Кыргыз жана жапон артисттери "Достук концертин" коюшат
Бишкекте кыргыз жана жапон артисттери "Достук концертин" тартуулашат. Улуттук ыр-күүлөрдөн турган маданий иш-чара 11-мартта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Бул тууралуу Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Концерт Бишкек менен Токионун ортосунда дипломатиялык алаканын орнотулганына 25 жыл толгонуна байланыштуу өткөрүлөт. Аны жапон элчилиги, Мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү боюнча кыргыз-жапон борбору, Улуттук филармония жана Жапон фонду уюштурууда.