Өмүрдү сактап, сыйга татыган Акылбек
Москвада короо тазалап иштеген Акылбек Нарматов 21-февралда өрттөн эки адамды куткарган. 17 жылдан бери Орусияда миграцияда жүргөн мекендешти эми өзү тазалаган короодогулардын баары тааныйт. Айрымдары аны "Баатыр" деп чакырышат. Акылбектин эрдигин баалаган жетекчилиги 15 миң рубль сыйлык берген.