Саат 18:00гө карата 1 миллиондон ашуун шайлоочу добуш берди
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат 18:00гө карата 1 миллиондон ашык адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңешке 1 024 891, референдумга 1 061 591 киши келди.
Шаардык кеңештерге 303 176 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 28,89% түздү.
Ал эми айылдык кеңештер үчүн 721 715 адам добуш берди. Бул - жалпы шайлоочулардын 31,81 пайызы.
Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 29,44% жетти. Башкача айтканда, 1 061 591 киши добуш берүүгө келди.
Референдум үчүн 3 606 201 киши, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 3 318 130 шайлоочу катталган.
11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)