123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 11.03.2018

Ле Пен "Улуттук Фронттун" төрайымы бойдон калды

Azattyk.org 

11-мартта Францияда оңчул "Улуттук Фронт" партиясынын төрагалыгына атаандашсыз шайлоо өтүп, анда партиянын учурдагы лидери Марин Ле Пен кайра бекитилди. Жаңылануу урааны менен Лиллде өтүп жаткан бул съездде Ле Пен 100 пайызга жакын колдоо тапты. Жыйында Марин Ле Пендин атасы, партиянын негиздөөчүсү Жан-Мари Ле Пенге берилген "Ардактуу төрага" деген наам жоюлду. Жаңылануу катары каралган сунуштардын дагы бири – партиянын атын Улуттук Жыйын деп өзгөртүү. Партиянын ардагери Жан-Мари Ле Пен кызынын бул сунушун кескин сындаган.

Пентагон Асадга химиялык курал колдонуудан оолак болуусун эскертти

Azattyk.org 

АКШнын коргонуу министри Жим Мэттис 11-мартта Оманга болгон сапарында журналисттерге “Сирия бийлиги ууландыруучу газды колдонсо, бул абдан акылсыз аракет болот” деп билдирди. Ал Москванын Дамаскты колдоп жатканына нааразы экенин да кошумчалады. Буга чейин президент Асад Чыгыш Гутадагы козголоңчуларга каршы уулуу хлор газын колдонгону айтылган. Сирия өкмөтү бул дооматтарды четке кагууда. Пентагондун башчысы Сирия өкмөтүнүн элге хлор газын колдонгону аныкталса, андан өч алуу аракети болорун айтып коркуткан жок. Читать дальше...

Иранда учак кулап, кеминде 11 киши набыт кетти.

Azattyk.org 

Ирандын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу уюмунун өкүлү Можтаба Халединин мамлекеттик каналга айтуусуна караганда, 11-мартта Бириккен Араб Эмирлигинен Стамбулду көздөй бараткан учак Ирандын Шахр-э-Корд аймагында тоого урунуп, өрттөнүп кеткен. Шахр-э-Корд Тегерандан 370 чакырым алыс, түштүк тарапта жайгашкан. Куткаруучулар кырсык болгон жакка баратканын Ирандагы мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги маалымдады.



Иранда учак кулап, кеминде 11 киши набыт кетти

Azattyk.org 

Ирандын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу уюмунун өкүлү Можтаба Халединин мамлекеттик каналга айтуусуна караганда, 11-мартта Бириккен Араб Эмирлигинен Стамбулду көздөй бараткан учак Ирандын Шахр-э-Корд аймагында тоого урунуп, өрттөнүп кеткен. Шахр-э-Корд Тегерандан 370 чакырым алыс, түштүк тарапта жайгашкан. Куткаруучулар кырсык болгон жакка баратканын Ирандагы мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги маалымдады.

Германияда күрттөр менен түрк бийлигинин колдоочулары кагылышты

Azattyk.org 

Дюссельдорф шаарынын аэропортунда орун алган бул кагылышууда бир нече адам жараат алды. Алардын арасында аэропорттун жүргүнчүлөрү жок экенин жергиликтүү полиция билдирди. Полиция кырдаалды жөнгө салыш үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду. Мындай кагылыштар түрк мигранттары жыш жашаган Германиянын бир нече жеринде катталды. Күрт жана түрк колдоочуларынын кагылыштарына түрк бийлигинин  Сириядагы күрттөр башкарган Африн шаарын көзөмөлгө алуу үчүн 20-январда жасаган аскерий операциясы себеп болду. Читать дальше...

Кубада Кастронун үй-бүлөсү жок башкаруунун башаты болгон шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

11-мартта Кубада парламенттик шайлоо өтүп, андан жеңген депутаттар апрелде жаңы өлкө башчысын тандашат. Бул кызматка 86 жаштагы Раул Кастро ат салышпай турганын билдирген. 1959-жылдан баштап Кубаны Фидел Кастро, андан кийин – 2006-жылдан бери – иниси Раул Кастро башкарып келген. Жаңы өлкө башчысы болот деп азыркы вице-президент Мигел Диас-Канел күтүлүп жатат. Кубанын жаңы парламентине ат салышкан талапкерлердин көпчүлүгү бийликтеги Коммунисттик партиянын мүчөлөрү жана жарымынан көбү аялдар.

Кубада парламенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

11-мартта Кубада өткөн парламенттик шайлоо жеңген депутаттар апрелде жаңы өлкө башчысын тандашат. Бул кызматка 86 жаштагы Раул Кастро ат салышпай турганын билдирген. 1959-жылдан баштап Кубаны Фидел Кастро, 2006-жылдан бери анын иниси Раул Кастро башкарып келген. Жаңы өлкө башчысы болот деп азыркы вице-президент Мигел Диас-Канел күтүлүп жатат. Кубанын жаңы парламентине ат салышкан талапкерлердин көпчүлүгү бийликтеги Коммунисттик партиянын мүчөлөрү жана жарымынан көбү аялдар.



Таштанды чыгарган жигитти ажал тооруп турат

Azattyk.org 

Оор илдетке чалдыккан Жеңишбек Касымовдун кесиби айдоочу. Ал операцияга жана ипотекага карызын төлөш үчүн күн сайын жумушка барат. Ага кесиптештери: Бишкектеги көчө шыпыргандар менен жүк ташыгандар айлыгынын жарымын беришкен. Бирок учурда керектүү сумманын төрттөн бир бөлүгү гана чогулду.

Орусия гипер ылдамдыкка ээ “Кинжал” ракетасын сынады

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги “Кинжал” ракетасын "МиГ-31" аскердик учагынын экипаждары атып көргөнүн жана сыноо ийгиликтүү жүргөнүн кабарлады. Министрлик өкүлдөрү жаңы орусиялык курал чексиз аралыкка уча аларын жана ракеталардан коргонуу системаларына кармалбай турганын билдирүүдө.  “Кинжал” ракеталык комплекси суудагы жана кургактагы техникаларды атууга ылайыкташтырылган деп айтылууда.  Орусиянын президенти Владимир Путин 1-мартта президенттик шайлоону утурлай жасаган жылдык кайрылуусунда Орусия... Читать дальше...

12-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

13-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, автожолдордо кар күрткүсү жана кар көчкү жүрүү коркунучу сакталат, айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 12-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында кээ бир райондорунда да жаан-чачын болот. Читать дальше...

Шаардык балдарга айыл жашоосун үйрөткөн этнолагер уюштурулат

Azattyk.org 

Быйыл жайында шаардык балдарга айылдын жашоосун, кыргыз элинин каада-салтын үйрөткөн этнолагер уюштурулат. “Айыл-CAMP” аттуу лагерди Бишкектеги “Интеллект” окуу борбору SEAR эл аралык психологиялык борбору менен чогуу өткөрөт. “Интеллекттин” негиздөөчүсү Жакшылык Матановдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, лагерь Чүйдүн Кемин өрөөнүндөгү Тар-Суу айылында болот. Ага шаарда чоңойгон 300 бала катышат. Жеткинчектер июнь, июль, август айларында кезек менен барып, жети күндөн эс алып, салт-санааларды үйрөнүшөт. Читать дальше...

Кытай лидери Цзинпин бийликте каалашынча иштей турган болду

Azattyk.org 

Бүткүл Кытай эл өкүлдөрүнүн жыйыны Кытай эл республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин ыйгарым укуктарын чектөөнү алып салуу чечимин бекитти. Конституцияга киргизилген өзгөртүү 11-мартта Пекиндеги жылдык жыйында кабыл алынды. Курултайда үч миңдей делегаттын экөө гана каршы чыккан, дагы үчөө карманып коюшкан. Натыйжада чечим дээрлик бир добуштан кабыл алынган. Бул чечим Цзинпинге кызматта белгисиз мөөнөткө чейин иштөөсүнө укук берет. Кытайда президенттин бийлигин 10 жылдан ашырбоо жобосу Дэн Сяопиндин учурунда, 1982-жылы кабыл алынган. Читать дальше...

Бишкекте китеп жармаңкеси өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы "Букингем" дүкөнүндө китеп жармаңкеси өтүп жатат. Бул тууралуу дүкөндүн кызматкерлери кабарлашты. Он миңдей китеп коюлган иш-чарага келгендердин саны көп, чакан имараттын ичи тыгын болуп жатат. Китептердин наркы 10 сомдон 700 сомго чейин сатылып жатат. Иш-чара бүгүн кеч 21:00гө чейин уланат.  Аталган дүкөн китеп жармаңкесин эки жылдан бери жазда жана күздө өткөрүп келет. Шаардыктар дүкөнгө китептерин алып келип, баа коюп беришет. Дүкөн китепти сатуудан түшкөн каражаттын 20% алып калат. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш беш жылда 4 миллиард сомго жакын акча коротту

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 2013-жылдын январь айынан 2018-жылдын март айына чейин өзүн каржылоого 3 млрд. 756 млн. 578 сом коротту. Бул тууралуу “Ачык-айкын бюджет” порталында жарыяланды. Бул сумманын басымдуу бөлүгү - 2 млрд. 605 млн. 929 миң сом депутаттардын, парламенттин аппаратынын жана кошумча жалданган кызматкерлердин маянасына жумшалган. Анын ичине негизги айлык, ага кошумча акча, компенсациялар жана башка каражаттар кирет. Жогорку Кеңеш мындан сырткары 399 млн. 999 миң сом Социалдык фондго төлөгөн, 117 млн. Читать дальше...

Барак менен Мишелдин сүрөтү музейге коюлду

Azattyk.org 

Вашингтондогу Улуттук портрет галереясы АКШнын биринчи ынды кара президенти Барак Обама жана анын жубайы Мишел Обаманын портрети менен толукталды. Бул эки сүрөт АКШ президенттеринин расмий портреттерин тартуу салтына чоң жаңылык киргизди.

Согуштан кайтпай калган жоокердин изи

Azattyk.org 

Нарын шаарынын тургуну Улан Мусаев Улуу Ата мекендик согушка барып, дайыны чыкпай калган чоң атасынын изин Калининград облусунун аймагынан тапкан. Эми ал кеч болсо да чоң атасынын сөөгү коюлган жерге барып келүүнү кыялданып жаткан учуру.

Бишкекте 1464 килограммдык бешбармак жасалды

Azattyk.org 

Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 килограмм, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык" радиосуна билдирди. Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурду.


Музыкальные новости
Александр Градский

Вдова Градского рассказала, что композитор ценил Кунгурова как профессионала





Персональные новости
#123ru.net

Алижон Холов (W1tch1337) – Интервью, история карьеры музыка и сотрудничество.





Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 225-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Көчкү бүгүн түш ченде, саат 12:00дөн өткөндө жүргөн. Көлөмү болжол менен 1200 метр куб деп саналууда. Жолду тазалоого №23 жолду тейлөө ишканасынын эки жүктөгүчү, бир грейдери жана бир “Хово” үлгүсүндөгү автоунаасы тартылып, кар тазаланып жатат. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Министрликтен кабарлашкандай, Бишкек-Ош унаа жолунда... Читать дальше...

Бишкекте ишкерликке байланыштуу жаштар форуму башталды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында “YouthSpeak & Pre-Competition” аттуу масштабдуу жаштар форуму башталды. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Enactus жана AIESEC эл аралык уюмдарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнөн кабарлашты. Бул платформада Кыргызстандын аймактарындагы жаштардын, бейөкмөт уюмдардын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн 650дөй адам чогулду. Алар бүгүн өлкөдөгү инновациялык көрүнүштөрдү жана реалдуу жагдайларды талкуулап жатышат. Мындан сырткары ЖОЖдон келген командалар Enactus форматында жарыш өткөрүп... Читать дальше...

WEF чемпиону Пазылов: Ариетти утуп алаарыма мурда эле көзүм жетчү

Sputnik Кыргызстан (sport) 

6-мартта кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 11 турниринин алкагында кыргызстандык Ариет Бекишов чемпиондук курун коргоо үчүн Мырзамидин Пазыловго каршы чыккан. Бирок Ариет наамын 2:0 эсебинде атаандашына алдырып жиберген.

Гиннес рекорду үчүн даярдалган бешбармак 1464 килограммга жетти

Azattyk.org 

Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 кг, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык" радиосуна билдирди. Иш-чараны уюштуруучулардын дагы бири Жамалбек Ырсалиев бул Гиннес китебинин мурдагы рекорддорунан ашып түшкөнүн, бардык талаптарды аткаруу менен даярдалган тамактар китепке киргизилет деп кабарлады. Бишкектин “Аю Grand Comfort” соода жайында өткөн саамалыкка Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрү да катышып жатканы кабарланган... Читать дальше...

Эл артисти Ашыр Чокубаев каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Эл артисти Ашыр Чокубаев бүгүн, 11-мартта каза болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты. Актер бир топ спектаклдерде жана фильмдерде роль жараткан. Ал “Ак илбирстин тукуму” тасмасында Касендин образы жана “Курманжан датка” фильминде Бухаранын эмири Музаффардын ролу менен көбүрөөк таанымал. Чокубаев мындан сырткары Казакстандын “Аманат”, “Китеп”, Көчмөндөр” жана башка ондогон фильмдерине тартылган. “Азаттык” радиосу Ашыр Чокубаевдин жакындарына көңүл айтуу менен, кайгысын тең бөлүшөт. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Праздник космических масштабов: ММА для каждого


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Касаткина вошла в десятку Чемпионской гонки WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Сбер собирает волонтёров на весенние «Чистые игры»





Путин в России и мире
Москва

Эксперт: Путин запустит массовую чистку элиты только в одном случае


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск: Дан старт очередному совместному космическому проекту




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленского выпороли ультиматумом: США жестко ответили на наглость и поучения Киева


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Филипп Киркоров

Все в месте: Пригожин в кроссовках от Киркорова, Сосо на сцене с сыном



Москва

В Москве мужчина погиб после наезда на него двух такси

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net