Франциядагы тибеттиктер Кытайдагы куугунтукту токтотууну талап кылышты
Кытайдын лидери Си Цзинпин 25-мартта Парижге сапар менен келген маалда Эйфел мунарасына жакын жерге жүздөгөн демонстрант чогулду. Алар француз президенти Эммануэл Макронду Кытай лидери Си Цзинпин менен сүйлөшүүлөрдө Шинжаңдагы аз улуттардын укугун коргоп, алардын муң-зарын кытай бийлигине жеткирүүгө чакырышты.
"Биз Кытай президентинин Францияга келгенине байланыштуу тынч жыйынга чогулдук. Кытайдын баскынчылыгында калган тибеттиктердин азаптуу жашоосун билдирип чыктык. Биз президент Макрондон президент Си Цзинпин менен жолукканда Тибеттин маселесин көтөрүүнү өтүнөбүз"- деди Франциядагы тибет диаспорасынын лидери Саптен Гиацо.
Си Цзинпин менен Эммануэл Макрондун жолугушуусу 25-мартта Парижде өтүп, тараптар кытай- француз кызматташтыгын жаңы деңгээлде улантууну макулдашты.
Шинжаңдагы жапырт кармалып, камакка алынган улуттук азчылыктар тууралуу маалымат тарагандан бери Бээжин эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.
БУУ «саясий тарбиялоочу лагерлерде» бир миллиондой адам кармалганын, алардын көбү мусулмандар экени тууралуу маалымат бардыгын билдирген.
Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда уйгурлардан тышкары кыргыз-казактар да кысымга кабылганы айтылып келет. Казакстандагы "Ата Журт ыктыярчылары" уюмунун жана Кыргызстандагы "Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитетинин" маалыматына караганда, Шинжаңдагы лагерлерде 50 миңдей кыргыз улутундагы жаран отурат. Ал эми кармалган казак тектүү жарандардын саны 500-700 миңдин тегерегинде. Бээжин бир нече мамлекеттин дипломаттарын жана журналисттерди Шинжаңга чакырып, өз дарегине айтылган сындарды четке кагып келет. Лагерлерди жарандарды кесипке үйрөтүүчү жайлар катары мүнөздөгөн.
"Ата Журт ыктыярчылары" уюму Кытайда бир гана мусулмандарга кысым көрсөтүлөт деген маалымат туура эместигин, ал жакта башка диндин өкүлдөрүн да куугунтуктоо учуру көп экенин билдирген.