Чыңгыз Айтматовдун «маңкурту»: Кулбу же курмандыкпы?
Чыңгыз Айтматовдун айтылуу “Кылым карытаар бир күн” романы жөнүндө сөз болгондо адатта ар дайым алгач эле маңкурт аңызы дароо эске келет. Адабиятчы Калык Ибраимовдун кезектеги блогу.
Чыңгыз Айтматовдун айтылуу “Кылым карытаар бир күн” романы жөнүндө сөз болгондо адатта ар дайым алгач эле маңкурт аңызы дароо эске келет. Адабиятчы Калык Ибраимовдун кезектеги блогу.
27-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешип, 2:1 эсебинде кыргыз футболчулары жеңишке жетти.
Шейшемби күнү борбор калаада Дөлөн Өмүрзаков атындагы “Спартак” стадионунда футбол боюнча Кыргызстан менен Индиянын курама командалары беттешти. Оюн 2:1 эсебинде улуттук команданын жеңиши менен аяктады.
Бүгүн, 27-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешип, 2:1 эсебинде кыргыз футболчулары жеңишке жетти. Кыргызстандан топторду Антон Землянухин (2-мүнөт) жана Мирлан Мурзаев (71-мүнөт) киргизди. Индиялык футболчулар оюн бүтөөрүнө аз калганда (88-мүнөт) эсебине бир гол жаза алышты. Бул оюн 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири болчу. Читать дальше...
1961-жылы Венада өткөн ЮНЕСКОнун Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде 27-мартты эл аралык театр күнү катары белгилөө бекитилген. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү көптөгөн театрлар, анын ичинде Кыргызстандагы театрлар 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрында өткөн иш-чарага республикалык жана облустук театрлардын артистери катышты.
27-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешти.
Кыргызстандыктар үчүн 24-март, 7-апрель кандай майрамдар? Алардын коомдук-саясий баа-баркында айырма барбы же бийлик башындагылардын каалоосу менен эле белгилеп жатабызбы?
Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев 64 адам каза тапкан соода борборундагы өрт үчүн президент Владимир Путинден кечирим сурады. «Биздин аймакта болгону үчүн жеке сизден кечирим сурайм» деди Тулеев Кемерево шаарындагы президент катышкан жыйында. Кемероводо шейшембиде эртең менен алдын ала пландалбаган митинг башталып, ага миңдеген шаардыктар чыгышты. Чогулгандар соода борборундагы өрттөн канча киши өлгөнүн так айтууну бийликтен талап кылышты. Тулеев шаардыктардын митинги тууралуу Путинге маалымат берип жатып... Читать дальше...
Дал ушул учурда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешүүдө. Кечки саат сегизде башталган беттештин алгачкы мүнөттөрүндө (1 мүнөт 47 секунд) кыргызстандык чабуулчу Антон Землянухин Индиянын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты. Ал эми экинчи топту оюндун 70-мүнөттөрүндө Мирлан Мурзаев киргизди. Андан кийин Индиянын курама командасы бир гол киргизгенге жетишти. Беттешти КТРК-Спорт каналы түз көрсөтүп жатат. Читать дальше...
Этностук сербдер Косовонун өкмөтү жайгашкан жерге барып, Сербия өкмөтүнүн Косово боюнча иш башкармалыгынын жетекчиси Марко Журичтин кармалып, өлкөдөн күч менен чыгарылганына нааразылык билдиришти. Алар Митровица шаарына чукул жерде жолду бөгөштү. Косово өкмөтүндөгү серб азчылыгынын өкүлдөрү Белградда Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолуккандан кийин Приштинадагы өкмөттү колдобой турганын билдиришти. 26-мартта Митровица шаарынын администрациясына полиция кирип барып, Сербия өкмөтүнүн... Читать дальше...
Дал ушул учурда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешүүдө. Кечки саат сегизде башталган беттештин алгачкы мүнөттөрүндө (1 мүнөт 47 секунд) кыргызстандык чабуулчу Антон Землянухин Индиянын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты. Беттешти КТРК-Спорт каналы түз көрсөтүп жатат. Азырынча эсеп 1:0. Бул оюн - 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири. Читать дальше...
Бүгүн, 27-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешүүдө.
Британия дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн «орус тыңчылары» катары шектелген дипломаттардын чыгарылышын «маанилүү бурулуш» деп баалады. Орусия мындай иш-чара АКШнын «катуу басымынан» улам болуп жатат деп билдирди. Англияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын ууландырылышы боюнча Кремл Лондонго түшүндүрмө берүүдөн баш тарткандан кийин бир катар өлкөлөр өз аймактарынан орусиялык дипломаттарды чыгарууну чечти. 26-мартта 22 мамлекет жалпысынан 116 дипломатты чыгара турганы жарыяланды. Мындай чара... Читать дальше...
Кинозалда камалып калган балдар, иштебеген өрт белги системасы – Кемероводо ири өрт кырсыгынын себептери иликтенүүдө. Өмүр бою өкмөттө иштеген орусиялык аткаминерлер Лондондогу эң кымбат үйлөрдү кайсы акчасына алган? Британия азыр ушул суроого кызыга баштады. Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары эки тарапка визасыз каттай баштады. Нике күбөлүгү - Европага жол ачкан "бактылуу билет". Украинада убактылуу никеге тура коюп, андан ары Европага өтүп кетүүнү көздөгөн чет элдик жарандар көбөйдү. Күкүрт мончолор – Грузиянын маданий феномени.
Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыз кылыш үчүн бөлүнгөн казына каражаттары максатсыз колдонулуп, уурдалып жаткан фактылар ачыкка чыкты.
Кемероводогу өрттө курман болгон 64 кишинин 41и жеткинчек балдар экени айтылууда. 20дан ашуун мамлекет ондогон орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарууну чечти. Өзбекстан ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштурууну сунуш кылды.
27-мартта эртең менен Кемероводо мурда пландалбаган митинг өтүп, чогулгандар соода борборундагы өрттөн канча киши өлгөнүн так айтууну талап кылышты. Кырсыктан кийин түзүлгөн штабда бүгүн жаңыланган тизмелер илинип, 41 баланын өлгөнү дайын болду. "Интерфакс" агенттиги билдиргендей, бардыгы болуп тизмеде 64 кишинин ысымы бар. (видео орус тилинде)
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун социалдык тармактарда туура эмес маалымат тараткандарга 20 миң сомдон жогору айыппул салуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккандар аймактарда кол топтой баштады.
Премьер-министр Сапар Исаков Кара-Кулжада көчкү тосуп калган жерди тазалап, элге ичүүчү суу жеткирген түтүктү оңдоону тапшырды. Өкмөт башчы 27-мартта Кара-Кулжадагы көчкүнүн кесепетин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. 26-мартта Оштун Кара-Кулжа районуна караштуу Биринчи май айылында 30 куб метр жер көчкү түшуп, калкка таза суу жеткирген түтүктү бузган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирген. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине... Читать дальше...
Бүгүн эртең менен Кемероводо мурда пландалбаган митинг өтүп, чогулгандар соода борборундагы өрттөн канча киши өлгөнүн так айтууну талап кылышты. Ушул эле күнү аза күткөн шаарга президент Владимир Путин барып кайтты.
Экотехинспекция Кыргызстандагы 134 чоң базардын ичинен 100 базарды текшерип, анын ичинен 46сын өрт коопсуздугун одоно бузган деп тапты. Аларга салынган айыппулдун өлчөмү 820 миң сомду түздү. Базарларды текшерүү уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрт көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Жумгал Асанов билдирди. Анын айтымында, 30 соода борбору да текшерилип, 10унда эреже бузуу аныкталды. Аларга 200 миң сом айыппул салынды. Читать дальше...
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү үчүн бюджеттен 10 млн. сом бөлүнөт. Каражат Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоого сарпталбай турганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 26-мартта таратылган кабарда акча ат майданды түзөтүүгө коротулары айтылып, коомчулуктун сынына кабылган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тактоо иретинде бүгүн кошумча маалымат таратты. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 10 миллион сомду бөлүү боюнча өкмөттүн сунушун 26-мартта талкуулап, колдогон. Читать дальше...
27-мартта эртең менен Кемероводо мурда пландалбаган митинг өтүп, чогулгандар соода борборундагы өрттөн канча киши өлгөнүн так айтууну талап кылышты. Кырсыктан кийин түзүлгөн штабда бүгүн жаңыланган тизмелер илинип, 41 баланын өлгөнү дайын болду. "Интерфакс" агенттиги билдиргендей, бардыгы болуп тизмеде 64 кишинин ысымы бар. (видео орус тилинде)
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги "Bloomberg" агенттигинин “Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайда жүрөт” деген маалыматын түшүнбөй турганын билдирди. “Эгер жаңылык болсо биз жарыялайбыз” – деди Бээжинде тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Хуа Чунинг. Бээжиндин өкүлү Кытайдын Түндүк Корея менен байланышы башынан эле жакын экенин кошумчалады. Ким Чен Ындын Кытайга барганы тууралуу мурдараак жапон жана кытай басылмалары маалымдашкан. «Рейтер» агенттигине сүйлөп берген күбө "Пхеньяндын жогорку... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.