123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 08.03.2018

АКШ генералы: Орусиянын Балкан аймагына кийлигишүүсү күчөдү

Azattyk.org 

АКШнын Европадагы күчтөрүнүн башкы колбашчысы, генерал Кёртис Скапаротти мындай билдирүүнү 8-мартта Сенаттын комитетинде сүйлөгөн учурунда жасады. Анын эскертүүсүнө караганда, Балкан чөлкөмүндөгү мамлекеттер Орусиянын кысым -басымына жашыруун да, ачык дагы кабылып жатат. Андыктан, Вашингтон жана НАТО аймактын дестабилдешүүсүнө жол бербеш үчүн көбүрөөк иш жасоосу керек. “Бул чөлкөм биз келечекте көйгөйгө кабылышыбыз мүмкүн аймак”,- деди америкалык генерал. Балкан аймагынын эң кичинекей өлкөсү - Черногория былтыр НАТОнун 29-мүчөсү болгон.

"Эже-сиңдилер": казан-табак "карьерасы"

Azattyk.org 

Аялдардын карьерага жолун бууган кандай тоскоолдуктар бар? Эмнеге кыргыз аялдары өзүн өстүрүүгө умтулбайт? Саясатта жүргөн аялдар эмнеге бири-бирин колдобойт? "Эже-сиңдилер" телебаарлашуусунда ушул суроолорду талкуулайбыз.

Мирзиёевдин чабуулу, Кытайдагы бурулуш

Azattyk.org 

Өзбекстанда атайын кызматтын жетекчилери, генералдар удаа-удаа кармалууда. Президент Мирзиёев «булбулдай сайратам», ар бири жоопко тартылат деген убадасын аткарып жатабы? Кытайдагы саясий бурулуш. Си Цзинпиндин чексиз мөөнөт бийликте калуусуна жол ачылууда.



Жол чарба департаментинин жетекчиси эки айга камалды

Azattyk.org 

Арстанбек Ибраевди эки айга камоо чечимин Биринчи Май райондук соту чыгарганын УКМК 8-мартта кабарлады. Арстанбек Ибраевге Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу"), 189 ("Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу") беренелери боюнча айып тагылган. Сот чечимине ылайык, мурдагы жетекчи тергөө аяктаганча УКМКнын абагында кармалат. УКМКнын маалыматына караганда... Читать дальше...

УКМК мамлекеттик бюджетти уурдаган коррупциялык схеманы таап чыкты

Azattyk.org 

Атайын кызматтын 8-марттагы маалыматына ылайык, айрым ишкерлер Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөгөнү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга жалган маалымат берип турушкан. Бул товарлар чыныгы иш жүзүндө товар үчүн бажы жана салык төлөмдөрүн толук төлөгөн ири соода түйүндөрүнө таандык. Бирок коррупциялык схема боюнча, фискалдык жана көзөмөл органдарындагы айрым кызматкерлердин катышы менен товарлар тутумдашкан ишканалар тарабынан кошумча нарк салыгы өзүнчө төлөнгөн деп белгиленип... Читать дальше...

Британия: Скрипалдын ууландырылышы - “үрөй учурган кылмыш”

Azattyk.org 

Британ бийлик өкүлдөрүнүн соңку маалыматына караганда, 66 жаштагы Сергей Скрипал менен анын 33 жаштагы кызы Юлиянын абалы дагы эле өтө оор. Аларга алгач жардам берген полиция кызматкери азыр сүйлөөгө жарап калды, бирок анын да абалы анча жеңилдей элек.  - Биз ыкчам жүрүп жаткан тергөөнүн ортосуна келип калдык. Колдонулган уунун табиятын айта албайм. Анткени тергөөнү кылдат жүргүзүш үчүн полицияда мүмкүнчүлүк болушу керек. Нерв системасына таасир берүүчү уунун Улуу Британиянын аймагында колдонулушу уятсыз жана акылга сыйбаган иш. Читать дальше...

Буддисттер менен мусулмандар кагылышты

Azattyk.org 

Айрым өлкөлөр АКШ болот менен алюминий импортуна салыкты көтөрсө, соода согушу тутанат деп эскертишти. Казакстанда Сириядагы жихадчы топтордун катарында согушканы үчүн 57 адам соттолду. Шри-Ланкада буддисттер менен мусулмандар кагылышкандан кийин өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилди.

Тегеранда аялдардын топтолушуна уруксат берилген жок

Azattyk.org 

Ирандын борборунан түшкөн маалыматтарга караганда, Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөгө аракеттенген бир нече аял кармалган. Кармалгандардын так саны белгисиз.  Мурдараак аялдардын укуктарын коргоочу активисттер 8-март күнү Тегеранда, Эмгек министрлигинин алдында тынч нааразылык акциясына чогулаарын жарыялашкан эле. Социалдык медианын колдонуучулары кабарлашкандай, 8-март күнү бул демонстрацияга чогулгандардын жолун коопсуздук күчтөрү тороп, аларды тараткан.  БУУнун рейтинги боюнча Иран Сирия... Читать дальше...



Рыскулова: "Сезимге" келген ар бир келин кызымдай

Azattyk.org 

Бүбүсара Рыскулова - үй-бүлөдө зордук, зомбулукка кабылган аялдар үчүн Кыргызстанда биринчи болуп "Сезим" кризистик борборун ачкан айым. Борбор 20 жылдан бери кордолгон, укугу тебеленген, чет жерде жана өлкөдө аргасыз кул болгон жүздөгөн адамдын тагдырына шоола чачып, укуктук жана психологиялык жардам берип келет. Бүбүсара Рыскулованын бул эмгеги өлкөдө "Даңк" медалы бааланса, бир топ жыл мурун эл аралык Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн дүйнөдөгү миң аялдын бири болгон.

Түркия: өрттөн жабыркаган кыз кыргызстандык экени кабарланды

Azattyk.org 

Түркиянын Измир шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн Кыргызстандын жараны жаракат алганын жергиликтүү "Dogan" маалымат агенттиги жазып чыкты. Кабарда өрттөн төрт киши жаракат алып, анын бирөө кыргызстандык кыз экени жазылат. Измирдеги Тепежик ооруканасы "Азаттыкка" чет өлкөлүк бейтап азырынча оорукананын реанимация бөлүмүндө жатканын, анын омурткасына операция жасалганын гана билдиришти. Мекеме өрттөн жабыркаган кыз кыргызстандык экенин ырастаган жок.  Өрт 7-мартта Түркиянын Измир шаарындагы беш кабаттуу мейманканада  чыккан. Читать дальше...

Феминисттер: Зомбулукка жол жок

Azattyk.org 

Аялдардын эл аралык майрамына карата Бишкекте феминисттик идеяларды карманган жүздөгөн адам жөө жүрүшкө чыгышты. Акцияга чыккандар аялдарга зомбулукка, трансфобияга жана гомофобияга каршы турууга, майыптарга болгон дискриминацияны жоготууга үндөштү.

АКШнын Флорида штатында курал боюнча жаңы мыйзам жактырылды

Azattyk.org 

АКШнын Флорида штатынын мыйзам чыгаруучулары орто мектептерде иштегендерге курал-жарак көтөрүп жүрүүгө уруксат берген мыйзамды жактырышты. Мындан 3 жума мурун бул штаттын Паркленд шаарынын мектебинде мурдагы окуучу ок атып, 17 кишинин канына забын болгон. Жаңы мыйзам боюнча Флоридада 21 жашка чыга электерге курал сатууга тыюу салуу, балдарды коргош үчүн курал колдонууга уруксаты бар мектеп кызматкерлерин атайын курстардан өткөрүү каралган. Жогоруда сөз болгон чечим Флоридада ата-энелер менен... Читать дальше...

9-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

9-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17, Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2... Читать дальше...

БУУ: Жакынкы Чыгышта аялдар арасында жумушсуздук эки эсе көп

Azattyk.org 

Бул тууралуу БУУнун Эл аралык эмгек уюму жаңыдан жарыялаган баяндамада айтылат. Уюмдун эсептери Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө аялдар арасындагы жумушсуздук эркектерге салыштырмалуу эки эседен көп экенин көрсөткөн. Эгер эркектер арасындагы жумушсуздуктун көрсөткүчү 6,8% болсо, аялдар арасында ал 16,3% түзөт. Ал эми глобалдык ченемден караганда, дүйнөдө аялдардын жарымы иштесе, Түштүк Азияда 28%, Жакынкы Чыгышта 19% эле иштейт. БУУнун рейтинги боюнча 144 мамлекеттин ичинен аялдарга жумуш мүмкүнчүлүгүн эң аз тартуулаган өлкөлөрдүн көч башында Сирия... Читать дальше...

“Аял жок жерде эр көрксүз”

Azattyk.org 

8-март Аялдардын эл аралык тилектештик күнүн утурлай “Азаттыктын” жер-жерлердеги кабарчылары эл арасында “Кыргыз коомунда аялдардын орду кандай жана алар өзүн кайсы убакта бактылуу сезет?” деген чакан сурамжылоо жүргүздү. Тургундардын суроого берген жообу ар кандай.

Британ полициясы мурдагы орус чалгынчысы ууланган затты аныктоо аракетинде

Azattyk.org 

Британ бийлигинин маалыматына караганда, 66 жаштагы Сергей Скрипал менен анын 33 жаштагы кызы Юлиянын абалы дагы эле өтө оор. Аларга алгач жардам берген полиция кызматкери сүйлөөгө жарап калды, бирок анын да абалы оор. Британиянын контртерроризм боюнча полиция башчысы 7-мартта билдиргендей, алар азыр Сергей Скрипалды жана анын кызын кимдер-бирөөлөр уулуу зат (нерв агенти) менен өлтүрүүгө аракеттенген деген ишенимде турушат.  Орусиянын мурдагы чалгын офицери Скрипал жана анын кызы 4-мартта Солсберг... Читать дальше...

Самаргүл Адамкулова Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Самаргүл Адамкулова Кыргызстандын Кувейттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.  Адамкулованын талапкерлигин буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети колдогон.  Самаргүл Адамкулова буга чейин Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп эмгектенип келген. 49 жаштагы Адамкулова Ленинград мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү. Кесиби чыгыш таануучу, тарыхчы. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Серов

«У меня такого не было»: Лоза предположил, почему зрители ушли с концерта Серова





Персональные новости
Динамо

«Ростов» и «Динамо» продолжают борьбу за Кубок! «Оренбургу» и «Уралу» осталось выживать?





Ош-Отуз-Адыр каттамындагы айдоочулар аялдарды акысыз тейлеп жатат

Azattyk.org 

Ош шаарынан Кара-Суунун Отуз-Адыр айылына каттаган айдоочулар 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата кыз-келиндерди акысыз ташып жатат. Бул тууралуу "Ош автобекетинин" жетекчиси Айтибай Сабиров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аталган каттамды тейлеген "Аман транс" фирмасынын бүгүн 10 айдоочусу нөөмөткө чыккан. Ар бир айдоочу эртеден кечке эки жолудан барып келишет. Ош шаарынын автобекетине күн сайын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан 44 багыттан 300дөй кичи автобус каттайт.... Читать дальше...

ЖЭБдин мурдагы жетекчиси агынан жарылды

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу энергетика багытындагы мекемелердин жетекчилерин "ишке шалаакы мамиле кылган" деп сындап чыкты.

Бишкекте бийик үйдөн кулап түшкөн кыз каза болду

Azattyk.org 

Бишкектин "Туңгуч" кичирайонунун “Ала-Тоо” турак жай комплексиндеги үйдүн жетинчи кабатынан кулап кеткен 18-19 жаштагы кыз алган жараатынын оордугунан улам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат бөлүмү кабарлады.  Окуя кечээ кечинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, бийик үйдөн кыз өзү боюн таштаган. Кыздын денеси жанчылып, органдары катуу жараат алгандыктан дарыгерлер аны сактап кала алган эмес. Кыздын сөөгү учурда Бишкек шаардык өлүкканасына жеткирилди. Аты-жөнү аныктала элек. Читать дальше...

Тегеранда жоолугун чечкен аял эки жылга түрмөгө кесилди

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ирандын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.  Жарым-жартылай расмий “Тасним” агенттиги Аббас Жафари Долотабади деген прокурорго шилтеме кылып билдиргендей, ал аял “коомдук жерде хижабын чечүү аркылуу коррупцияны колдоого аракеттенген”. Айрым кабарларда соттолгон аялдын ысымы Наргиз Хуссейни, жашы 32де экени айтылат. Ал Иранда аялдардын хижабды милдеттүү кийишине каршы жакындагы нааразылык акцияларынын учурунда кармалган. Буга чейин Иранда "коомдук жайларда башын талаптагыдай... Читать дальше...

Германиянын өкмөтү Ооганстанда аскерлердин санын көбөйтүүнү чечти

Azattyk.org 

Немис өкмөтүнүн 7-марттагы чечимин эми парламент жактырышы керек. Ага ылайык, Германиянын Ооганстанда, НАТО миссиясынын алкагында жайгаштырылган аскерлеринин саны үчтөн бирге көбөйтүлүп, 1300гө чыгарылат. Коргоо министри Урсула фон дер Ляйен Ооганстандагы миссия дагы бир канча убакытка созуларын ишара кылып, “бизге чыдоо жана узак дем алуу керектиги талашсыз”, - деп белгиледи.  Германия Ооганстанга аскерлерин алгач мындан 17 жыл мурда жиберген. Немис армиясынын кеңселери менен базасы Мазари-Шарифте жана Кундуз шаарына жакын жайгашкан. Читать дальше...

Бишкек жана Ош шаарларында феминисттер жөө жүрүшкө чыгышты

Azattyk.org 

Аялдардын эл аралык майрамына карата Бишкек жана Ош шаарларында феминисттик идеяларды карманган ондогон аялдар жөө жүрүшкө чыгышты. Акцияга чыккандар аялдарга карата зомбулукту жоготууну, кыз-келиндерге карата кодулоону токтотууну жана алардын укуктарын коргоону талап кылган чакырыктарды айтышууда. Алар бардык тармактарда аялдар эркектер менен тең ата, бирдей каралышы керек экенин билдирип, кыз-келиндер өз жашоосуна байланыштуу чечимдерди өздөрү кабыл алышына тоскоолдук болбошу керектигин белгилешти. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Тамбовские синхронистски заработали две медали на первенстве города Королёв


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Вероника Кудерметова

Россиянка Вероника Кудерметова вышла во второй круг турнира в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о сохранении экологии Севастополя





Путин в России и мире
Москва

Первый пуск «Ангары-А5М» с Восточного запланирован в 2027 году


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко сравнил Всебелорусское народное собрание с «пустотой»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: Западу неинтересны планы Киева по атаке на Крымский мост


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Серов

Зрители опровергли массовый уход с концерта Александра Серова в Угличе



Москва

На заводе «Москвич» опровергли сообщение о банкротстве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net