29.04.2021: Баткендеги соңку кырдаал
Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон турат. 28-29-апрелде болгон кагылышууларда үч жаран каза болду, 84 киши жараат алды. Каза болгондордун бирөө Лейлек районунан, 2008-жылы төрөлгөн кыз. Ал Баткен шаарындагы ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөнү маалым болду. Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм кыз октон алган жараатынан көз жумганын бышыктады.
Тажикстандын чек ара мекемеси жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.