Тынчтык куруучулардын симпозиуму өттү
Бишкекте 16-18-мартта жаш тынчтык орнотуучулардын улуттук симпозиуму өттү. Бул иш-чара "Жашстан" долбоорунун алкагында уюштурулууда. Анда жаштар ынтымак-ырашкерлик боюнча өз ойлорун айтышты.
Бишкекте 16-18-мартта жаш тынчтык орнотуучулардын улуттук симпозиуму өттү. Бул иш-чара "Жашстан" долбоорунун алкагында уюштурулууда. Анда жаштар ынтымак-ырашкерлик боюнча өз ойлорун айтышты.
Бишкекте 16-18-мартта жаш тынчтык орнотуучулардын улуттук симпозиуму болот. Борбор Азиядагы Америка университетинде өтчү иш-чара "Жашстан" долбоорунун алкагында уюштурулууда. Анда жаштар ынтымак-ырашкерлик боюнча өз ойлорун айтышты.
Быйыл өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо башталат. Мелдеш спорттун 37 түрү боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышары болжолдонууда.
Сириянын Чыгыш Гута аймагында өкмөттүк күчтөрдүн абадан соккусунан ишембиде кеминде 30 адам мерт болду. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочулар билдиришти. Маалыматка ылайык, козголоңчулар ээлеген аймактан "гуманитардык коридорго" чыгып кетүү үчүн бараткан адамдардын тобу бомбалоого туш болгон. Укук коргоочулардын маалыматында, акыркы суткада аймактан 10 миң адам чыгып кетти. Ал эми Орусия чыгып кеткендердин саны 30 миңге жеткенин билдирди. Сириянын мониторинг тобу кабарлагандай, Чыгыш Гутада... Читать дальше...
"Салбурун" федерациясынын жаа атуу боюнча машыктыруучусу Самат Суеркулов жаанын күчү менен Осмон империясы эбегейсиз жерге ээ болгондугун айтты
Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү коркунучунан улам, ошондой эле аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу бүгүнтөн тарта саат 21:00дөн таңкы 06:00га кыймылга тыюу салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Министрлик жарандарды түнкүсүн сапарга чыкпоого чакырып жатат. Буга чейин Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайына кар көчкү түшкөн эле. Кечээ ал тазаланып, жол каттамы ачылды. (BkA)
17-18-мартта Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка - Ак-Таш жолдоруна көчкү түшүшү мүмкүн. 18-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2...3, күндүз 18…23; Таласта түнкүсүн -3…2, күндүз 17...22; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12; Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…3; Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3... Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы ири өлчөмдө салыкты жашыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, "ТяжМашПромТорг" деп аталган компания атайын схемалар менен салыктарды жашырып жүргөн. Буга чейин УКМК Салык кызматындагы коррупциялык схеманын бетин ачканын кабарлаган. Ага ылайык, жасалма документтер менен өлкө бюджетинен 217 миллион сом чыгарылып кеткен. Бул кылмыш боюнча беш салык кызматкери жана "Полларис", "Интеррустрейд"... Читать дальше...
Ош облусунда өнөр адамдары ортосунда сармерден сынагы өтүп жатат. Султан Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрында өтүп жаткан сармерденде бул жолу Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунан келген өнөрчүлөр таймашып жатат. Бир жыл бою ай сайын өтчү бул сынактын баш байгесине автоунаа коюлду. Иш-чараны аймактагы "Ынтымак" каналы менен Ош облустук администрациясы биргелешип уюштурган. (YI)
Кыргызстанда Аксы окуясынын 16 жылдыгы эскерилди. Бул күнү президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жолдоп, Аксы окуясын авторитардык үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан күн катары баалады.
Бүгүн Токмок шаардык кеңеши калаа мэрин шайлады. Бул орунга үч талапкер ат салышты. Алар: Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урматбек Самаев, Токмок шаардык кеңешиндеги Социал-демократиялык фракциянын депутаты Нурлан Келдибеков жана Финансы министрлигинин кызматкери Данияр Амангелдиев. Добуш берүүнүн алдында депутат Урматбек Самаев талапкерлигин алып салды. Натыйжада шаардык кеңештин 18 депутатынын добушун алган Данияр Аманалиев Токмок шаарынын мэри болуп шайланды. Буга чейинки... Читать дальше...
Кытай Коммунисттик партиясынын башкы катчысы Си Цзинпин өлкөнүн төрагасы болуп кайрадан шайланды. Анын талапкерлиги үчүн Эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытай жыйынынын 2970 мүчөсү добуш берди. Ошондой эле Си Цзинпин Кытайдын борбордук аскер кеңешин да жетектей турган болду. Буга чейин Кытайда Си Цзинпиндин бийликте белгисиз мөөнөткө же өмүр бою калышына жол ачылган. Өлкө парламенти - Эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытай жыйыны Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүнү бир добуштан колдогон эле. Кытайдын кайрадан... Читать дальше...
Орусия бир апта ичинде Британиянын 23 дипломатын өлкөдөн чыгарат. Буга кошуча Орусияда илим жана билим берүү тармагында иш алып барган Британия кеңеши уюму ишин токтотот жана Санкт-Петербургда британ башкы консулдугу ачылбайт. Бул тууралуу Британиянын Москвадагы элчиси Лори Бристоу билдирди. Ал бүгүн эртең менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылган эле. Кремль мындай чараларды Британиянын тыңчы Сергей Скрипалды ууландыруу дооматына жооп катары кабыл алды. Буга чейин Британ өкмөтү мурдагы... Читать дальше...
Украина БУУнун баш катчысына жана уюм мүчөлөрүнө Крым жана Севастополдо Орусиянын президентинин шайлоосун өткөрүүгө каршылыгы боюнча расмий кат жолдоду. Катта Украинанын Тышкы иштер министрлигинин жана Жогорку Радасынын Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү боюнча билдирүүсү камтылган. Европа Биримдиги жана АКШ буга чейин Орусия аннексиялаган жарым аралда жана Севастополдо өткөн парламенттик шайлоону тааныган эмес. Жума күнү Украинанын бийлиги өлкөнүн аймагындагы орус дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө... Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча белгилүү кытай компаниясы менен кол койгон келишимден баш тартканы көп суроолорго жем таштоодо.
Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында Аксы окуясын эскерүүгө арналган иш-чара өттү. Ага Апрель ыңкылабынын катышуучулары, “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү, КСДПнын активисттери катышты. Алар президент Сооронбай Жээнбековду мурдагы президент учурунда башталган коррупцияга каршы күрөштү улантууга, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, Аксы жана Апрель окуялары үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.
Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолдоруна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кар көчкүдөн бул жолдор жабылган. Учурда көчкү жүргөн жер тазаланып жатат. (BkA)
Премьер-министр Сапар Исаков иш сапары менен Ош шаарына барды. Ал Ош аэропортунун жаңы терминалынын ачылыш аземине катышты. Жаңы имарат Кыргыз-орус Өнүктүрүү фондунан алынган 46 миллион сомго курулду. Премьер-министр Сапар Исаков жаңы терминалдын курулушу аэропорттогу жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө өбөлгө болорун билдирди. Жаңы имараттын жардамы менен аэропорт бир убакта 600 адамды тейлей алат. Мурда аэропорт 450 адамга ылайыкташкан болчу. (YI)
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков агасы президенттикке шайланган соң депутаттык мандаттан баш тартам деген убадасын аткарбай жатат. Бул тууралуу Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында Аксы окуясын эскерүүгө арналган иш-чарада Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоо алдында Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылыкка шайланса депутаттыктан баш тартууга партиялаштары алдында убада берген. Читать дальше...
Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында Аксы окуясын эскерүүгө арналган иш-чара өтүүдө. Ага Апрель ыңкылабынын катышуучулары, “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү, КСДПнын активисттери катышууда. Алар президент Сооронбай Жээнбековду мурдагы президент учурунда башталган коррупцияга каршы күрөштү улантууга, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, Аксы жана Апрель окуялары үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды. “Медиа форум” ишканасында Социал-демократиялык партиянын кеңсеси жайгашкан жана мурдагы... Читать дальше...
АКШнын башкы прокурору Жефф Сеншс Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) директорунун орун басары Эндрю Маккейбди кызматтан бошотту. Буга чейин президент Дональд Трамп Маккейбди АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча ишти тергөөдө калыс болбой жатат деп сындап чыккан эле. Сеншс ФБРдин кызматтык жоопкерчилик боюнча инспекторунун сунушу менен Маккейбди кызматтан алганын жарыялады. Кошмо Штаттардын башкы прокурору "Маккейб бир нече жолу жашыруун маалыматтарды ЖМКга чыгарган" деп билдирди. Читать дальше...
Аксы окуясынын жабырлануучулары кайрылууларына өкмөттөн жооп болбой жатканын айтышты. 16 жыл мурдагы каргашаны эскерүү маалында Аксы окуясынын жабырлануучусу Максатбек Момуналиев премьер-министр Сапар Исаковго кайрылып, жабырлануучуларды акысыз медициналык кароодөн өткөрүп туруу боюнча катка жооп болбой жатканын айтты. “Бүгүн биз бул жерде сизден жакшы жаңылык угабыз деп кубанып келгенбиз. Бирок андай болгон жок. Ушул жылдын февраль айында президентке да кайрылуу кат жолдогонбуз. Жабырлануучулардын... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги Аксы жана Апрел окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюп, куран окуду. Аксы окуясынын курмандыктары окуя болгон Аксынын Боспиек айылында да эскерилүүдө. Бул иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү эл катышып жатат.
Финляндия - дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө. Мындай жыйынтык 14-мартта жарыяланган Бириккен Улуттар Уюмунун “Дүйнөлүк бактылуулук индекси” боюнча баяндамада айтылат. Дүйнөнүн бактылуу адамдар жашаган өлкөлөрүнүн сап башында Норвегия менен Дания да турат. Ал эми бул индексте 156 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 90-орунга илинген.
Бүгүн Баяман Эркинбаев тирүү болгондо 51 жашка чыкмак
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.