Волейбол: Азиянын аймактык чемпиону аталган курама команда Бишкекке кайтты
Волейбол боюнча Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону наамына татыган Кыргызстандын курама командасы Бишкеккке кайтып келди. Чемпиондорду тосуп алуу салтанаты «Манас» аэропортунда өттү.
Мелдештер Непалдын борбору Катманду шаарында өткөн. 24-августта финалдык беттеште Кыргызстан Өзбекстандын оюнчуларын 3:0 эсебинде жеңип чыккан.
Ага чейин Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 менен утуп, тайпалык баскычтарда Непал менен Мальдив аралдарынын өкүлдөрүн уткан.
Быйыл бешинчи жылы уюштурулган Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатына жети курама команда катышып, алар өз ара эки тайпага бөлүнүп ойноду.
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы бул чемпионатка алгач уюшулгандан бери катышып келатат.
Алгачкы жолу өткөн мелдеште Кыргызстан тайпалык мелдештерден өйдө чыкпай калган. 2016-жылы күмүш медаль тагынып, 2017-жылы чемпион болгон. 2018-жылы коло медалга татыган. (GT)