Жалпы өлкө боюнча үч айлык ишембилик өнөктүгү башталды
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жарлыгы боюнча, бул өнөктүк алкагында 1-марттан 31-майга чейин айлана-чөйрөнү тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Бул иш-чарага өлкөнүн бардык айыл-кыштак, шаарлары тартылат. Анын алкагында көчөлөрдү жана короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди жүргүзүү, мамлекеттик мекемелерди жана турак жайлардын тышкы көрүнүшүн жана айланасын оңдоо, түнкү чырактарды калыбына келтирүү жана орнотуу, айыл-кыштактарга жана шаарларга бак-дарак тигип, гүл отургузуу, муниципалдык жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Айлана-чөйрөнү тазалоо жана жашылдандыруу өнөктүгү социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу максатында жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан маалымдашты. (ZKo)