Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Азчылыкка асылгандар караңгылыкка жетелейт

0
Азчылыкка асылгандар караңгылыкка жетелейт

“Диндин басып өткөн тарыхын карагыла, ал бизге эмне берди? Алардын бардык жердеги терс аяктыгынан жер үстүндө өлүктөр жайнап, кара жер кан жутту, шаарлар өрттөлдү, канча өлкөлөр ойрондолду, бирок дин адам баласын асылдандыра алган жок”.

Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ (1715-1771), француз философу

Аргаң жок күлөсүң таксырларга. Коомчулукта ЛГБТ көйгөйү көтөрүлдү эле, селдечендер жер сабаган тукурукту баштады.

Чубак ажы Жалилову чыкты гейлерди өлтүрүүгө чакырык таштап. Феминисттер уюштурган акция ушунчалык шаштысын алган экен, тезинен муну коомчулукка жайылткыла, депутаттарга талап койгула, атайы мыйзам кабыл алсын таризинде “Марал” радиосу аркалуу этегин желпип ээликти. Асыресе элди дүрбөтө турган маанайды жаратуу үчүн сабыры түгөнгөндөй карбаластап, бул кабарды элге кеңири жайылтууга далбас уруп жатат.

Селдечендерди жандаган төкмө ырчы Жеңишбек Жумакадыр чыкты Манастын намыстуу урпактарын каптап келаткан "селдин" алдын тосууга чакырып. Үрөйү учуп, үнү титиреп калыптыр анын да. Ага удаа эле Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев чыкты ЛГБТ коомго жайыла турган вирус экенине кепилдик берчү билерман кейиптенип. Диний коомчулуктун рухий лидери саналган муфтийдин мындай дөдөмөлүнө бырс этип күлгөндөн башка арга болбоду. Күлүп алдык. 

Дүйнөдөгү кайсы фактынын негизине таянып ЛГБТ коомго вирус катары жайыларына чачы үрпөйдү экен, айтор, муфтияттын жетекчиси түркөй түшүнүгүнөн шилекейин аяган жок. Анын чочулоосуна ишенген кишилер – ЛГБТ мүчөлөрү чуманын вирусундай коркунуч жаратат имиш. Элестетип көрүңүз, бирди-жарым гейден эле массага вирус таркап кетерин. 

Йе, Алла деп жакаңды уучтайсың "робот таксырлардын" өктөм чакырыгына. Жер каймактагандан бери келаткан ЛГБТ дүйнө жүзүндө эбак пайда болгонун токтотууга Жараткандын күчү жетсе кана?! Эзелтен эле кудуреттүү Алланын күчү жетип токтото албаган ЛГБТ пенделеринин укугун эми кайсы диний аалым токтото алмак?! 

Караңгылык түшүнүктөн караган диний чөйрөнүн өкүлдөрү кантип эми Кудайдын кудуретине каршы чыгат? Жараткандын кудурети менен жаралып калган кулпенделердин өмүрүн кыйып коюуга чакырык таштоонун өзү молдокелерге күнөө эмеспи?!

Керек болсо гейлердин өмүрүн кыйып коюу Чубак Жалилов үчүн Кудай алдындагы пайдалуу иш экенин караламан калкка кулактандыруу кылып койгонунун өзү эмнени туюнтат?! 

Же эмне бири – лесбиянка, бири – гей, бири – бисексуал, бири – трансгендер адам урпактары Эзоптун тамсилиндеги Зевстин ылайдан жасап койгон адамдары бекен?! Дегеле ЛГБТ пенделерин ким жараткан? Албетте, Кудай таала! Анан эми ошол Кудай тааланын эркине Чубак ажы каршы чыккандай ким өзү?! Ух, түркөйлүктүн түбү каякта жатат?!

Улутчулдар менен таксырлар – демократиянын тормозу 

Агартуу доорунун ири өкүлү, улуу ойчул Дени Дидронун маңдайга матагандай айтылган накыл кеби бар: “Философтор да, дин өкүлдөрү да көп учурда бири-бирине карышып каршы чыгат, бирок ушунча болуп философтор бир дагы дин өкүлүн өлүмгө кириптер кылган жок, а дин өкүлдөрү канчалаган философтордун канына забын болушту”. 

Ойлоп көрүңүзчү, бурадар! Кайсыл алты саны аман-соо адам баласы гей же лесбиянка болгусу келип эле жыныстык кумар үчүн башка бирөөгө өзүнүн шымын өзү шыпырып берет? Адамдын акылына сыябы ушул жосун? Гей же лесбиянка болуп көрүш үчүн эле бирөө-жарымды өз ыктыяры менен көндүрүүгө мүмкүнбү? Жок! Бул эч кандай эксперимент кылып көрө турган тамаша эмес.

Ал тургай ушул ойдун өзүнөн өнө боюң титирейт, үрөйүң үркөт. Андай тагдырды гейлер менен лесбиянка өкүлдөрүнө Жараткан күч буюрат экен, анан эми ошол табиятка моюн сунуп, ким эле өз ыкыласы менен эркек эркекке, аял аялга бой сунуп, коюнга сүңгүйт?! Молдокелердин чолок логикасын ээрчисек, кеп учугу ушуга барып такалат го.

Адатта биз экстремисттердин канына забын окуяларынан жакабызды уучтап келебиз. Ал эми диний таксырлардын ЛГБТ коомундагы бейкүнөө адамдардын өмүрүнө кол салууга чакырык таштаганын экстремисттик топтогу канкорлордун аракеттеринен эмне айырмасы бар?!

Жаалданган топтордон жалтактаган парламентти кошо ЛГБТ мүчөлөрүнө каршы мыйзам токуй салууга үндөгөн робот таксырлардын мындай аракеттеринен улам Клод Андриан Гельвецийдин накылы да аргасыз ойго келет. Гельвецийдин аныктамасына келсек, ал айтат: “Ар кандай диний догмат – бул адамдар ортосундагы чыр-чатак жана кылмыштардын түйүлдүгү”. Мына ушул түйүлдүккө Чубак ажы Жалилов ачыктан ачык чакырык таштады, бурадар!.. 

Ал эми феминисттик көз караштагылардын акциясынан кийинки окуядан соң Жогорку Кеңештин позициясын көрдүк. Бул темадан оолак качуудан башкага жарабады мыйзам институту саналган парламентибиз. Мындай темага алардын тили келбейт экен, тиштери өтпөйт экен. Көрдүк. Күлдүк. 

Жалпысынан – "кырк чорочулар", диний таксырлар, депутаттар жана улутчул маанайдагы түркөйлөрдүн түшүнүгү менен карасак, мындай көрүнүш, мындай коркунучтун баары сырттан келген имиш. Йе айланайындар, сырттан ким эле кыргыздын кыз-келиндеринин жатынына өз уругун сээп кетиптир деген суроо койгум бар... 

Ошол сырттан уругун сээп кеткендерден туулуп атыптырбы ЛГБТ мүчөлөрү? Жок! Көрсө мага окшогон кыргыз урпагынан деле трансгендер туулуп калат экен? Мен эми өз канымдан жаралган баламдан жаа бою качат белем?! Менин балама окшоп туулуп калган ЛГБТ коомундагы жаштар деле кыргыз улутунун тукумдары. Ошон үчүн алардын укугун коргоп чыккандарга эмнеге Батыштын агенттери деген жарлык тагылышы керек?!

Тек гана бизге мындай түшүнүктөр демократия шарданы менен кошо келгенин аңдоого кудуретибиз жетпей атканынан улам түркөйлөрдүн өктөмдүү добушу басымдуулук кылып жаткан жокпу?! Мына, коңшу өлкөлөргө карайлы. Аларда демократия баалуулуктары басырылып жаткан үчүн гана ЛГБТ өкүлдөрү баш көтөрүп чыга алышпайт. 

Болбосо ушул эле кылкылдаган кытайдын арасында гейлер менен лесбиянкалар таптакыр жок дегенге мүмкүнбү? Адамзат тарыхында ЛГБТ феномени эч бир улутту, эч бир өлкөнү, эч бир расаны кыйгап өтүп кеткен эмес. Агер мага ишенбесе Максат Токтомушев менен Чубак Жалилов исламдагы шариятты эле аңтарбастан, бардык мусулман элдеринин тарыхын аңтарып көрүшсүн, экөөнүн тең алласы оозунан ыргыйт. Болбосо бул темага мурундарын тыкпасын.

Тек бул экөө тең антропология илиминен кабары жок үчүн ЛГБТ чөйрөсүндөгүлөр вирус оорусундай коркунуч жаратат деп жер сабай беришпесин. Алардын жер сабаган өкүрүгүнөн эле – жер силкинип, асман аңтарылып калбайт.  

Жаалданган топтордон жалтактаган парламент

Арийне, депутаттардын бул теманы ачык талкууга салуудан чочулай турган бир гана себеби бар. Ал – кийинки жылкы шайлоо өнөктүгү. Ошол шайлоо үгүтүнүн алдында электораттан кол жууп калам деген коркунуч баарынын башында туру. Мансаптын кулу болуп калган парламент өкүлдөрү бул маселени ачык талкууга салбаганы мындан башканы айттырбайт.

Өздөрүн бузуку коомдун үгүтчүсү болуп калуудан оолак кармоонун гана аргасы деп түшүнсөк болот муну. Ошол себептен бул темага бири диний аспектиден караса, бири улуттук менталитеттин рамкасынан арыны карай талдоого дараметтери жетпеди. 

Аныгында, “күндүзү кымыз, түнү кыз, күжүлдөгөн эр кыргыз” урпактары оозеки чыгармачылык өнөр, жөө жомок менен жашап келген эл экенибизди да унутпайлы. Жазма маданиятыбыз алигиче толук калыптанбай; улуттук медицина илимибиз кагаз түрүндө жазылып калбаган калк экенбиз, мүмкүн ошол себептен улам Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзаларыбыз кайсы жыныстык топтун мүчөсү экенине аныктама бербей келген жокпузбу? Эпаада, “кызтеке”, “кумса” деген түшүнүктөр биздин эне тилибизге кайдан келип кирди экен – муну ойлондукпу? 

Андыктан илимден эми гана кабардар болуп жатканыбыздан улам, терминдик түшүнүктөрдү терең аңдабай туруп, жок, биздин ата-бабаларда болуп көрбөгөн мындай шумдукту пропагандалоого жол бербейбиз деп кыйкырык салган кызуу кандуу псевдопатриоттор да улутка кир жугузгусу келбеген чайкоочулуктарын токтотсун! 

Эрдиги бар, эси жок андайлардын ээлигүүсү менен канчалаган кыргыз урпактары суицид кылууда? Канчалаган ата-энелер өз өмүрүн кыйган уул-кыздарынын арман-муңун туйбай, билбей калууда?! 

Агер мен да өз уулумдун ички туюмуна түшүнгүм келбей, аталык өзүмчүл өктөмдүгүмө салып, “жок, сен кыз болуп төрөлгөнсүң, кыз бойдон өтөсүң!” деген түшүнүккө гана байланган болсом, мүмкүн менин балам да өз жанын кыюуга аргасыз болот беле – буга чала молдолордун же кырк чоронун атына жамынган жармач патриоттордун кимиси так тесе жооп бере алат?!

Биз эми 21-кылымда ошого жол беришибиз керекпи? Канчалаган жаштардын өлүмүнө себеп болгон окуялардын түйүнүн издөөнүн ордуна, биз кайра “жок буларды коомдон четтетип, керек болсо өлтүрүп салуу кудайга пайдалуу иш” деген чала молдолор менен жарма патриоттордун чакырыгын ээрчишибиз керекпи?! Кудайга да жакпаган, Баш мыйзамга каршы келген мындай караңгылыкка жол бербешибиз керек! 

Олжобай ШАКИР

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о планах развития туризма к 2030 году


Спорт в России и мире
Москва

Личка — о самой дорогой покупке в Москве: два дня назад решил купить самокат за 60 тысяч рублей


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга





Путин в России и мире
Москва

Дугин в интервью Такеру Карлсону: "Путин — это традиционный лидер"


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ



Москва

Виктория Боня показала новую прическу с нарощенными волосами за миллион рублей

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net