Садыр Жапаровду түрмөдөн убактылуу чыгарыш үчүн кат жиберилди
Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун баласынын тажиясына катышуусуна уруксат суралып, президенттин атына жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кат жиберилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирип, өтүнүч 26-августта түштөн кийин жөнөтүлгөнүн айтты.
ЖАМКтын басма сөз катчысы эгер кат келсе, тийиштүү эрежелерге жараша каралып чыгарын маалымдады.
Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта болот.
Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалыматына караганда, ал 22-августтун кечинде Көк-Жар конушунда мотоциклде баратып, автоунааны сүзгөн. Жанындагы 20 жаштагы кыз да жабыркап, ооруканада жатат.
Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө жүрүүдө.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл алты айга кесилген.
Быйыл мартта апасы кайтыш болуп, барып топурак салууга уруксат берилген. (SE)