөсү, 51 жаштагы Жалилов абактан 16-мартта бошотулган, учурда Кашкадарыя облусунда жайгашкан кыштактагы үйүндө жүрөт. Укук коргоочу 2009-жылы камакка алынып, кийин Карши шаарынын аэропортуна террордук кол салуу мерчемдеген деген айып менен 13 жылга кесилген. Эл аралык "Хьюман Райтс Уочт" уюму Жалиловдун соттолушун айыптап... Читать дальше...

Данисте: Жери жок эне, тешилген жолдор

Azattyk.org 

Жер тилкесине жетпей жүргөн баатыр эне. Апасы каза болуп, атасы таштап кеткен баланын бөйрөгү иштебей калды. Тажикстанга жумуртка экспорттой баштаган баткендик мугалим. Кар менен кошо “эриген” асфальт жолдор тууралуу видео баяндарды “Данисте” теле топтомунан көрүнүз.



Путин Медведевди алмаштырабы?

Azattyk.org 

Орусия президенттигине кайра шайланган Путиндин кийинки кадамдары кандай? Премьер Медведевди алмаштырабы? Түркия Сириядагы Африн калаасын толук ээлегенин жарыялады. Индияда аялдар талакка байланыштуу митингге чыгышты. Жөргөмүш-киши Париждеги көп кабат имаратка тырмышып чыгып, күзөтчүлөрдү чочутту.

Ботаникалык бактагы өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

Ботаникалык бакта башталган өрт өчүрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” кабарлады. - С. Каралаев көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын аймагында чыккан түтүн, саат 19.21де толук өчүрүлдү. Ачык өрт болгон жок. Түтүн тууралуу маалымат саат 18:37 түшүп, ага 1 бөлүм тартылган. Интернетте ботаникалык бактын аймагы алоолонуп күйүп жаткан видео тарады. Бактын канча аянты күйгөнү жана анын себеби айтылган жок. Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан Ботаникалык бак тарыхый... Читать дальше...

ЕККУ: Орусиядагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок

Azattyk.org 

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулар тобу бүгүн Москвадан ушундай корутундусун жарыялашты. “Жыйналуу, биригүү, ой-пикир билдирүү боюнча негизги укуктардын чектелиши саясий карым-катыштын мейкиндигин тарытты, бул чыныгы атаандаштыкты жок кылды, - деди ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын башчысы жана атайын координатору Майкл Жорж Линк. Орусия БШКсынын төрайымы Элла Панфилова билдиргендей, бюллетендердин 99,8% саналгандан кийин президент Владимир Путинге добуштардын 76,7% берилгени аныкталды. Читать дальше...

"Кремл шайлоону толук көзөмөлдөдү"

Azattyk.org 

18-мартта өткөн шайлоодо Путинге шайлоочулардын 77% добуш берди. Бул анын мурдагы үч шайлоодон алган көрсөткүчтөрүнөн жогору болду.

Быйылкы ажылык сапардын баасы кымбаттады

Azattyk.org 

Быйылкы ажылык сапардын баасы 2890 долларга бааланып, былтыркыдан 130 долларга кымбаттаган. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады. Эми бардык талаптарды аткарып, документин тапшыргандар ушул сумманы 13-апрелге чейин төлөшү керек. Муфтият баа эмне себептен көтөрүлгөнүн түшүндүргөн жок. Ал мындан тышкары Баткен, Кызыл-Кыя шаарынан жана Кадамжай районунан, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунан жана Ош шаарынан ажылык сапарына катталган талапкерлер... Читать дальше...

Путинди Батыштан башкалары куттуктап жатышат

Azattyk.org 

Кремл Орусиянын президентин шайлоодогу жеңиши менен Кытай, Жапония, Куба, Боливия, Венесуэла, Сербия, КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Казакстандын, Беларустун, Кыргызстандын лидерлери куттуктаганын кабарлады. Ал эми Путинди куттуктаганы тууралуу АКШ менен Евробиримдиктин бир да өлкөсү азырынча расмий маалымдай элек. Германиядан канцлер Ангела Меркелдин өкүлү Штеффен Зейберт куттуктоо телеграмасы “жакын арада” жөнөтүлөрүн кабарлап, бирок расмий Берлин Орусиянын Сирия, Украина боюнча саясатын сындап келе жатканына көңүл бурду. Читать дальше...

Апрель баатыры Мискенбаевди сындады

Azattyk.org 

Апрель баатыры, ыңкылапты коргоо кыймылынын төрагасы Таалайбек Айдаров 17-марттагы Аксы окуясын эскерүү учурунда КСДП партиясынын мүчөсү, “Айкөл-Ала-Тоо” коомунун төрагасы Мээрбек Мискенбаевдин президентке кайрылуусун айыптады. “Жалпы апрель баатырларынын атынан жаңы президенттен бакиевчилерди жазага тартууну сурап, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол бербөөнү талап кылуу осол иш”, - деди Таалайбек Айдаров.

Евробиримдик Лондондун Москваны айыптаганын колдоду

Azattyk.org 

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери орусиялык мурдагы тыңчынын Британияда ууландырылышын айыптап, Лондондун "бул кол салуунун артында Москва турат" деген баасына “өтө олуттуу” маани берээрин белгилешти. Бул тууралуу бүгүн алардын Брюсселдеги жыйынында кабыл алынган билдирүүсүндө айтылат. Документте “Евробиримдик Улуу Британияга толук тилектештигин көргөзөт, бул кылмыш үчүн күнөлүүлөрдү жоопко тартуу аракеттерин колдойт”,- деп да көргөзүлгөн. Орусиянын мурдагы аскердик чалгын офицери Сергей... Читать дальше...

Москвадагы курут жыттанган дүкөн

Azattyk.org 

Бул жолку каарманыбыз Орусиянын борбору Москва калаасында жашаган Искендер Дүйшөналиев. Мекендешибиз Москвада Кыргызстанда жасалган азык-түлүк саткан дүкөндү иштетет. Чөбөгө, сары май, каймактан баштап чучук, казы-картага чейин жайнаган кичинекей дүкөндү азырынча пайда табуу үчүн эмес, анын атын чыгаруу үчүн тынбай иштетип жатыптыр.


Музыкальные новости
Филипп Киркоров

Киркоров и Пелагея спели для амурчан-бамовцев в Москве





Персональные новости
Питер

Москва, Питер, Сочи и многие другие города. Фильм «Карина» выходит в российский прокат





Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусияда кайра мамлекет башчылыкка шайланган Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып, куттуктады.  Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, 19-марттагы сүйлөшүү учурунда алар Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты улантуу жаатында да пикир алмашкан.  Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы шайлоодо көп добуш алып, мамлекет башчылыкка шайланган Владимир Путинге мурдараак телеграмма да жиберген. Куттуктоо катында Путиндин... Читать дальше...

Египет күчтөрү Синайда отуздан ашуун жоочуну жок кылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Египеттин армиясы жарыялады. Билдирүүдө коопсуздук күчтөрү Синай жарым аралында, “Ислам мамлекети” тобуна каршы операциянын алкагында акыркы беш күндө 36 жоочуну жок кылганы айтылат. Жоочу катары шектелген 345 киши камакка алынган. Египеттин ушул айдын соңунда экинчи мөөнөткө кайра шайланары күтүлүп жаткан президенти Абдел Фатах ал-Сиси Синай жарым аралын “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынан тазалоого үч ай мөөнөт берип, армиянын операциясы өткөн айда башталган. Египеттик жихадчы... Читать дальше...

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Бээжинге барды

Azattyk.org 

Ли Ён Хо Кытайдын борборуна Швециядан келди. Корей жарым аралындагы коопсуздук кырдаалы боюнча Стокгольмдо акыркы үч күн ичинде өткөн сүйлөшүүлөр АКШнын президенти Доналд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда сүйлөшүүлөрдү даярдоого жардам бериши мүмкүн.  Швециянын тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүндө “министрлер тынчтык чечимге жетиш үчүн уланып жаткан дипломатиялык аракеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана көйгөйлөрүн, эки тараптуу алака-катышты талкуулашты. Швеция Түндүк Корея... Читать дальше...

Орусияда кулчулукта жүргөн 13 кыргызстандык аял куткарылды

Azattyk.org 

Орусиянын Рязань шаарында тигүү цехинде кулчулукта жүргөн кыргызстандык 13 аял куткарылды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов "Азаттыкка" билдиргендей, алар өткөн жумада табылган. Аялдар өздөрүнүн абалы тууралуу телефондон тааныштарына маалымдашып, милицияга кабар жеткен.  Кыргызстан менен Орусиянын ички иштер министрликтери чогуу жүргүзгөн иликтөөдө алар "Февраль" деп аталган ишканада кулчулукта жүргөнү аныкталган. Ал жерде жүз киши иштеп жатканы, анын 13ү кыргызстандыктар экени такталган. Читать дальше...

Көкбөрү-2018: “Ынтымак” менен “Достук” финалда ойнойт

Azattyk.org 

Нооруз майрамына карата өтүп жаткан Республикалык көкбөрү оюндарында Талас облусунан “Ынтымак” командасы менен Оштун “Достук” командалары биринчи орун үчүн күч сынашат. 19-мартта чейрек финалдык оюндарда “Ынтымактын” көкбөрүчүлөрү Сокулуктун “Биримдик Аю” командасын 2:1 эсебинде утту. Ал эми “Достук” Чүйдүн “Арашан” командасын 14:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган экинчи команда болду. Биринчилик үчүн оюн 21-март күнү Нооруз майрамында Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өтөт. 15-мартта... Читать дальше...

НАТО Брюсселде жаңы кеңсеге көчүүдө

Azattyk.org 

Түндүк Атлантикалык Альянстын жаңы кеңсеси НАТОнун өзүнүн 1500 аскер кызматчысын, 1700 эл аралык аскердик жана жарандык кызматкерди, НАТОнун түрдүү бөлүмдөрүнүн 600 кызматкерин жана күндө ар кандай иш менен келүүчү 500дөй кишини батыра алат. НАТО өкүлдөрүнүн айтымында, көчүү иши кеминде 12 жумага созулмакчы.  Жаңы баш кеңсени куруу иштери 2010-жылы башталып, наркы алгач 750 миллион евро деп эсептелген. Бирок учурдагы чыгымы 1 миллиард 170 миллион еврго бааланууда. Германиянын DPA агенттигинин жазганына караганда... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Мария Шарапова

Первая ракетка России рассказала об общении с Шараповой


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Кабардино-Балкарии стартует крупнейшая экологическая акция «Вода России»





Путин в России и мире
Москва

Путин сказал Алиеву: "Пора!". Новый БАМ пройдет через Кавказ. Транспортным коридором "Север — Юг" Россия и Азербайджан перешли дорогу Западу


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске открывается ВНС: что будет




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

В РПЦ отказались называть причины запрета в служении иерея Сафронова, отпевавшего Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

«Посмотрите на этих губастых. Катастрофа!»: Александр Розенбаум против пластики в угоду моде



Москва

Россия наложила вето в СБ ООН на резолюцию США по ядерному оружию в космосе

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net