Аба ырайы: жамгыр жаайт
11-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүз кээ бир райондорунда жаан-чачын жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абаны температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 5...10,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 5...10,
Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 8...13,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 9...14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7 градус болот.
Бишкек шаарында 11-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден. Түнкүсүн 6...8, күндүз 8...10 градус болот. (ErN)