"Facebook" миллиарддардан кол жууду
Британиялык "Cambridge Analytica" консалтинг компаниясына "50 миллиондой "Facebook" колдонуучусунун жеке маалыматтарын кыянат колдонгон" деген кине тагылууда. Анын президент Доналд Трамптын үгүт ишине катышканы чууну ого бетер күчөттү. Кабар тарагандан бери "Facebook" ондогон миллиарддарынан айрылды.