Баштапкы жыйынтык: Референдумду шайлоочулардын 75,80% колдоду
БШКнын 11-апрель, саат 20:00ге карата берген баштапкы маалыматына ылайык, Конституциянын жаңы редакциясын колдоп 543 270 шайлоочу добуш берди.
Ал эми 92 836 (12,95%) шайлоочу Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон эмес.
Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүү өлкөнүн бардык аймактарында, 2 435 шайлоо участогунда жүрдү. Ошондой эле өлкөдөн тышкары чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкесинде да референдумга добуш берүү болду.
Саат сегизге карата айрым чет өлкөлөрдөгү участокторду эске албаганда, бардык добушканаларда шайлоо аяктады.
Бүгүн, 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоо менен кошо президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлду.(ZKo)