Тажик-өзбек чек арасындагы "Гүлбахор" бекети ачылды
7-мартта Тажикстандын Хатлон жана Өзбекстандын Сурхандарья облустарын байланыштырган "Гүлбахор" көзөмөл өткөрүү бекети ачылды. Тажикстандын түштүгүндөгү негизги жолдордун биринде жайгашкан бекет 2012-жылы жабылган.
Өткөрүү бекеттин ачылуу аземине чет өлкөлүк жана жеке маалымат каражаттардын журналисттери катыштырылган жок.
Чек арачылардын айтымдарында, "Гүлбахор" бекети жөнөкөйлөтүлгөн тартипте иштейт – чек арага жакын жашаган жарандар коңшу өлкөдө расмий чакыруусуз жана туугандарынын телеграммасысыз беш сутка жүрө алышат.
1-марттан тарта тажик-өзбек чек арасындагы бир нече көзөмөл өткөрүү бекет ачылган. Алардын бири Өзбекстандын Бекабад шаары менен чектешкен Спитаменск районундагы «Хаштьяк» бекети. Ал Хожент шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан жана андан Ташкентке чейин унаа менен эки сааттын ичинде жетүүгө болот. Ошол эле күнү Өзбекстандын Самарканд облусу менен чектешкен Пенжикент районундагы «Саразм-Жартепа», ошондой эле «Кушкент» жана «Учтурган» бекеттери ачылган.
Көзөмөл өткөрүү бекеттер Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга алгачкы расмий сапарынын алдында ачылууда. Өзбек лидери Душанбеге 9-10-март күндөрү барат.