Аялдар түрмөсүндө чоңоюп жаткан жети бала бар
Алардын айрымдары түрмөдө төрөлүшкөн, кээ бирлери энеси менен кошо абакка келген. Бул тууралуу №2 аялдар абагынын башчысы Амангазы Искендеров журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, балдар үч жашка чыкканда аларды туугандары алып кетишет. Ага чейин балалуу аялдар башка аялдардан өзүнчө кармалышат.
Укук коргоочулар Кыргызстандын Кылмыш процессуалдык кодекси боюнча, сот тарабынан эркинен ажыратылган аялдар баласы 14 жашка чыкканча жаза өтөөдөн убактылуу бошотуларын белгилеп келишет.(ZKo)