Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Министрлик: Ооруп айыккандарга эмдөө кереги жок деген туура эмес

0
Министрлик: Ооруп айыккандарга эмдөө кереги жок деген туура эмес

Коронавирус күчөп жаткандыктан Бишкек шаары "кызыл зонага" киргизилди. Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги ооруп айыккандар эмдөөдөн өтпөй деле койсо болот деген сөздөргө ишенбөөгө чакырууда. Кыргызстанда вакцинация башталганына бир аптадан ашса да эмделгендер аз болууда.

Илдет күчөп жатканын айткан Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, эпидемиолог Зуридин Нурматов Бишкек шаары "кызыл зонага" киргизилгенин билдирди.

“Үч күндөн бери Бишкек шаары "кызыл зонада" турат. Чүй аймагы "сары зонага" кирип калды. Калган региондордо абал дурус”.

Министрлик илдетке чалдыккан адам өзү жүргөн чөйрөсүндө канча адамга жугузду деген көрсөткүч менен өлчөп турат. Эгерде бир адам 50дөн ашык адамга жугузган болсо ал аймак "кызыл зонага" өтөт.

Эки айдан бери коронавирус менен ооруган адам боло элек Талас облусунда да илдет жугузган адам 5-апрелде катталды.

Республикалык ыкчам штабдын 5-апрелдеги маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда илдет дагы 139 кишиден аныкталып, бир адам каза тапты. Ал эми бир күн мурда илдеттен төрт адам көз жумган.

Ооруканада 648 адам бул вирус менен алышып жатат. 34 бейтап өтө оор абалда.

Ал арада Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги COVID-19 менен ооруп айыккандардын антителосу канча сакталары белгисиз экенин белгилеп, алар вирусту кайрадан жуктуруп алышы мүмкүндүгүн эскертти. Министрлик “Фейсбуктагы” баракчасына “коронавирус менен ооруп айыккандар үчүн эмдөө зарыл эмес” деген мазмундагы сөздөрдү четке какты.

 

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөө министрлик пландагандай жүрбөй жатат. Сегиз күндө 545 адам гана эмдөөдөн өттү. Буга чейин 15-апрелге чейин 75 миң адам эмдөөдөн өтөөрү пландалган.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, эмдөө ыргагынын жай болуп жатканына Тышкы иштер министрлигинин кызматкеринин өлүмү боюнча тараган туура эмес маалымат таасирин тийгизди.

“Баялинова айткан сөздөрдөн кийин жума күнү токтоп калбадыбы. Эл ойлонуп, кооптонуп калды. Ишемби күнү көп жасаган жокпуз. Бүгүнкү күнү эмдөөдөн өткөндөр 545 адам болду”.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары, 39 жаштагы Бахтияр Шакиров кытай вакцинасын сайдырып каза болуп калыптыр деп жазып чыккан саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова туура эмес маалымат таратканын моюнга алууда.

“Өзүм жаш пиаршиктерди, мамлекеттик кызматтардын басма сөз кызматкерлерин окутуп, ката кетирбегиле деп үйрөтүп келип, өзүм ошол катаны кетирип алдым. Менин катам - эмоцияга алдырып, жакын адамдарыма ишенгеним”.

Елена Баялинова тараткан маалымат боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги да атайын билдирүү жасаган. Элчилик "жалган маалымат тараткандар эки элдин достук мамилесине көлөкө гана түшүрбөстөн, маркумга да сөз тийгизүүдө" деп билдирген.

Кыргызстанда эмдөөгө Кытайдын "SinoPharm" компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри 15-20-апрелге чейин 75 миң адамды эмдеп үлгүрөбүз деп турган. Бирок, акыркы окуялардын таасиринен жана аба ырайынан улам эмдөө шар кетпей турат.

 

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова буларды айтты:

“Үч жумада бүтүрөбүз деп пландаганбыз. Биз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан сунуштама алдык, кечээ Копенгагендеги бизди тейлеген техникалык эксперттер менен сүйлөштүм. "Шашпай, апрелдин аягына чейин эмдегиле" деди”.

Медицина кызматкери, блогер Эрмек Исмаилов эмдөөнү улуттук деңгээлде өткөрүү үчүн мамлекет башчылары эмөөдөн өтүп үлгү көрсөтүшү керек болчу деген пикирде.

“Биздин лидерлер үлгү болуп, эмдөөдөн өтпөгөндөн кийин карапайым эл аларды карап, алар деле албайбыз деген маанайда болуп жатышат. Азыр эми 75 миң адамга апрель айында берип бүтө албаса керек деген ой бар. Вакцина тууралуу маалымат таратуу саясаты да абдан начар болуп жатат”.

Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөй турганы белгилүү болгон. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровдун антителосу бар экендигин, мындан улам эмдөөдөн өтпөсө болорун айткан.

Ошондой эле премьер-министр Улукбек Марипов да коронавируска каршы эмдөөдөн азырынча өтпөйт. Өкмөт Мариповдун эмделбешин антителосу бардыгы менен түшүндүрүп, алгач медицина кызматкерлери, аскер кызматкерлери, мугалимдер алышы керек деген.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 26-мартта журналисттин "Коронавируска кашы эмдөөдөн өтөсүзбү?" деген суроосун жоопсуз калтырган.

Ошол эле маалда чет мамлекеттерде өлкө башчылары коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп, жалпы элин вакцина алууга чакырууда. Орусиянын президенти Владимир Путин 23-мартта журналисттерсиз эмдөөдөн өткөнүн басма сөз катчысы жарыялаган.

Касым-Жоомарт Токаев коронавируска каршы Казакстанда өндүрүлгөн QazCovid-in вакцинасы даяр болгондо эмдөөдөн өтөрүн билдирген. Ал 1-апрелде Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цойду эмдөө иштери кечеңдеп, эл арасында вакцина жөнүндө имиш-кептердин тарашына жол берилгенин, эч кандай маалыматтык саясат жүргүзүлбөй жатканын айтып сындады.

Коронавирус Кыргызстанда катталгандан бери жалпысынан бул оору 1507 адамдын өмүрүн кыйды. Вирусту 89 153 адам жуктуруп алды. Анын 85 миңден ашыгы сакайып чыкты.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, коронавирустун үчүнчү толкуну Кыргызстанда май-июнь айларында башталышы мүмкүн.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: В дома и соцобъекты Москвы будет возобновлена подача тепла


Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Рублёв поднимется на шестое место в рейтинге ATP после победы на «Мастерсе» в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

«Метриум»: Заповедные земли





Путин в России и мире
Москва

Собянин поздравил Путина со вступлением в должность президента России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: Минск не будет рисовать никаких линий, мгновенно ответит на агрессию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Булат Окуджава

Музыкальный спектакль и ужин от шеф-повара: в Зеленоградске отметят 100-летие Булата Окуджавы



Москва

Пентагон: США не видят признаков того, что Россия применит ядерное оружие

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net