Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 10.03.2018

Жети балалуу эне дагы төрөгүсү келет

Azattyk.org 

Нарын районунун Кара-Чий айылынын тургуну, жети балалуу Баатыр эне Асел Абдылдаева 33 жашта. Элеттик Баатыр эненин ал-абалын кабарчыбыз билип келди.

“Коомчулук президенттин айткандары ишке ашса деп күтүп жатат”

Пресс.kg 

Кайрат Осмоналиев, саясий серепчи: – Кайрат мырза, Башкы прокуратурада иш кандай жүрүп жатат? Президенттин талаптарын бүгүнкү Башкы көзөмөлдөөчү орган аткара алаарына көзүңүз жетеби? – Башкы прокуратура президенттин “көзү” болушу керек. Коррупция менен күрөшүүдө негизги координатор болушу зарыл. Бирок кээ бир прокурорлор өздөрү коррупцияга малынганын кантип жокко чыгарабыз?.. Прокуратурада коомдун ишенимин кетирген, системаны булгаган прокурорлор бар […]



НАТО Украинаны аспирант өлкө катары тааныды

Azattyk.org 

НАТО Украинанын макамын аспирант-өлкө катары тааныды. Бул тууралуу аскердик-саясий биримдиктин сайтында жарыяланды. “Учурда төрт өнөктөш мамлекет: Босния жана Герцеговина, Грузия, Македония жана Украина НАТОго мүчө болуп кирүү каалоосун билдирди”,-деп жазылган сайттагы кабарда. Украинанын президенти Петро Порошенко НАТОнун бул чечимин комментарийлеп жатып, өлкөнүн кийинки кадамы биримдикке толук мүчө болушу керектигин белгиледи. (ErN)

Кыргызстан Берлиндеги ири туристтик көргөзмөгө катышып жатат

Azattyk.org 

Берлиндеги дүйнөнүн эң ири туристтик көргөзмөлөрүнө кыргызстандык 15 туроператор катышууда. Алар Baibol Travel, CAT, DCAT, ITC Asia Mountains, Kyrgyz Concept, Logos Discovery, Tien-Shan Travel, Travel Experts, Travel Hub, Travel Land, Silk-Road&Kyrgyz Guided Trips жана Visit Karakol аттуу туроператорлор. Аталган фирмалардын өкүлдөрү кабарлашкандай, Германияда Кыргызстанды таанытып жаткан операторлор Бизнести өнүктүрүү боюнча долбоорунун колдоосу менен барышкан. USAID уюмунун долбоорунун алкагында... Читать дальше...

“Газпром Кыргызстан” Оштун көчөлөрүнө кайрадан асфальт төшөйт

Azattyk.org 

“Газпром Кыргызстан” компаниясы Ош шаарынын көчөлөрүнө жаңы асфаль төшөй турган болду. Бул тууралуу Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов “Азаттыкка” билдирди. Аталган ишкана газ куурларын өткөрүү үчүн былтыр Ош шаарынын бир нече көчөлөрүн казып, ал жерлерди кайра асфальттап оңдоп чыккан. Бирок ал жолдор бир жылда эле бузулган.  Натыйжада Ош шаардык жолдор башкармалыгы “Газпром Кыргызстан” компаниясын жолду кайра оңдоого милдеттендирди. Кайрадан асфальттала турган жолдордун катарына Ош шаарынын Алиев... Читать дальше...

Балбан Мээрим Момунова: ал менин күлкүмдү, мен анын мүнөзүн жактырдым

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыздары кыйын кыргыздын. Бул сөздү спортчу Мээрим Момунова да тастыктайт. Ал алыш күрөшү, дзюдо боюнча чебер. Кошумча кросс-фит менен да алектенип мелдештерге катышууга белсенип жүргөн чагы.

Путин оппозиция менен кызматташууга даяр экенин жарыялады

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин NBC News телеканалына берген маегинде Орусиянын АКШдагы 2016-жылкы шайлоого кийлигишкени тууралуу америкалык атайын кызматтардын айыптоолорун дагы бир жолу четке какты. Тергөөнүн алкагында орусиялык 13 жаранга коюлган айыптоону комментарийлеп жатып алар өлкөнүн кызыкчылыгын коргобой турганын белгиледи. Оппозиционер Алексей Навальный менен саясий өнөктөш болуу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып президент “өлкөнү бекемдөөгө умтулган адамдар менен кызматташууну” каалай турганын айтты. Читать дальше...



Казармандагы митингчилер менен Жер казынасы комитетинин өкүлдөрү жолукту

Azattyk.org 

Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кенин иштетүүгө каршы чогулган митингчилер менен Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Азис Сапаралиев жана кенди иштеткен "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу Жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Сапаралиев нааразылыкка чыккандарга аталган компания алтын өндүрүүдө  зыянсыз реагентти колдонорун айтып, учурда кошумча заводду куруу токтотулганын билдирди. Ал... Читать дальше...

Байболова: Чет өлкөдө байлыгыбыз жок

Azattyk.org 

Ишкердин ар бир кадамы – тобокелдиктен турат. Мындай пикирин ишкер, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова билдирди. Байболова “Азаттыктын” сыябан–маегинде аялдын, анын ичинде өзүнүн саясаттагы орду, байлык, ишкердик жана ишеним тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Azattyk.org 

11-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүз кээ бир райондорунда жаан-чачын жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абаны температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 5...10... Читать дальше...

АКШнын чечими өнөктөштөрүнө жакпады

Azattyk.org 

АКШнын өлкөгө сырттан импорттолгон болотко жана алюминийге жаңы бажы салыгын киргизгени соода өнөктөштөрүнүн кескин нааразылыгын жаратты. Алар мурда болжолдонгондой “соода согушун” дароо баштабаса да, Вашингтондун чечимин Дүйнөлүк соода уюмунун кароосуна коерун билдиришти.

Балдар жасаган роботтордун фестивалы

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы "Cambridge Silkroad" эл аралык мектебинде "RobotoFest" деп аталган роботтор фестивалы башталды. "Сапат" билим берүү мекемеси робот жасоо боюнча өлкө аймагындагы бардык мектептерде бул багытта балдарга сабак берет. Бул үчүн АКШ менен Европадан техника алынып, балдарга сабак берчү адистер даярдалган.

Кыргызстан жана Орусия аскерлеринен Бириккен топ түзүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү менен Орусиянын коргоо министрлигинин аскерлеринин Бириккен тобун (Объединенная группировка) түзүү боюнча иш-чаралар башталды. Бул маселе Бишкекте Башкы штабдын 10-марттагы кызматтык чогулушунда талкууланганын аталган органдын маалымат бөлүмү кабарлады. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиев анда эки өлкөнүн Бириккен тобунун аскерлерин даярдоо планын аткаруу талабын койду. Жыйынга Башкы штабдын жетекчи орун басарлары, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин... Читать дальше...

Лондондо Иран элчилигинин имаратына кирүүгө аракет кылган төрт жаран камакка алынды

Azattyk.org 

Лондондогу Ирандын элчилигинин имаратынын балконуна чыгып алып иран өкмөтүнүн саясатына каршылык билдирген төрт жаранды британ полициясы камакка алды. Лондондун полициясы кабарлагандай, кармалгандар дипломатиялык мекемеге мыйзамсыз кирүү жана мүлккө зыян келтирүү боюнча айыпталууда. 9-мартта элчиликтин имаратынын балконуна чыгып баргандар мекеменин ичине кирүүгө аракет кылышкан. Үч саат ичкери кире албай койгондон кийин гана жерге түшүшкөн. Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдө кара кийинип... Читать дальше...

Ошто жаштар чыр-чатактарды бейтарап чагылдыруу жолдорун үйрөнүп жатышат

Azattyk.org 

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынан тандалып алынган жаштардын тобу Ош шаарында сезимтал конфликттик жагдайларды медиа каражаттарында чагылдыруунун ыкмаларын өздөштүрүп жатат. Бул тууралуу долбоорду аткарып жаткан "Saferworld" эл аралык уюмунун менеджери Канат Абдиев "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка ылайык «Толеранттуулук жана демократия элчилери» деп аталган долбоорунун алкагында үч облустан тандалып алынган 30дай кыз-жигитке медиа тренерлер чыр-чатак учурунда сезимталдуу болгон медиа материалдарды жаратууга үйрөтүп жатышат. Читать дальше...

Багдадда камакта делген кыргызстандык аялдар боюнча ТИМ Иракка нота тапшырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Багдад шаарында балдары менен камалып жатат делген үч кыргызстандык аял боюнча маалыматты тактап берүү өтүнүчү менен Ирак мамлекетине кайрылды. ТИМден билдиришкендей, мындай өтүнүч жазылган нотаны Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги Ирактын Кувейттеги Консулдугуна тапшырган.  Кыргыз тарап жөнөткөн нотада аялдардын соттук процесси учурунда аларга адвокаттык кызматтарды көрсөтүү суранычы да келтирилген. Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги ушундай эле өтүнүч менен... Читать дальше...

Бишкек-Москва: таасир жана тандоо

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен соңку жолугушуусунда Орусияны маанилүү жана таяныч кыла турган ишенимдүү мамлекет катары сыпаттады. Бул орус президенти Владимир Путиндин кайрылуусундагы Евразия алкагында интеграцияны күчөтүү демилгесин көтөргөн учурга туура келди. Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги өнөктөш саналган Орусия менен мамиледе эмне өзгөрүүлөр күтүлүп жатат?

Алтын фабрикасынын курулушуна каршы митинг өтүп жатат (видео)

Azattyk.org 

Тогуз-Торо районунун Макмал айылында 300-400дөй адам алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна нааразылык билдирип митингге чыгышты. Чогулгандар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса  андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян экенин билдиришүүдө. Бул тууралуу митингдин уюштуруучулары кабарлашты. Нааразылыкка чыккандар менен райондун акими Тилек Идирисов жана өкмөттүн өкүлдөрү жолугуп жатышат. Тогуз-Торонун тургундары ушундай талап менен февраль айында эки жолу митингге чыккан. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

Александр Розенбаум рассказал о дополнительном источнике дохода: "Не бомжовые заведения"





Персональные новости
Выставка

Выставка работ победителей фотоконкурса «Созвездия "Семья"»





Казарманда Макмал кенине байланыштуу митинг өтүп жатат (видео)

Azattyk.org 

Тогуз-Торо районунун Макмал айылында 300-400дөй адам Макмал алтын кенин кенин иштетүүгө нааразылык билдирип митингге чыгышты. Алар кенди иштеткен комбинатты таптакыр жаап салууну талап кылышууда. Чогулгандар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса кошумча, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян экенин билдиришүүдө. Бул тууралуу митингдин уюштуруучулары кабарлашты. Нааразылыкка чыккандар менен райондун акими Тилек Идирисов жана өкмөттүн өкүлдөрү жолугуп жатышат. Тогуз-Торолуктар... Читать дальше...

"Кош канат" же махабат көр дүнүйөдөн кымбат

Azattyk.org 

Белгилүү жазуучу Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемеси 2012-жылы жазылган. Чыгармада жаңы кылымга туш келген кыргыз жашоосу, жалгыздыктан тажаган эки кошунанын табышып алышы алдыңкы планга чыккан.

"Кош канат" - наристе кыйган нике

Azattyk.org 

Белгилүү жазуучу Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемеси 2012-жылы жазылган. Чыгармада жаңы кылымга туш келген кыргыз жашоосу, жалгыздыктан тажаган эки кошунанын табышып алышы алдыңкы планга чыккан.

Бишкекте роботтор фестивалы башталды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы "Cambridge Silkroad" эл аралык мектебинде "RobotoFest" деп аталган роботтор фестивалы башталды. Бул тууралуу анын уюштуруучуларынын бири, эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Ислам Иманалиев "Азаттыкка" билдирди.  Иманалиев билдиргендей, иш-чарада Кыргызстандын бардык аймактарынан келген окуучулардын 95 командасы катышууда. Балдар өздөрү даярдаган эки жүзгө жакын роботту түрдүү таймаштарда сынап жатышат. "Сапат" билим берүү мекемеси робот жасоо... Читать дальше...

Мекенди сүйүү айылдан башталат

Azattyk.org 

Жакында "Толеранттуулук жана демократия элчилиги" аттуу долбоордун алкагында "Кыргызстандын өнүгүшү ар бирибиздин жерибизден башталат" деген маалыматтык өнөктүк ишин баштады. Бул өнөктүктүн активисти Бахрам Рахманкулов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Нарында имамдар он күндүк курста окушту

Azattyk.org 

Нарын шаарында облустагы имамдарын окутуу боюнча 10 күндүк курс аяктап, бүтүрүүчүлөргө сертификат берилди. Бул тууралуу Нарын облустук казыятынан билдиришти. Бул жолу айылдык мечиттерден 20дан ашык молдо Куран жаттоо, хадис, тил маданияты, фикх, тажвид, хутба кылуунун жолдору, акыйда, диндер тарыхы сабактарын окушту. Алар спорттук иш-чараларга да катышып, тегерек столдо сүйлөөнү үйрөнүштү. Буга чейин окутуунун биринчи айлампасы өтүп анда жалаң имам-хатибдер сабак алган. Экинчи айлампа катардагы имамдардын баары окутулуп бүткүчө улантылат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Потапова обыграла Шнайдер на старте грунтового турнира WTA 1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Путин в России и мире
Москва

Строители мостов и дорог удостоены государственных наград


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко пообещал потенциальным агрессорам ответ всеми видами оружия




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Валерий Гергиев

Валерий Гергиев — о судьбе театров после объединения Мариинки и Большого



Москва

Эксперт: корректировка порогов крупного и особо крупного ущерба по экономическим статьям оправдана и своевременна

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net